Кремль Пезешкиандын Москвага боло турган расмий визити жөнүндө билдирди

Кремль Орусиянын президенти Владимир Путин 18-январь, жума күнү расмий сапар менен Москвага келе турган Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн жарыялады.

«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, Кремлдин шейшемби күнкү билдирүүсүндө, Путин менен Пезешкиандын жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн келечеги, анын ичинде соода жана инвестиция, транспорт-логистика, гуманитардык маселелер, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланышы күтүлүүдө.

Кремль кошумчалагандай, сүйлөшүүлөрдөн кийин Владимир Путин менен Масуд Пезешкиан Орусия менен Ирандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшат жана медиа өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришет.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министрлигинин өкүлү президенттин Орусияга сапары – Пезешкиан мырзанын Тажикстанга болгон иш сапарынан кийин дароо боло турган өтө маанилүү окуя экенин билдирген.