АКШнын мамкатчысы: Иран менен түзүлгөн меморандум жөн гана кагаз

АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылы Иран менен 2015-жылы түзүлгөн Өзөктүк келишимден (JCPOA) бир тараптуу чыгып кеткенине карабастан, азыр анын экинчи администрациясынын өкүлдөрү ал келишимди «чыныгы келишим» болгонун моюнга алышты. Ошол эле учурда алар Иран менен түзүлгөн жаңы меморандумду Барак Обаманын тушунда кабыл алынган келишим менен салыштырууга болбой турганын белгилешүүдө.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШ Конгрессинин өкүлү Сидни Камлагер-Дав мамлекеттик катчы Марко Рубионун Иран боюнча меморандум тууралуу телефон аркылуу өткөн жабык жыйындагы айрым билдирүүлөрүн ачыктады.
Анын айтымында, Рубио Иран менен түзүлгөн меморандумду «жөн гана бир барак кагаз» деп мүнөздөгөн.
Тема боюнча

Ирандын сүйлөшүүлөрдөгү стратегиясы: экономика маанилүү, бирок коопсуздук андан да жогору
Мамлекеттик катчы бул меморандум – сүйлөшүүлөрдү улантуу тууралуу гана кол коюлган бир барак документ экенин айткан.
Маалыматтарга караганда, 29-июнда Марко Рубио менен Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Конгресстин мүчөлөрүнө Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы меморандум боюнча телефон аркылуу маалымат беришкен.

Камлагер-Давдын айтымында, Рубио Обаманын тушунда кабыл алынган Өзөктүк келишим (JCPOA) менен азыркы меморандумдун айырмасы тууралуу суроого жооп берип жатып:
“Обаманын өзөктүк келишими белгилүү талаптары, көрсөткүчтөрү жана так чектери бар чыныгы келишим болгон”, – деп билдирген.
Эске салсак, 2015-жылы көп жылдык сүйлөшүүлөрдөн кийин өзөктүк келишимге Иран жана алты ири өлкө кол койгон. Ага ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Иранга каршы эл аралык санкциялар алынган. Бирок 2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп бир тараптуу чечим менен келишимден чыгып кеткен. Эл аралык коомчулук аны келишимди сактоого милдеттендире алган эмес.
Ошол эле учурда Иран өзүнө жүктөлгөн бардык милдеттенмелерди толук аткарганын бир нече жолу билдирген.
Азыр болсо дал ошол Трамп Иран менен ушуга окшош жаңы келишим түзүүгө аракет кылып жатат. Бирок ушул убакка чейин мындай макулдашууга жетише элек.
АКШ Конгрессинин өкүлү Камлагер-Дав Марко Рубионун Өзөктүк келишим тууралуу айткан сөздөрүн анын билдирүүсүндөгү “эң маанилүү бөлүк”, ошол эле учурда «эң алсыз жери» деп атады.
Демократиялык партиянын өкүлү Трамптын администрациясынын Иранга каршы согушка 100 миллиард доллардан ашык каражат жумшаганын катуу сынга алып, Америка эли эми: “Бул адамдар биздин акчабызды жана улуттук коопсуздугубузду эмне кылып жатышат?” деген суроону бериши керек деп билдирди.
Politico басылмасынын маалыматына ылайык, Рубио Конгресстин мүчөлөрүнө сүйлөгөн сөзүнүн дагы бир бөлүгүндө, сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аякташы мүмкүн, бирок администрация дипломатиялык жолго мүмкүнчүлүк берүүнү каалайт, деп баса белгилеген.
Ошондой эле ал АКШ Иранга азырынча эч кандай акча төлөй электигин белгилеген.
Иран менен АКШ ок атууну 60 күнгө токтотуу Меморандумга 18-июнга караган түнү аралыктан кол коюшкан. Анда 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандумда америкалык тарап деңиз блокадасын алып салары жана Иран Ормуз кысыгындагы кеме каттамын толук калыбына келтирери боюнча мөөнөттөр белгиленген.
Бирок аймактагы чыңалуу дагы эле сакталып калууда. Буга АКШнын Иранга маал-маалы менен сокку уруп турушу жана Ирандын жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскердик базаларга чабуул жасашы себеп болууда.