АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен ХАМАСтын ортосундагы барымтадагыларды жана туткундарды алмаштырууга, ошондой эле тараптар ортосундагы аскердик аракеттерди токтотууга жетишти.

Айрым маалыматтарга караганда, Газага гуманитардык жардам эркин кире баштаган — бул БУУ өкүлдөрү мурда билдирген ачарчылыктын токтошун билдириши мүмкүн. Бирок чыныгы тынчтыкка али эрте.
Газа азыр урандыларга айланган. Имараттардын көбү кыйраган, Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 67 миңдей адам каза болуп, жаракат алгандар менен кошо жалпы жоготуулар 200 миңден ашкан — бул сектор калкынын 10 пайызына жакын. Израил армиясы (ЦАХАЛ) артка чегингенине карабастан, Газанын 53 пайызын дагы эле көзөмөлдөп турат.
Калган бөлүгүн он миңдеген ХАМАСтын жоокерлери кармап турат. Ал жакта согуш аракеттери азайганы менен уланууда — ХАМАС Израил менен кызматташкан деп шектеген уруулардын өкүлдөрүн өлүм жазасына тартууда.
АКШ президентинин Тони Блэрдин катышуусунда түзүлгөн тынчтык планы бир нече негизги пункттан турат:
ХАМАС куралсыздануусу керек
Газада бул кыймылга байланышы жок технократтар өкмөтү түзүлөт. Ал АКШ жана анын араб өнөктөштөрү тарабынан дайындалат жана көзөмөлдөнөт.
Бул өкмөт Газанын калыбына келтирилишин уюштурат, Израил болсо аскерлерин толук чыгарат.
Ошондон кийин Газада Перс булуңунун суннит монархияларынын же Египет менен Түркиянын аскерлери тынчтыкты сактоо үчүн жайгаштырылышы мүмкүн.
Араб өлкөлөрү Газанын кайра курулушуна каражат бөлүшөт.
Кийинчерээк, келечекте, Палестина мамлекетин түзүүгө алып келе турган реформалар жүргүзүлөт.
Бирок бул пландардын ишке ашуусу өтө күмөн.

Биринчи себеп: ХАМАС куралын бербейт. Эгер ал куралсызданса, Израил аны жок кылат. Моссаддын мурдагы башчысы айткандай:
«ХАМАС куралсызданса, биз дароо келип аны жок кылабыз. Ошондуктан алар эч качан мындай кадамга барбайт».
Жакынкы Чыгышта эч ким өзүн коргой албай калган душман менен сүйлөшпөйт.
Экинчи себеп: ХАМАСтын блокпосттору жана массалык жазалоолору уланууда — мындай шартта технократтар өкмөтүн түзүү мүмкүн эмес.

Үчүнчү себеп: Израил аскерлеринин чыгышы да күмөндүү. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху радикал оңчул өнөктөштөрүнө көз каранды жана алар коалицияны бузуу коркунучу менен коркутууда. Эгер ал Газанын үстүнөн көзөмөлдү жоготсо, бул анын жеке жеңилиши болуп саналат.
Төртүнчү себеп: Араб өлкөлөрү Газанын калыбына келтирилишине акча бөлүшү мүмкүн, бирок өз аскерлерин жиберүүгө даяр эмес. Алар Израилдин күтүлбөгөн кадамдарынан кооптонушат. АКШнын Пентагон кызматкери да белгилегендей, араб мамлекеттери Израил менен аскердик жактан кызматташып жатышат, бирок ага толук ишенишпейт.
Мындан тышкары, Израил Түркиянын аскерлеринин Газада болушуна катуу каршы. Анткени Түркия аймактагы негизги атаандаштардын бири болуп эсептелет. Индонезия аскерлерин киргизүү мүмкүнчүлүгү гана талкууланууда.
The Financial Times гезитинин баяндамачысы Гидеон Рахман да бул кырдаалды “Жакынкы Чыгыштагы тынчтык али кол жеткис” деп мүнөздөгөн. Анын айтымында, согуштук аракеттер токтогонуна карабастан, суроолор өтө көп:
— Чынында эле ХАМАС куралын тапшырабы?
— Израиль чынында эле аскерлерин чыгарабы?
Учурдагы маалыматтар бул суроолорго оң жооп бербейт. ХАМАС кайрадан өз бийлигин бекемдеп, атаандаш топторду басууда.
Эгер куралсыздануу ишке ашпаса, анда тынчтык планынын кийинки этаптары ишке ашпайт. Египет, Индонезия же Перс булуңу өлкөлөрү ХАМАСка каршы операцияга катышууга даяр эмес, анткени бул алардын Израилди колдогондой көрүнүшүнө алып келет.

Жыйынтыктап айтканда:
Азыр бар болгон нерсе — барымтадагыларды алмашуу жана ок атышууну токтотуу. Гуманитардык жардам көбөйүшү мүмкүн, бул жакшы, бирок туруктуу тынчтык үчүн шарттар жок. Эки тарапта тең артка кадам таштагысы келбеген катуу саясатчылар турат. Көрөбүз, бул тыныгуу канчага созулат.
Михаил Шерешевский, Caliber.Az