Йемендик хуситтер Израилдин Коргоо министрлигинин имаратына сокку урушканын билдиришти

Йемендин түндүгүн башкарган Ансар Аллах (хусийлер) кыймылы Палестина-2 ракетасы менен Тель-Авивдеги Израилдин Коргоо министрлигинин имаратына сокку жасаганын жарыялады.

“Биз оккупацияланган Яффада (Тель-Авив – ред.) Израилдин Коргоо министрлигине каршы гиперүндүү баллистикалык ракетанын жардамы менен аскердик операция жүргүздүк”, — деп кыймылдын Telegram каналындагы билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости агенттиги жазды.

Маалыматта сокку бутага тийип, тосмо системалары ракетаны токтото алган эместиги айтылат. Тель-Авивдеги операция акыркы 12 сааттын ичинде үчүнчү операция болду, деп кошумчалайт хуситтер.

“Ансар Аллах” кыймылы Йемендин Кызыл деңиз жээгинин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт.“Ансар Аллах” кыймылы Йемендин Кызыл деңиз жээгинин көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. Газа тилкесиндеги чыр-чатактын күчөшүнөн кийин “Ансар Аллах” кыймылы Палестина анклавындагы операция токтотулмайынча Израилдин аймагын аткылай турганын жана ага байланышкан кемелердин Кызыл деңиз менен Баб эл-Мандеб кысыгы аркылуу өткөрбөй турганын эскерткен. 2023-жылдын ноябрь айынан бери хуситтер Кызыл деңизде жана Аден булуңунда ондогон кемелерди аткылашкан.

Буга чейин хуситтердин аскерий өкүлү генерал Яхья Сария Израил Палестинага каршы агрессиясын жана Газа тилкесин блокадасын токтотмоюнча жөөт мамлекетине каршы аскердик операциялар улана турганын баса белгилеген.