Жээнбек Кулубаев Ирандын ТИМ башчысын Ислам революциясынын жеңиш күнү менен куттуктады

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран Ислам революциясынын жеңишинин 47 жылдыгына байланыштуу ирандык кесиптеши Сейед Аббас Аракчиге куттуктоо жолдоп, жакшы каалоолорун билдирди.

Бул тууралуу “Tasnim news” агенттиги маалымдайт.

“Кыргыз Республикасы менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы өз ара колдоого жана урмат-сыйга негизделген достук, көп жылдык мамилелер менен кызматташтык мындан ары да туруктуу жана динамикалуу түрдө өнүгүп, чыңдала берет деп терең ишенем”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кулубаев Кыргызстандын атынан Аракчиге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Иран элине тынчтык жана бакубат жашоо каалады.

11-февралда Иранда Ислам революциясынын 47 жылдыгы белгиленди. 1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөн соң, 11-февралда (22-бахман) Ислам революциясы толук жеңишке жеткен. Бул күнү өлкө боюнча жана Тегеранда миллиондогон адамдар катышкан жүрүштөр өттү.