БУУнун Башкы катчысы Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотуу келишими берген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тилкедеги башкаруу жана коопсуздук маселелерин чечүү аракеттерин күчөтүүгө чакырды.
“Кечээ биринчи этаптын алкагында барымтага алынган алгачкы үч аял бошотулду. 90 палестиналык туткун да бошотулду. Бул алмашуу эки тараптын үй-бүлөлөрүнө жеңилдик алып келди”,- деди Антонио Гутерриш
Палестинанын бүтүндүгү
Антониу Гутерриш Палестина бийлиги Газада турукташтыруучу күчтүн ролун алууга даяр экенин билдирди. “Мен Газанын Батыш жээк менен саясий, экономикалык, социалдык жана административдик жактан кайра байланышына жол ача турган коопсуздук жана башкаруу механизмдерин түзүү үчүн жамааттык колдоого чакырам”,- деди ал.
Ошол эле учурда БУУнун башкатчысы Иордан дарыясынын Батыш жээгинде абалдын начарлоосу улантып жатканын өкүнүч менен белгиледи – ал жерде кагылышуулар, мыйзамсыз конуштарды кеңейтүү жана палестиналыктардын үйлөрүн бузуу уланууда.
Антонио Гутерриш: “Мен Палестинанын басып алынган Газа жана Батыш жээк аймагынын бүтүндүгүнө болгон экзистенциалдык коркунучка терең тынчсызданам”, – деди. – Израилдин жогорку даражалуу аткаминерлери жакынкы айларда Иордан дарыясынын Батыш жээгин толугу менен же бир бөлүгүн аннексиялоо зарылдыгы жөнүндө ачык айтып жатышат. Мындай ар кандай аннексия эл аралык укукту олуттуу бузуу болуп саналат. Жакынкы Чыгышта ырааттуулукту бекемдөө үчүн Израил менен Палестина ортосунда эки мамлекеттүү чечимге жетишүү үчүн иш-аракет керек экени анык”,- деди.
Газага жардам
Башкы катчы БУУ Газага гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү улантып жатканын баса белгиледи: кечээ эле тилкеге гуманитардык жүктөр менен 630дан ашык жүк ташуучу унаа келди.
Антонио Гутерреш гуманитардык уюмдар, анын ичинде БУУнун Палестиналык качкындарга жардам жана иш боюнча агенттиги (UNRWA) үчүн анклавга “тез, коопсуз жана тоскоолдуксуз” жетүү зарылдыгын баса белгиледи.
“Терең кайра куруулар мезгили”
Антониу Гутерриш өз сөзүндө Жакынкы Чыгышты белгисиздикке да, чоң мүмкүнчүлүктөргө да толгон “терең трансформация мезгилин” баштан кечирип жаткан аймак катары сыпаттады. “Биз Жакынкы Чыгыштын элдери бул коогалаңдуу мезгилден тынчтык, татыктуулук жана жакшы келечекке үмүт менен чыгышын камсыз кылууга милдеттүүбүз”, – деп баса белгиледи Башкы катчы.
Ливандагы саясий прогресс
Гутерриш Ливанга жакында болгон визитинде сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү саясий прогресске оптимисттик көз карашын билдирип, бардык ливан элинин кызыкчылыгын коргой турган жана коопсуздугун камсыздай турган өкмөттү түзүү аракеттерин белгиледи. Ал ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Ливандагы убактылуу күчтөрүнүн (БУУЛУК) ишин жогору баалады. Өткөн жылдын 27-ноябрынан бери БУУЛУК Ливандын Куралдуу Күчтөрү менен биргеликте 730дан ашык миссияны, ошондой эле 39 гуманитардык миссияны аткарды.
Башкы катчы бардык тараптарды Коопсуздук кеңешинин 1701 резолюциясын аткарууга чакырды. Ливандын түштүгүндө Израилдин катышуусун токтотуу зарыл, деп кошумчалады ал.