Ирандын жаңы жогорку лидери тирүү жана ден соолугу чың

Ирандын Франциядагы элчиси Мохамад Аминежад өлкөнүн жаңы жогорку лидери Можтаба Хаменеи тирүү жана сак-саламатта экенин, ал бункерде жашырынбай турганын билдирди.

«Биз аны айнектин артында көрсөтүүгө милдеттүү эмеспиз, албетте, ал тирүү жана сак-саламатта», — деди дипломат BFMTV телеканалынын эфиринде, лидердин коомчулукка чыкпай жатканы тууралуу суроого жооп берип жатып.

Ошондой эле элчи Иран жетекчилиги үчүн бункер бар деген маалыматты четке какты.

«Биздин лидерлер жашырынбайт, аларда бункер бар деген билдирүүлөргө карабастан… Биздин жогорку лидер кадимки адамдай эле жашайт», — деп кошумчалады ал.

28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объекттерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Бул чабуулдардын натыйжасында кыйроолор болуп, тынч жарандар каза болгону кабарланган. Чабуул учурунда Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи өлтүрүлүп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланган.

9-мартка караган түнү Ирандын эксперттер кеңеши Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи ислам республикасынын жаңы жогорку лидери болуп шайланганын расмий тастыктаган.