Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху палестиналык ХАМАС кыймылын жок кылуу убадасын аткара алган жок жана Израилдин Газа тилкесиндеги операциясынын максаттары ишке ашкан жок.
Бул тууралуу Foreign Affairs басылмасы жазып чыкты.
Анын баамында, ХАМАС согушчандардын да, карапайым калктын да эбегейсиз жоготууларына карабастан, өзүнүн аскердик жана саясий потенциалын сактап калды.
Нетаньяхунун Израилдеги саясатына коомчулуктун нааразычылыгы күчөп баратат, анткени алар анклавда 19-январда күчүнө кирген ок атышпоо келишими «ХАМАСтын келечекте аман калышына жана Газаны тез арада көзөмөлгө алуусуна мүмкүндүк берет», – деп айтылат макалада.