2025-жылы Японияда төрөлгөн балдардын саны 667,5 миңди түзөт деп күтүлүүдө.
Японияда 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жапондор арасындагы төрөлүү көрсөткүчү 1899-жылдан бери, башкача айтканда, мындай статистика жүргүзүлө баштагандан бери эң төмөн деңгээлге түшөт деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Asahi гезити расмий статистикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн өз эсептөөлөрүнө таянып билдирди.
Басылманын божомолу боюнча, 2025-жылы өлкөдө төрөлгөн балдардын саны 667,5 миңди түзөт. Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 686,1 миң балага салыштырмалуу кыйла төмөн. Аталган божомол жергиликтүү жарандардан төрөлгөн балдарды гана камтыйт. 2025-жылга карата расмий статистика июнь айында жарыяланат, ал эми февраль айында өлкөдө жашаган чет өлкөлүктөрдү да камтыган алдын ала маалыматтар чыгат.
Демографиялык абал калкты изилдөө жана социалдык камсыздоо боюнча улуттук институт мурда айткан божомолдордон кыйла начар нукта өнүгүүдө. Маселен, 2023-жылы 2025-жылга карата орточо божомол 749 миң баланын төрөлүшүн болжолдогон. Asahi гезити келтирген баа болсо, 681 миң баланын төрөлүшүн караган эң пессимисттик сценарийден да төмөн болуп чыкты. Калкты изилдөө институтунун орточо божомолу боюнча, жылына 666 миң бала төрөлүү көрсөткүчү болгону 2041-жылга карата күтүлгөн.
Акыркы жылдары Японияда төрөлүү көрсөткүчү рекорддук деңгээлде төмөн бойдон калууда жана бул коомдун тез карышына алып келүүдө. Натыйжада эмгекке жарамдуу калктын саны кыскарып, жумушчу күчүнүн тартыштыгы күчөп жатат.