2023-жылдын октябрынан бери Газа тилкесинде Израиль тарабынан жүргүзүлүп келген согуштук аракеттердин натыйжасында тилкеге келтирилген түздөн-түз зыян кеминде 38 миллиард долларды түзөт.
Мындай алдын ала маалыматтарды анклав бийлигинин басма сөз кызматы өздөрүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Маалыматты айтылгандай, Газада 137 билим берүү мекемеси, 823 мечит жана 3 чиркөө, 206 маданий же тарыхый баалуулуктагы объектилер, 161 миңден ашык турак-жай талкаланган. 160тан ашык медициналык мекемелер аткыланып, электр подстанцияларына, суу жана канализация тармактарына, ошондой эле анклавдын жол жана транспорт инфраструктурасына олуттуу зыян келтирилген.
20-январда анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлиги Газадагы эскалацияда 47 035 палестиналык набыт болуп, 111 миңден ашууну жарадар болгонун билдирди.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал былтыр 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС кыймылы Израилге ракеталык сокку ургандан кийин кескин курчуп кеткен. Ал күнү ХАМАСтын жоокерлери Израилдин Газа менен чектеш аймактарына кирип барып, 240тай кишини барымтага алып кетишкен. Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израиль тарапта 1200дөн ашуун киши өлүп, 5000ден ашууну жаракат алган. Израиль ХАМАСтын чабуулуна жооп кылып Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштап, анклавды толук блокадага алып, андан кийин ал анклавда кургактагы операцияны баштаган.
15-январда Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдул Рахман Аль Тани Вашингтон, Доха жана Каирдин ортомчулук аракеттеринин натыйжасында Израиль менен ХАМАС Газа тилкесинде барымтадагыларды бошотуу жана ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялаган. Келишим, 19-январдан тарта күчүнө кирген.