БУУда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасынын чечилиши жогору бааланды

15-декабрда Кыргызстандын демилгеси менен Нью-Йорк шаарында Германиянын төрагалыгы астында Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты куруу комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Ага БУУнун 80ден ашуун мүчө-мамлекеттери катышып, анда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек ара маселелерин жөнгө салуудагы жетишкендиктери жогору бааланды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.

Ал белгилегендей, акыркы жылдары үч мамлекет чек ара маселелерин эл аралык укуктун ченемдерине толук ылайык, тынчтык жолу менен гана чечүүгө багытталган бекем саясий эркти, дипломатиялык жетилгендикти жана жалпы чечкиндүүлүктү көрсөтүштү.

Мындан тышкары, Марокко, Польша, Түштүк Африка Республикасы, Армения, Европа Биримдиги, Россия Федерациясы, АКШ, Япония, Пакистан, Камбоджа, Австралия, Нидерланддар, Казакстан, Азербайжан, Бразилия, Индия, Австрия, Таиланд жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү жетишилген макулдашууларды кубаттап, аймактагы өлкөлөрдүн жетишкендиктерин мамлекет башчыларынын саясий эркинин негизинде сезимтал маселелерди чечүүнүн үлгүсү катары белгилешти.

Министрдин орун басары “Тынчтык үчүн лидерлик” темасында өткөн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынына дагы катышкан.

Ал Борбор Азияда тынчтыкты камсыз кылууда лидерлик – бул адамдардын кызыкчылыгына багытталган практикалык кызматташтык экенин белгилеп, бул контекстте Кыргызстан тынчтыкты, туруктуулукту жана диалогду илгерилетүүгө берилгендигин ырастады.

А. Исаев БУУга болгон сапарынын алкагында Башкы Ассамблеясынын төрайымы Анналена Бербок, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин тынчтыкты куруу жана стабилдештирүү маселелери боюнча Башкы директору менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулаган.