Ирандын БУУдагы өкүлү: Тегеран уранды байытууну эч качан токтотпойт

Иран уранды байытууну эч качан токтотпойт, деп билдирди өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани.

“Менимче, уранды байытуу эч качан токтобойт”, – деди Иравани америкалык CBS телеканалына берген маегинде.

Ал белгилегендей, Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн тынчтык максаттагы өзөктүк программасын өнүктүрүү боюнча ажырагыс укукка ээ.

Иравани ошондой эле Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гроссиге коркунуч туудурбайт деп билдирди.

“Жок, эч кандай коркунуч жок. МАГАТЭнин башчысына эч кандай коркунуч жок”, – деди ал журналисттин Тегеран агенттиктин инспекторлорун коркутуп жатабы деген суроого жооп берип жатып.

Мындан тышкары, Иравани МАГАТЭ өз милдеттенмелерин аткара баштаганда Иран агенттик менен кызматташтыгын калыбына келтириши мүмкүн экенин кошумчалады.

26-июнда Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф Иран өкмөтү Ислам Республикасынын МАГАТЭ менен кызматташтыгын токтотуу боюнча мыйзам чыгарганын билдирген. Ал агенттикти Израилдин “коргоочусу жана кызматчысы” деп атап, Ирандын өзөктүк объектилеринин коопсуздугу камсыз кылынмайын МАГАТЭ менен кызматташууну улантуу мүмкүн эмес экенин айткан.

Эртеси Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссинин чабуулдарга дуушар болгон Ирандын өзөктүк программасынын объектилерин текшерүү каалоосу “маанисиз” жана “кара ниеттик” болушу мүмкүн деп билдирген.

Ал Иран парламенти Ислам Республикасы менен МАГАТЭнин кызматташтыгын токтотуу чечимин кабыл алышына агенттиктин башкы директору он жыл мурун агенттик расмий түрдө “бардык көйгөйлөр чечилди” деп жарыялаган маалыматты жашырууда роль ойногону себеп болгонун белгилеген.

Ал белгилегендей, Иран парламенти Ислам Республикасы менен МАГАТЭнин кызматташтыгын токтотуу чечимин кабыл алышына агенттиктин башкы директору он жыл мурун агенттик расмий түрдө “бардык көйгөйлөр чечилди” деп жарыялаган маалыматты жашырууда роль ойногон.

Эске салсак, Израиль 13-июнга караган түнү Иранга каршы аскердик операцияны баштаган. Бир сутка өтпөй Ислам республикасы жооп иретинде чабуул койгон.

Жаңжал күчөп кеткенден тогуз күн өткөндөн кийин, 22-июнга караган түнү АКШ жаңжалга аралашып, америкалык куралдуу күчтөр Ирандын үч өзөктүк объектисине сокку жасаган. Иран мындай чабуулдарга карабай өзүнүн өзөктүк программасын өнүктүрүүнү уланта берерин билдирген.

23-июнь кечинде Тегеран Катардагы америкалык Жакынкы Чыгыштагы эң ири аскер аба базасы — Аль-Удейдге ракеталык чабуул койгон.

Кийинчерээк Дональд Трамп Израиль менен Иран ок атышууну толугу менен токтотууга макулдашканын билдирген. Ок атууну токтотуу режими 24-июндан тарта күчүнө кирген.