АКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюшту

АКШ менен Израилдин лидерлери “Иерусалим декларациясына” кол коюшту

АКШнын президенти Жо Байден расмий иш сапарынын алкагында Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен 14-июлда “Иерусалим декларациясына” кол коюшту. Анда алар Израилдин өзүн-өзү коргоосу жана анын коңшусу Иранды өзөктүк куралга ээ болтурбоо маселелери камтылды. “Биз Иранга өзөктүк куралга ээ болуусуна эч качан жол бербейбиз”,-деди Байден кол коюу аземинен кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында. Яир Лапид документ кабыл алынгандан соң сүйлөп жатып “эркин дүйнө күч менен жооп берерин Иран сөзсүз түшүнгөндө гана ал өзөктүк куралга ээ болуусун…

Прочитайте больше

Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык кызматташтыгын токтотту

Украина Түндүк Корея менен дипломатиялык кызматташтыгын токтотту

Украинанын Тышкы иштер министрлиги “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчил түзүмдөрдүн көз карандысыздыгын тааныган Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады. “Пхеньяндын бул чечимин Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигине кол салуу аракети катары баалайбыз. Бул Украинанын Конституциясын, БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун негизи нормалары менен принциптерин бузуу болуп эсептелет”, – деп айтылат маалыматта. Украина ТИМи Түндүк Кореянын бул чечими эч кандай юридикалык кесепетке алып келбей турганын жана Украинанын эл аралык…

Прочитайте больше

Иран Кыргызстан менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Иран Кыргызстан менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр

Кечээ, 12-июлда Кыргызстан менен Ирандын парламенттеринин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын жетекчилери Чыңгыз Айдербеков менен Вахид Жалалзаденин видеоконференция форматында жолугушуусу болуп өттү. Ага эки өлкөнүн элчилери да катышты. Алгач эки өлкөнүн өкүлдөрү бири-бирин өткөн дем алыш күндөрү белгиленген ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап өтүштү. Видеоконференцияда тараптар эки тараптуу парламенттик кызматташуу жана алаканы кеңейтүү жолдорун талкуулап, пикир алышты. Жалилзаде Иран коңшу өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесин кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. “Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу…

Прочитайте больше

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын ортосундагы кызматташтык

Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын ортосундагы кызматташтык

Үч өлкөнүн Түндүк Корея коркунучуна каршы дагы күчтүү кызматташууну убада кылгандары белгиленди. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Япония менен биргеликте Түндүк Корея коркунучуна каршы күчтүү кызматташтыкты бекемдөө боюнча биргелешкен убадаларын кайталагандарын билдирди. Йонхап агенттигинин маалыматына ылайык, Корея жарым аралынын атайын өкүлү Ким Гун, Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Океания иштери боюнча башкы директору Фунакоши Такехиро жана АКШнын президенти Жо Байдендин Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Сун Ким менен Балидеги G20…

Прочитайте больше

Путин жакында Иранга барат

Путин жакында Иранга барат

Россиянын президенти Владимир Путин 19-июлда Тегеранга барат. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.Ал бул сапарынын алкагында Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен үч тараптуу саммитке катышат. Ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. “Президенттин Тегеранга сапары даярдалып жатат. Ал жерде Астана процессинин кепилдиги болгон мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт”, – деди Песков журналисттерге. Өткөн аптада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын да расмий сапар менен Иранга барары маалымдалган. Кечээ, 11-июлда Кремль Россия менен Түркиянын президенттери…

Прочитайте больше

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары төртүнчү жолу кезиккени жатат

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары төртүнчү жолу кезиккени жатат

Быйыл Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик төртүнчү жолугушуусу Кыргызстанда өтөт. Ал 2022-жылдын 21-июлунда болоору пландалды. Бул тууралуу 4-июлунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду. Кыргызстан президентинин маалымат кызматы тараткан маалыматка ылайык, өлкө башчылардын маегинде аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин да талкуулашкан. Билдирүүдө кошумчалангандай, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген. Эки мамлекеттин президенттеринин сүйлөшүүсү Өзбекстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу болгон. Тактап айтканда,…

Прочитайте больше

Лавров сынга чыдабай “Чоң жыйырманын” жыйынынан чыгып кетти

Лавров сынга чыдабай “Чоң жыйырманын” жыйынынан чыгып кетти

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сындарга чыдабай, “Чоң жыйырмага” мүчө өнүккөн мамлекеттердин дипломаттарынын жыйынынан чыгып кетти. 8-июлдагы эртең мененки жыйында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Москваны Украинага кол салганы үчүн кескин айыптады. Мындан улам Лавров залдан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Ошондой эле ал күндүзгү жыйындан да Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба сүйлөрдө чыгып кетти. – “Агрессорлор, баскынчылар — биз бүгүн көп сөздү уктук”, – деди Лавров журналисттерге. Анын айтымында, дипломаттарга “сөз тиери…

Прочитайте больше

Путин: Россия азырынча Украинада олуттуу эч нерсе баштай элек

Путин: Россия азырынча Украинада олуттуу эч нерсе баштай элек

Россия Украинадагы атайын операциянын жүрүшүндө олуттуу чара көрө элек. Бул тууралуу 7-июлда РФ президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын фракция лидерлери менен жолугушууда билдирди. “Алар бизди согуш талаасында жеңүүнү каалап жатканын угуп жатабыз. Эмне дейбиз, аракет кылышсын. Батыш биз менен акыркы украиналык калганга чейин согушкусу келерин буга чейин көп жолу укканбыз. Бул украин эли үчүн трагедия, бирок баары ушуга бара жатат окшойт. Алар Россия “олуттуу эч нерсе баштай элегин” түшүнүшү керек”, – деди Путин. Ошол эле…

Прочитайте больше

Борис Жонсон отставкага кетүүгө макул болду

Борис Жонсон отставкага кетүүгө макул болду

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматынан кетүүгө макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка караганда, ал бүгүн, 7-июлда британ элине кайрылуу жасайт. Бирок Жонсон күзүндө консерваторлор партиясынын жаңы лидери шайлангыча премьердин кызматын аткара берет. Белгилей ктесек, бир аптага жетпеген убакыттын ичинде Улуу Британиянын министрлер кабинетин отуздан ашуун мүчөсү жана жогорку аткаминерлери Борис Жонсонго нааразычылыгын билдирип, отставкага кетишти.  Буга өлкөнүн ТИМинин Европа жана АКШ иштери боюнча экс-орун басары Крис Пинчердин лондондук клубдардын биринде мас болуп алып чатак салганы себеп болгон. Бир…

Прочитайте больше

Украинаны калыбына келтирүү тууралуу декларация кабыл алынды

Украинаны калыбына келтирүү тууралуу декларация кабыл алынды

5-июлда ондогон мамлекеттер Украинаны калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу милдеттенме алышты. Швейцариянын түштүгүндө жайгашкан Лугано шаарында өткөн эки күндүк жыйындын соңунда 40тай мамлекеттин лидерлери Украинаны калыбына келтирүү планы жазылган Лугано декларациясына кол коюшту. Кошмо Штаттар, Британия, Франция жана Жапония Украинага кол салганы үчүн Орусияны кескин айыптап, Москваны токтоосуз аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырышты. Киев менен кошо конференцияны уюштурууга көмөктөшкөн Швейцариянын президенти Игнацио Кассис декларацияны “Украинаны калыбына келтирүүдөгү негизги кадам” деп кубаттады. Киевдин эсебинде бул үчүн 750…

Прочитайте больше

Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчылары жолугат

Кыргызстанда Борбор Азия мамлекет башчылары жолугат

Кыргызстанда 21-июлда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтөт. Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-июлда мамлекет башчы Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аталган жолугушууга карата даярдык иштерин жана анын күн тартибин талкуулады. Билдирүүдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алганы белгиленген. Жапаров мындан тышкары Кыргызстан Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын айтып, “өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган” аракеттердин аркасы менен Каракалпакстандагы кырдаал жөнгө салынып, андан…

Прочитайте больше

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколдоруна кол коюлду

Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуу протоколдоруна кол коюлду

Испаниянын борбор шаары Мадридде 29-30-июнда болгон саммитте эки өлкөнү альянска чакыруу чечимине ылайык НАТОго мүчө 30 өлкөнүн өкүлдөрү формалдуулуктарды аткаруу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы кеңсесинде чогулду. НАТОго мүчө болгон мамлекеттердин өкүлдөрү Швеция менен Финляндиянын альянска кошулушу жөнүндөгү протоколдорго кол коюшту. Испаниянын борбор шаары Мадридде 29-30-июнда болгон саммитте эки өлкөнү альянска чакыруу чечимине ылайык НАТОго мүчө 30 өлкөнүн өкүлдөрү формалдуулуктарды аткаруу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги башкы кеңсесинде чогулду. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг…

Прочитайте больше

Түндүк Корея АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын кызматташтыгына каршы чыкты

Түндүк Корея АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын кызматташтыгына каршы чыкты

Йонхаптын кабарына караганда, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, «Корей жарым аралынын жана дүйнөнүн тездик менен начарлап бараткан коопсуздугуна каршы күрөшүү үчүн өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн тез арада өнүктүрүү зарыл» Түндүк Корея Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн 32-НАТО саммитинде жана АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын үч тараптуу саммитиндеги аскердик кызматташтыкка каршы чыкты. Йонхаптын кабарына караганда, Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө, «Корей жарым аралынын жана дүйнөнүн тездик менен начарлап бараткан коопсуздугуна каршы күрөшүү үчүн…

Прочитайте больше

Россия Луганск Эл Республикасына толук көзөмөл орнотту

Россия Луганск Эл Республикасына толук көзөмөл орнотту

Россиянын Коргоо министри Сергей Шойгу өлкө президенти Владимир Путинге Луганск Элдик Республикасынын бошотулганы боюнча отчет берди. Бул тууралуу 3-июлда РФ Коргоо министрлиги билдиргенин орус басылмалары жазышты. “Бүгүн, 2022-жылдын 3-июлунда Россия Федерациясынын Коргоо министри, армиянын генералы Сергей Шойгу Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку командачысы Владимир Путинге Луганск Эл Республикасынын бошотулушу тууралуу отчет берди”, – деп айтылат маалыматта. Шойгунун билдирүүсүнө караганда, РФ Куралдуу күчтөрү менен ЛЭРдин элдик кошуундарынын биргеликте ийгиликтүү жүргүзгөн аскердик операциялардын натыйжасында Лисичанск шаарын жана ага жакын жайгашкан бир…

Прочитайте больше

Россиянын президенти Путин дүйнөлүк азык – түлүк кризисине токтолду

Россиянын президенти Путин дүйнөлүк азык – түлүк кризисине токтолду

Россиянын президенти Владимир Путин азык-түлүк базарларындагы кырдаалдын трагедиялуу болбошу үчүн чаралар көрүлүшү керектигин билдирди. Россиянын президенти Владимир Путин азык-түлүк базарларындагы кырдаалдын трагедиялуу болбошу үчүн чаралар көрүлүшү керектигин билдирди. Владимир Путин өлкөсүнө келген Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен борбор шаар Москвада жолугушту. Жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө маалымат берген Путин глобалдык азык-түлүк кризисине токтолуп, Америка Кошмо Штаттарынын  чыгарган акчасына азык-түлүк сатып алганын, ошондуктан бул азыктардын баасы дагы жогорулаганын айтты. Мунун өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абалын начарлатканына көңүл…

Прочитайте больше
1 6 7 8 9 10 36