Америка эмне үчүн Иранга согуш ачкандан коркот?

Ишкер Илгиз Шаменов АКШ эмне себептен Иран менен согушка барбай турганы тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, согуш башталса ал бир өлкөнүн согушу эмес, бүт Жакынкы Чыгыштын жарылышы болот.

Ал белгилегендей, көптөр “Америка кааласа Иранды деле басып алат” деп ойлойт. Бирок чындыгында АКШ Иран менен түз согуштан коркот.

Эмне үчүн?

1. Иран күчтүү аскердик мамлекет

Иран Ирак же Афганистан, Сирия же Ливан эмес. Өзүнүн заманбап ар кандай ракеталары, заманбап дрондору, абадан коргонуу системалары бар. Согуш башталса, Иран сөзсүз катуу жооп берет.

2. Ядролук фактор

Иранда ядролук курал бар же жок так далил жок. Бирок болуп калышы толук мүмкүн деген күмөн өзү эле чоң коркунуч. Америка мындай белгисиздик менен согушка баруудан чочулайт.

3. Регионалдык жооп

Иран жалгыз эмес. Согуш болсо Ливан, Ирак, Йемен жана Сирия аралашышы мүмкүн. Бул бир өлкөнүн согушу эмес, бүт Жакынкы Чыгыштын жарылышы болот.

4. Мунай жана дүйнөлүк экономика

Иран Ормуз кысыгын жаба алат. Бул мунайдын баасын асманга чыгарат. Андай соккуну АКШ да, Европа да көтөрө албайт.

5. Саясий баа өтө жогору

Иранга чабуул дүйнөлүк деңгээлдеги кризис. Америка агрессор болуп калуу коркунучун жакшы түшүнөт.

Эгер согуш чыгып кетсе, Иран кантип жооп берет?

  • Ракета жана дрон чабуулдары
  • Региондогу америкалык базаларга сокку
  • Союздаш күчтөрдү иштетүү
  • Экономикалык жана кибер соккулар

Бул “тез бүтө турган” согуш эмес. Бул көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн болгон согуш. Ошондуктан Америка көбүнчө, санкция, басым, коркутуу жана маалымат согушу менен чектелет.

Жыйынтык

Америка Ирандан алсыздыктан эмес, кесепети өтө оор болгон согуштан коркот. Бул жерде жеңүүчү болбошу мүмкүн.