Өзбекстандын депутаттары интернеттеги бейадеп сөздөрдү колдонуу, мазактоо, «өзүн-өзү пиарлоо» аркылуу укук бузууларды жайылтуу жана согуш аракеттерине катышууну пропагандалоо үчүн жоопкерчилик киргизген мыйзам долбоорун жактырышты. Документ Сенатка жөнөтүлдү.
17-мартта Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы интернеттеги мазактоо, адепсиз сөздөр жана башка укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралган мыйзамды кабыл алды. Бул документ февралдын башында биринчи окууда каралган болчу.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык:
- телекоммуникация тармактарында уят сөздөрдү колдонуу,
- жарандарды мазактоо,
- коомдук тартипти бузган аракеттер,
- согуш аракеттерине катышууну пропагандалаган материалдарды таратуу
үчүн жоопкерчилик киргизилет.
Интернет-хулигандык, тактап айтканда мазактоо жана кемсинтүү үчүн 5 млн сумга чейин айып пул же 10 суткага чейин административдик камак сунушталууда.
Мыйзам долбоорунда ошондой эле адам өзү жасаган укук бузууну интернет же ЖМК аркылуу жайылткан учурда да жоопкерчилик каралган. Бул укук бузууларды жайылтууну жана аларды кайталоону алдын алуу максатын көздөйт.
Депутат Сайдулло Азимов билдиргендей, документ экинчи окууга чейин сунуш-пикирлердин негизинде кайра иштелип чыккан. Баштапкы варианттагы интернет укук бузуулар боюнча өзүнчө берене майда хулигандык тууралуу беренеге кошулган.
Мындан тышкары:
- камакка алынган мүлктү жашыруу, жоготуу же бузуу үчүн жоопкерчилик киргизилди;
- мындай иштерди кароо Мажбурлап аткаруу бюросунун ыйгарым укуктарына берилди;
- элдешүү (примирение) мүмкүнчүлүгү алынып салынды.
- Бул укук бузуу үчүн айып пул өлчөмү 100 базалык эсептик көрсөткүчтөн 20га чейин төмөндөтүлдү.
Ошондой эле мыйзам долбоору чет өлкөлөрдөгү согуш аракеттерине катышууну үгүттөгөн материалдарды таратуу үчүн жоопкерчиликти да камтыйт.