Россияда «жыныс алмаштырууга» тыюу салынды. Путин мыйзамга кол койду

Россияда «жыныс алмаштырууга» тыюу салынды. Путин мыйзамга кол койду

 Россия президенти Владимир Путин өлкөдө жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалыматтар расмий порталында жарыяланды. Документке ылайык, Россияда трансгендердик өткөөл мезгилдин алкагында операция жана гормоналдык терапияга тыюу салынат. “Балдардын жыныстык түзүлүшүнүн тубаса физиологиялык мүчүлүштүгүн дарылоого” гана уруксат берилет. Мыйзам гендердик маркерди алмаштырууга тыюу салат, бул – чет өлкөлөрдө да операция жасатууга болбойт дегенди билдирет. Мыйзам күчүнө киргенден баштап трансгендерлерге бала асырап алууга тыюу салынат. Түгөйлөрдүн бири жынысын алмаштырса никеси жокко чыгат. Мыйзам жарыяланган күндөн…

Прочитайте больше

Израилде сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзам жактырылгандан кийин демонстарциялар күч алды

Израилде сот реформасы тууралуу талаштуу мыйзам жактырылгандан кийин демонстарциялар күч алды

Мыйзамдын кабыл алынышы Израилдин сот системасында сот реформасы башталгандан берки биринчи чоң өзгөрүүнү билдирет. Мыйзам долбоору бүткүл оппозиция добуш берүүгө бойкот жарыялаганына жана коомчулуктун каршы болгондугуна карабай кабыл алынды, бул Израилдин саясий турмушунда болуп көрбөгөндөй окуя болду. Документке 120 орундуу парламенттеги башкаруучу коалициянын 64 депутаты добуш берди. Сот реформасына каршы чыккандар өлкөнүн ар кайсы аймактарында, анын ичинде борбор шаары Тель-Авивде массалык нааразылык акцияларына чыгышты. Массалык нааразылык акцияларынын фонунда сот реформасынын башкы идеологу, Израилдин премьер-министри Биньямин…

Прочитайте больше

Н. Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынат

Н. Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматы алынат

 Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-августан тартып Нурсултан Назарбаевден мамлекеттик күзөт кызматын алуу тууралуу буйрукка кол койду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон  буйрукка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4-августунан тартып Казакстандын Мамлекеттик күзөт кызматы өлкөнүн мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин коопсуздугун камсыз кылбайт. Бул тууралуу  «Интерфакс» билдирди. Ошол эле учурда Казакстандын экс-мамлекет башчсынын кол тийбестиги сакталып кала берет. Мындан тышкары Н. Назарбаевге квартира, тейлөөсү менен кошо мамлекеттик дача, жеке күзөт, айдоочусу менен кошо автомашина жана медициналык тейлөө кызматтары берилет. Мындай чечим 2023-жылы…

Прочитайте больше

Түркиянын үч провинциясында токойлорду өрт каптады. Видео

Түркиянын үч провинциясында токойлорду өрт каптады. Видео

 Түркиянын Анталия, Маниса жана Кахраманмараш провинцияларында токой өрттөнүүдө. Түрк бийликтери 25-июлга караган түнү токой өрттөрүн өчүрүү аракеттери көрүлүп жатканын билдирди. “Анталия провинциясынын Каш, Кемер жана Ташаыл райондорунда, ошондой эле Маниса провинциясынын Саруханлы  жана Кахраманмараш провинциясынын Дулкадироглу айылдарында (түштүк-чыгышта – ред.) токой өрттөрүн өчүрүүнү улантып жатабыз”, – деп билдирди Түркиянын Токой чарба башкы башкармалыгы Твиттердеги билдирүүсүндө. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дүйшөмбү күнү жарандарды токойлорго кылдаттык менен мамиле кылууга жана токойлорго жакын жерде өрт булагына жол бербөөгө чакырды.Токойдогу…

Прочитайте больше

Кымындай ыйман деген эмне?

Кымындай ыйман деген эмне?

Суроо: Бир да жакшылыгы жана ибадаты жок болгон, күнөөлөргө баткан бир адам чын жүрөктөн калима-и шахадатты айтса жана ошол абалда өлсө Бейишке киреби?  ЖООП: Күнөөлөргө батып, ибадаттан алыс адамдын ыйман менен өлүүсү өтө кыйын. Эгер ыйман менен өлө алса гана күнөөлөрүнүн жазасын тарткандан кийин кийин сөзсүз Бейишке барат.  Ибадат менен жакшылыкты төмөнсүнтпөө керек. Биз жөнөкөй деп ойлогон бир жакшылык кутулушубузга себеп болушу мүмкүн. Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөнкүчө: “Өмүрүндө бир да жолу жакшылык кылбаган бир мусулман [башка…

Прочитайте больше

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

Лавров Кыргызстандын тил мыйзамы тууралуу эмне деди? (видео)

 Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында эле кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдиргени 23-июлда белгилүү болду. Орусия ТИМинин маалыматына караганда, Лавров бул тууралуу 19-июлда коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушканда айткан. Ал “Орусиядагы кырдаал боюнча объективдүү маалымат жеткирүүгө, орус тилин, маданиятын, чет мамлекетте атамекендик билимди илгерилетүүгө аракет кылуу зарылдыгы турганын белгилеп, азыр КМШда оңой эмес процесстер болуп жатканына” токтолгон. “Борбор Азияда мыйзамдарды жигердүү сүрөп жатышат. Кыргызстанда бир канча ай мурда мыйзам кабыл…

Прочитайте больше

Батыштын Борбор Азия өлкөлөрүн курал катары колдонуу аракеттери

Батыштын Борбор Азия өлкөлөрүн курал катары колдонуу аракеттери

НАТОнун Вильнюс шаарында өз ишин жыйынтыктаган саммитинде Украина, Кытай жана Орусияга өзгөчө көңүл бурулуп, альянстын жакынкы жылдарга стратегиялык багыттары аныкталды. Саммитте кабыл алынган негизги чечимдердин бири альянстын 300 миң аскер кызматкерин “чыгыш чек араларына” жайгаштыруу болду, бул Орусия менен Беларустун чек араларында аскердик позицияны күчөтүүнү билдирет. АКШ жана НАТО тарабынан кабыл алынган коопсуздук коркунучтарына жооп катары Орусия Кыргызстан менен Тажикстандагы аскердик базаларынын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Коргоо министри Сергей Шойгу Нью-Делиде өткөн…

Прочитайте больше

Украиналык дрондор Москвадагы объекттерге сокку урууга аракет кылды. Видео

Украиналык дрондор Москвадагы объекттерге сокку урууга аракет кылды. Видео

 Киев режими Москвадагы объектилерге сокку урууга аракет кылды, бирок орус аскерлери анын алдын алышты. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинен билдиргенин РИА Новости жазды. “24-июль эртең менен Киев режими эки учкучсуз учуусу аппарат менен Москва шаарынын аймагындагы объектилерге чабуул жасоого аракет кылды. Украинанын эки дрону радиоэлектрондук каражаттар менен талкаланып түшүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта. Москванын мэри Сергей Собяниндин айтымында таңкы саат төрттөр чамасында учкучсуз башкарылган аппараттар эл жашабаган эки имаратка чабуул жасаган. Бирок андан олуттуу зыян…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Жиддадагы саммитте Афганистан, Сирия, Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылды

Садыр Жапаров Жиддадагы саммитте Афганистан, Сирия, Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу сөз кылды

 Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда, Жидда шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин” биринчи Саммитинде билдирди. “Афганистандагы кырдаал бизди өзгөчө тынчсыздандырат. Биз Афганистанды жана көптөн бери азап чеккен афган элин эл аралык коомчулук обочолонтуп калтырбашы керек деп эсептейбиз. Афганистандын элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу жана афган экономикасын калыбына келтирүүгө салым кошо турган долбоорлорду ар тараптуу колдоо зарыл”, – деп билдирди мамлекет башчысы. Анын айтымында,…

Прочитайте больше

Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

Калпак кийген Иран ТИМинин маалымат катчысы. Кыргызстандык журналисттер Ирандын тышкы иштер министрлигинде болушту. Сүрөт

 Иранга сегиз күндүк пресс-тур менен барган Кыргызстандын тележурналисттери Тегеран шаарында Тышкы иштер министрлигинин кеңсесинде болушту. Аларды ТИМдин расмий өкүлү Насер Канаани кабыл алды. Кыргызстандын тележурналисттеринен турган делегация Иранга 11-июлда таанышуу сапары менен барган. Алардын катарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев, УТРК, ЭлТР, Ош ТВ, НТС, Нур ТВ, Жалал-Абад ТВ, Баткен ТВ, Азия ТВ, “Кабар” агенттиги, “Умма” ислам-журналынын жетекчилери жана журналисттери бар. Делегациянын катарында эки күндүк иш сапары менен Маданият,…

Прочитайте больше

Ирак Куранды өрттөө акциясына байланыштуу Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарат

Ирак Куранды өрттөө акциясына байланыштуу Швециянын элчисин өлкөдөн чыгарат

 Ирактын премьер-министри Мохаммед Шиа ал-Судани Швеция бийлигинин Куранды өрттөө акциясына бир нече жолу уруксат бергендигине жооп катары Швециянын Багдаддагы элчисинен өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылып, Стокгольмдагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ирактын премьер-министринин кеңсесинен билдиришкенин РИА Новости жазды. Буга чейин маалымат каражаттары жүздөгөн демонстранттар бейшемби күнү эртең менен Швециянын Багдаддагы элчилигине бастырып кирип, аны өрттөп жиберишкенин кабарлашкан. Элчиликтин кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес. Демонстрация Швецияда күтүлүп жаткан Куранды өрттөө акциясын утурлай уюштурулган….

Прочитайте больше

АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды

АКШ кыргызстандык төрт компанияга санкция салды

 АКШнын Каржы министрлиги төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Бул туурасында ведомствонун расмий сайтында айтылат. Вашингтондун билдирүүсү боюнча бул компаниялардын Россияга санкцияга кабылган товарларды ташууга катыштыгы бар болгон. 20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, АКШнын кара тизмесине Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компаниялары киргизилди. Мындан тышкары, бул тизмеде аталган компаниялардын товар алып турган россиялык ишканалар да (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) кирди. The Washington Post басылмасы 18-июлда АКШ президентинин администрациясы Кыргызстанга…

Прочитайте больше

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жардамдардын  6 же 12 айга узартылышын күткөн долбоорлорго добуш берет

БУУнун Коопсуздук Кеңеши жардамдардын  6 же 12 айга узартылышын күткөн долбоорлорго добуш берет

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 10 –  июлда Түркиядан Сириянын түндүк батышына жеткирилген жардамдардын  6 же  12 айга узартылышын күткөн долбоорлорго добуш берет. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши 10 –  июлда Түркиядан Сириянын түндүк батышына жеткирилген жардамдардын  6 же  12 айга узартылышын күткөн долбоорлорго добуш берет. Associated Press  6 – февралдагы эпицентри Кахраманмараш болгон жер титирөөлөрдөн кийин Сириянын түндүк-батышына Бабулхава чек ара капкасынан жардам жеткирүү мөөнөтүн узартуу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган долбоорлор тууралуу маалымат…

Прочитайте больше

Орус аскердик учактары бул жумада АКШ учкучсуз учуучу аппараттарына үч жолу кысым жасады

Орус аскердик учактары бул жумада АКШ учкучсуз учуучу аппараттарына үч жолу кысым жасады

Грынкевич : “Орус учагы  MQ – 9дардын кооптуу абалдардан алыс болуу  үчүн каршылык көрсөтүүсүнө  себеп болгон жана профессионалдуулукка жатпаган кысым жасады”,- деди. Сирияда орус аскердик учактарынын АКШга таандык учкучсуз учуучу  аппараттарына бул жумада үчүнчү жолу  кысым  жасагандыгы билдирилди.  АКШнын  Жакынкы Чыгыштагы  9 –  аба күчтөрү командири армиянын генералы Алекс Грынкевич жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө   бул жумада Сирияда орус аскердик учактарынын  АКШнын MQ – 9 учкучсуз учуучу аппараттарына  үчүнчү жолу кысым көрсөткөнүн жарыялады. Грынкевич : “Орус учагы  MQ – 9дардын…

Прочитайте больше

Песков: «Путин менен Пригожин 29-июнда жолугушту»

Песков: «Путин менен Пригожин 29-июнда жолугушту»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада билдирүү жасады. Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путиндин 29-июнда Кремлде Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана айрым Вагнер командирлери менен жолугушканын билдирди. Песков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, Вагнердин орус башкаруучулугуна каршы чыккан козголоңунан кийин 24-июнда Путин менен Пригожиндин Москвада жолугушуу өткөргөнүн белгилеп:«Путиндин ушундай жолугушуусу болгон. (Вагнердики) ротанын жетекчилигинен 35 киши чакырылган, анын ичинде бардык командирлер жана Пригожин бар. 29-июнда…

Прочитайте больше
1 34 35 36 37 38 204