Ирандын Батыш Азербайжан аймагында «америкалык тыңчылар» кармалды

Ирандын Чалгын министрлиги бир катар операцияларды жүргүзүп, анын жүрүшүндө монархисттердин уячалары жана чет элдик атайын кызматтар менен кызматташууга шектелген адамдар аныкталып, кармалды.

Бул тууралуу Tasnim агенттиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, өлкөнүн 26 провинциясында монархисттердин 111 уячасы аныкталып, камакка алынган. Операциялардын жүрүшүндө ок атуучу жана учтуу куралдар, ошондой эле электрошокерлер жана союлдар алынган.

Мындан тышкары, Хамадан жана Батыш Азербайжан провинцияларында АКШга тыңчылык кылууга жана коопсуздук күчтөрүнүн штабдары, жабдуулары жана жайгашкан жерлери тууралуу маалымат берүүгө шектелген төрт адам кармалган.

Рейддердин жүрүшүндө ошондой эле эки жашыруун курал сактоочу жай табылып, анда 29 тапанча, 2  Калашников автоматы жана 58 ок салгыч (магазин) болгон.