АКШда гомосексуализмге тыюу салынды

АКШнын президенти Дональд Трамп жашы жете электердин жынысын өзгөртүүсүнө акча бөлүүнү токтотуп, 19 жашка чыга элек адамдардын жынысын өзгөртүү боюнча медициналык процедураларга федералдык каржылоону токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Бул маалыматты АКШнын өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин Трамп ант берүү аземинен кийин бир катар жарлыктарга, анын катарында АКШда эки туруктуу жынысты – эркек жана аялды таануу боюнча буйрукка кол койгон.

Документке ылайык, жарлыктын негизги максаты – аялдарды бир жыныстуу мейкиндиктерге жана окуяларга эркектердин кийлигишүүсүнөн коргоо болуп саналат. Документте инсандын өзүн-өзү аныктоо концепциясы катары “гендер” жана биологиялык атрибут катары “жыныс” түшүнүктөрү так айырмаланат.

“Бул кооптуу тенденция өлкөбүздүн тарыхында кара так болуп калат. Аны токтотуу зарыл”, – деген Трамп.

Ал “Кошмо Штаттар мындан ары балдардын же гендердин “өткөөлү” деп аталгандарга демөөрчүлүк кылбайт жана колдобойт” деп кошумчалап, Саламаттык сактоо министрлигине балдардагы гендердик дисфорияны дарылоо боюнча сунуштарды карап чыгып, 90 күндүн ичинде жаңы отчет берүүнү тапшырган. Ошол эле учурда федералдык каржылоо алган медициналык мекемелер мындай кызматтарды токтотууга милдеттендирилген.

Ал эми Коргоо министрлиги бул процедураларды TRICARE медициналык камсыздандыруу программасынан да алып салышы керек деп эсептейт.

Трамптын администрациясы мурдагы президент Жо Байдендин администрациясын каржы кризисине алып келген ысырапкорчулук үчүн айыптап, алардын натыйжалуулугун текшерүү үчүн бир катар федералдык программаларды каржылоону убактылуу токтоткон.

АКШнын жаңы шайланган президентинин бул кадамын америкалык экономист Жеффри Сакс “Дональд Трамп АКШ рыногу башка өлкөлөргө басым жасоо үчүн рычаг болот деп адашууда. Ал тарифтер менен опузалап жатып, АКШ рыногунун кеңдиги башка өлкөлөргө кысым көрсөтүүгө курал болоруна ишенүүдө. Негизи андай эмес”- деп билдирди.

Экономист дүйнөдөгү күчтөрдүн балансы өзгөрүп жатканын кошумчалаган.

АКШда жынысын өзгөртүп алган адамдар аз эмес. Кала берсе жынысын өзгөртүп алгандар жоокер катары АКШнын армиясында кызмат өтөп келишкен.

Кээ бир маалыматтарга караганда, АКШнын армиясында 1,3 миңден 6 миңге чейин жынысын өзгөртүп алган жоокерлер кызмат өтөп келет.

2018-жылы АКШ армиясында болжол менен 14 000 трансгендер аскер кызматкерлери болгон.

Трансгендерлердин АКШ армиясында кызмат өтөөсү 2016-жылы Барак Обаманын учурунда киргизилген. Бирок андан кийин президенттикке келген Трамп 2017-жылы биринчи мөөнөтүндө эле америкалыктарга трансгендердин аскерде кызмат өтөөсүнө тыюу салган. Ал эми мурдагы президет Жо Байден 2021-жылы бул тыюуну жокко чыгарган.