Израилдин чабуулдары Газадагы үй-бүлөлөрдүн 60%ын үй-жайсыз калтырды

Сионисттик режим Газа тилкеси менен кагылышуунун 465-күнүндө анклавдын тургундарына катуу чабуулдарын улантууда. Бул аракеттердин натыйжасында Газадагы үй-бүлөлөрдүн 60%га жакыны үйсүз калды.

«Eurasia Today» агенттигинин маалыматына ылайык, Газа коомдук иштер жана турак жай министрлигинин отчетуна караганда, Израил режиминин Газа тилкесиндеги согушунун натыйжасында палестиналык үй-бүлөлөрдүн 60 пайыздан ашыгы үй-жайсыз калды.

Отчет 2014-жылдагы 51 күндүк согуштун таасиринен бир нече эсе көп болгон турак жайлардын толук талкаланышынан келтирилген зыяндын көлөмүн баса белгилейт. Документте белгиленгендей, бул согуш келтирген кыйроолордун масштабы оперативдуу аракеттердин мүмкүнчүлүктөрүнөн ашып кетет.

Маалыматка ылайык, урандылардын көлөмү ондогон миллион тоннаны түзөт.