АКШ Ирандын күтүлбөгөн аскерий кадамдарынан чочулайт. Тегерандын Бакуга эскертүүсү

Акыркы күндөрү Ирандын айланасындагы чыңалуу жаңы баскычка чыкты. «Рай аль-Яум» басылмасы дипломатиялык жана коопсуздук булактарына таянып жазгандай, Маскаттагы сүйлөшүүлөр учурунда Тегеран АКШга жана айрым аймактык өлкөлөргө ачык билдирүүлөрдү жеткирген. Бул билдирүүлөр Иран кандайдыр бир аскерий кагылышуу болгон учурда жаңжалдын чегин өз аймагынан тышкары кеңейтүүгө даяр экенин көрсөтөт.

Маалыматка ылайык, ирандык расмий өкүлдөр аскерий чабуул жасалса, коңшу өлкөлөрдөгү, айрыкча араб мамлекеттериндеги АКШнын базалары алардын иш жүзүндөгү ролуна карабастан, Ирандын мыйзамдуу бутасына айланышы мүмкүн экенин эскертишкен. Бул позиция Тегерандын токтотуу (сдерживание) стратегиясынын бир бөлүгү катары америкалык тарапка жеткирилгени айтылат.

Ошондой эле Иран Азербайжанды да өзүнчө эскерткен. Эгер чет өлкөлүк аскерлер Азербайжандын аймагы аркылуу Иран чек арасына жакын кыймыл жасаса, Тегеран муну «согуштук аракет» деп эсептеп, Азербайжандагы маанилүү объектилерге түз ракеталык сокку урушу мүмкүн экенин билдирген.

«Рай аль-Яумдун» маалыматына караганда, Маскаттагы жабык сүйлөшүүлөрдө айтылган бул билдирүүлөр АКШнын чалгындоо чөйрөлөрүндө тынчсызданууну күчөткөн. Айрым коопсуздук түзүмдөрү Иран буга чейин Батыштын баалоолорунда толук эске алынбаган белгисиз аскерий мүмкүнчүлүктөргө жетишкен болушу ыктымал деген жыйынтыкка келген.

Мындан тышкары, америкалык талдоочулар Ирандын аскерий мүмкүнчүлүктөрү менен Кытай жана Орусиянын коргонуу түзүмдөрүнүн ыктымал операциялык байланышын алдын ала түшүнбөй туруп, кандайдыр бир аскерий чечим кабыл алуу кооптуу экенин айтышат. Себеби Тегеран менен болгон кагылышуу чектелген жаңжалдан алда канча кеңири масштабга чыгышы мүмкүн.

Мындан тышкары, басылма Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин Маскатта америкалык делегацияга расмий билдирүү жеткиргенин кабарлайт. Ал билдирүү Ирандагы бардык бийлик институттарынын бирдиктүү позициясын чагылдырып, АКШ же Израил тараптан анын ичинде эл аралык суулардан кандай гана аскерий чабуул болбосун, Тегеран дароо жана мыйзамдуу жооп кайтарарын баса белгилейт.

Иран тарап ошондой эле кандай гана сценарий болбосун, жаңжал башталса Израиль түз жана кеңири ракеталык соккулардын бутасына айланары билдирген.