Палестиналык ХАМАС кыймылынын басма сөз катчысы Хазем Касем 9-февралда Израиль Газа тилкесиндеги ок атышпоо келишимин бузуу аракеттерин күчөткөнүн билдиргенин Fars News агенттика кабарлады.
Анын айтымында, баскынчылар жүйөсүз шылтоолор менен турак жайларды бомбалап, ок атышпоого байланышкан макулдашууну одоно бузууда.
Al Jazeera телеканалы маалымдагандай, Касем Израиль ок атышпоо келишимине ортомчулардын жана кепил өлкөлөрдүн Газадагы тынчтыкты сактоо боюнча аракеттерин көз жаздымда калтырып жатканын билдирди. ХАМАС өкүлү мындай аракеттерди токтотуу үчүн эл аралык басым көрсөтүү зарыл экенин белгиледи.
Газа тилкесинде Израилдин чабуулдары уланып жаткан шартта, эл аралык уюмдар менен дүйнө өлкөлөрүнүн унчукпай турушу да сынга алынды.
Эске салсак, Газада ок атышууну токтотуу тууралуу келишим былтыр октябрь айында күчүнө кирген. Андан бери Израиль ок атышпоо режимин миңден ашуун жолу базган. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ок атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенден бери Израилдин кол салууларынан 581 палестиналык каза болуп, 1553ү жаракат алган. Урандылардын алдынан 717 палестиналыктын сөөгү табылган.
Акыркы 24 сааттын ичинде Израил армиясынын Газа тилкесине жасаган чабуулдарынын натыйжасында беш палестиналык каза болуп, дагы 10 адам жаракат алды.
2023-жылдын октябрь айынан бери Израил армиясынын чабуулдарынан каза болгондордун саны 72 032ге, ал эми жаракат алгандардын саны 171 661ге жетти. Саламаттыкты сактоо жана жарандык коргонуу топтору жете албаган аймактарда көптөгөн адамдардын сөөктөрү урандылардын астында калууда.