Иран Ислам Республикасынын армиясынын курамына 1000 даана стратегиялык учкучсуз учуучу аппарат (дрон) кошулду. Бул тууралуу Mehr маалымат агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, дрондорду армиянын курамына кошуу тууралуу буйрук Иран армиясынын Башкы колбашчысы, генерал-лейтенант Амир Хатами тарабынан берилген.
Жаңы дрондор заманбап коркунучтар жана 12 күндүк согушта алынган тажрыйбалар эске алынып, армиянын адистери тарабынан Коргоо министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан.
Алар кыйратуучу, чабуулчу, чалгындоочу жана радиоэлектрондук согуш жүргүзүүчү түрлөрдү камтып, кургакта, деңизде жана абадагы туруктуу жана кыймылдуу буталарга каршы колдонууга ылайыкташтырылган.
Амир Хатами дрондорду армиянын курамына кабыл алуу аземинде сүйлөп жатып, алдыдагы коркунучтарга даяр болуу, стратегиялык артыкчылыктарды сактоо жана ыкчам жооп кайтаруу армиянын негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгиледи.