The New York Times басылмасынын маалыматына ылайык, Израиль АКШ менен биргеликте Иранга каршы агрессия баштоо аркылуу «режимди алмаштырууга» аракет кылган, бирок бул аракет ийгиликсиз аяктады.
Макалада айтылгандай, израилдик жетекчилер АКШны согушка тартуу менен Иранда массалык нааразылык акцияларын жана башаламандыкты козгоп, өкмөттүн кулашына жетишебиз деп ойлошкон.
Маалыматка ылайык, Моссад жетекчиси Давид Барнеа бул планды январь айынын ортосунда Вашингтонго болгон сапары учурунда АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнө сунуштаган.
Бирок, макалада белгиленгендей, Иран өкмөтү 28-февралда башталган басымга ийгиликтүү каршы туруп, жооп соккуларды берүү мүмкүнчүлүгүн дагы күчөтө алган.
«Израиль менен АКШ кеңири масштабдагы көтөрүлүштү козгой алат деген ишеним согушка даярдыктагы олуттуу жаңылыштык болду, ал эми бул согуш Жакынкы Чыгышка жайылып кетти», — деп айтылат макалада.
«Өкмөт ичтен ыдырабастан, тескерисинче бекемделип, кагылышууну күчөттү — аскер базаларына, шаарларга, Перс булуңундагы кемелерге, ошондой эле мунай жана газ объектилерине сокку уруп жана жооп соккуларды алып жатты», — деп белгиленет баяндамада.
Бул окуялардан мурда АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы операция башталаар алдында сүйлөгөн сөзүндө согуш жакында иран өкмөтүнүн кулашына алып келет деп билдирген.
Ошол эле учурда макалада АКШнын расмий өкүлдөрү Ирандагы мүмкүн болгон көтөрүлүш тууралуу ачык билдирүүлөрдү дээрлик токтоткону айтылат. Ал эми Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху америкалык-израилдик аба соккуларына кургактагы күчтөр да кошулат деген үмүтүн сактап келүүдө.