Ирандын ар кандай агрессияга жообу АКШ менен Израиль элестеткенден да алда канча кыйратуучу болот

Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” Борбордук штабынын командири, генерал-майор Али Абдоллахи Алиабади АКШ президенти Дональд Трамптын Иран Ислам Республикасына сокку уруу тууралуу акыркы коркутууларына жооп кайтарды.

“Tasnim news” агенттиги маалымдагандай, Абдоллахи АКШ өзүнүн ар кандай эсеп жаңылыштыгынын кесепеттерин жакшы билерин белгилеп, Ирандын аймагына, коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарына каршы жасалган ар кандай аракет дароо жоопсуз калбай турганын билдирди.

Анын белгилешинче, мындай учурда АКШнын бардык кызыкчылыктары, аскердик базалары жана таасир борборлору Ирандын куралдуу күчтөрү үчүн мыйзамдуу жана жеткиликтүү бутага айланат.

Ал Ирандын коргонуу мүмкүнчүлүктөрү реалдуу, активдүү жана талашсыз экенин айтып, бул күч элдин колдоосуна, улуттук эркке жана жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө таянарын баса белгиледи. Генералдын айтымында, Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү буга чейин согуш талааларында бир нече ирет иш жүзүндө далилденген жана анын кесепеттерин иран элинин душмандары, айрыкча АКШ жакшы билишет.

«Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын командири белгилегендей, АКШ менен Израилдин Иран элине каршы акыркы башаламандыктарды, козголоңдорду жана террордук аракеттерди ачык колдоосу стратегиялык акылсыздык болуп саналат. Ал эми 11-январдагы Иран элинин бийликти колдогон улуу жүрүшү душмандык долбоорлордун толук жеңилүүсүнүн ачык далили болуп, бул кутумдардын уюштуруучулары жана колдоочулары үчүн олуттуу жана узакка созулуучу эскертүү болду.

Абдоллахи белгилегендей, бүгүнкү күндө Трамптын негизсиз жана далилсиз коркутуулары ислам коомчулугу тарабынан кеңири айыпталып гана тим болбостон, АКШнын өз ичинде, атүгүл Конгрессте да олуттуу нааразычылыкка жана катуу сынга кабылып жатат. Бул көрүнүш АКШнын душмандык, авантюралык жана ийгиликсиз саясатынын барган сайын обочолонуп, алсырап баратканын ачык көрсөтөт.

Генерал Абдоллахи Иран эч качан согушту баштабаганын жана баштабай турганын, бирок өлкөнүн коопсуздугуна жана улуттук кызыкчылыктарына каршы жасалган ар кандай чабуулга ыкчам, катуу жана чечкиндүү жооп берилерин кошумчалады.

Анын айтымында, «уруп качкан» доор аяктады жана Ирандын жообу АКШ менен Израил элестеткенден да алда канча тез, так жана кыйратуучу болот.