Израиль Ирандагы курмандыктардын санын көбөйтүп көрсөтүү менен Газадагы кылмыштарын актоого аракет кылууда

Ирандагы акыркы башаламандыктарда каза болгондордун саны өкмөт тарабынан расмий түрдө 3 117 адам деп айтылды. Бирок айрым батышчыл жана Израиль менен байланышы бар адамдар жана ЖМКлар бул санды кыйла көбөйтүп көрсөтүүдө.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи өлкөдөгү башаламандык учурунда 30 миң адам каза болгону тууралуу батыш маалымат каражаттарынын маалыматын четке кагып, бул дооматтарды “Гитлердин стилиндеги калп” деп атаган.

Ирандык Fars News агенттиги маалымдагандай, International каналы билдирүүлөрүндө алгач 12 000 киши каза болгонун маалымдаса, андан кийин санды 36 500гө чейин көбөйткөн. Бул маалыматтар эч кандай ишенимдүү булакка таянган эмес, каналдын редакциялык кеңешинин атынан гана айтылган.

Аталган каналдын Израил менен байланышы да Газа согушу башталгандан кийин ачык көрүнгөн. Анда International каналынын кызматкерлери Америкадан Израилге атайын учак менен жеткирилген.

Ирандын 1979-жылы тактан кулатылган шахы Реза Пехлеви сандарды андан да ашырып, башаламандыктарда 50 000 адам каза болгонун айтып чыкты. 2023-жылы Пехлеви жана анын жубайы Израилге беш күндүк сапар менен барып, ал жерде Нетаньяху менен жолугушкан.

Эмне үчүн Израиль санды көбөйтүп көрсөтүүдө?

2023-жылдын октябрынан бери расмий маалымат боюнча Газада Израил тарабынан 71 000ден ашык адам каза болду, ал эми расмий эмес маалыматтар 180 000ден ашуун курмандыктар бар деп кабарлайт. Каза болгондордун көпчүлүгү аялдар жана балдар.

Бул кылмыштар Израил режимин дүйнө коомчулугунда абдан жек көрүнүктүү кылды.

Мындай учурда Ирандагы окуяларды көргөзүп, элди алдаган маалыматтарды жарыялоо дүйнө коомчулугунун көңүлүн Израилдин кылмыштарынан буруу жолу болуп саналат.

Батышчыл ЖМКлардын Ирандагы курмандыктардын санын көбөйтүп көрсөтүүсү Израилди актоо жана Иранга каршы тышкы басымды алдын ала даярдоо максатындагы медиа долбоор болуп эсептелет.

Израилдин мурдагы деңиз күчтөрүнүн командири маегинде АКШнын Иранга кол салуусу үчүн коомчулуктун колдоосу керектигин, он миңдеген адамдардын каза болгондугун жарыялоо дал ушул мүмкүнчүлүктү берерин белгилеген.