Квадробика жалпы коомчулукка анча белгилүү болбогон менен акыркы учурда көңүл ачуудан резонанстуу феноменге айланып, Кыргызстанга да жетти. Айрыкча, бул жагдайга 10 жаштан 14,16 жашка чейинки өспүрүмдөр тартылууда. Муну коомчулук ар кандай кабыл алып, кайчы пикирлерди жаратып жатат. Квадроберлер — жаныбарлардын кыймыл-аракетин жана адаттарын туураган адамдар, көбүнчө өспүрүмдөрдө күч алды. Бул субмаданияттын башатын 2008-жылы япониялык спортчу Кеничи Ито ойлоп тапкан. Ал жаныбарлардын техникасын колдонуу менен спорт менен машыгып баштаган жана Россияда квадробика темасынын кеңири талкууланып жатканын…
Прочитайте большеВИДЕО
Орусия дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын тизмесинде биринчи орунга чыкты
Дүйнөдөгү эң күчтүү отуз мамлекеттин армиясынын тизмесинде постсоветтик өлкөлөрдөн Украина, Өзбекстан жана Азербайжан бар. Кыргызстан бул катарга кирген эмес. Азербайжандын куралдуу күчтөрү дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын рейтингине кирет. Бул тууралуу Caliber.Az америкалык U.S. басылмасынын маалыматына таянуу менен билдирди. News and World Report басылмасынын жазганына караганда, Азербайжан армиясы рейтингде 29-орунга чыкты. Рейтингге ылайык, Орусия Федерациясы дүйнөнүн эң күчтүү армияларынын тизмесинде 1-орунда, ал эми Украина 8-орунда. Рейтингде 2-орунда АКШ, 9 миллион калкы бар Израил 3-орунда, 1,4 миллиард…
Прочитайте большеКамала Харрис менен Дональд Трамп дебатта биринчи жолу жолугушту
АКШ президенттигине талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трамп ноябрь айындагы добуш берүүнүн алдында ABC News телеканалынын түз эфиринде шайлоо алдындагы биринчи жана балким, жалгыз теледебатын өткөрүштү. Дебат шайлоого эки айга жетпеген убакыт калганда өттү. Дискуссиянын биринчи бөлүгү жана ABC телеканалынын алып баруучусу Дэвид Муир берген биринчи суроо экономикага багытталды. “Америкалыктар төрт жыл мурункуга караганда жакшыраак жашайт деп ишенесизби?” — деп сурады ал. Харрис алгач жооп берип, “мүмкүнчүлүк экономикасын” курууну пландап жатканын айтты. Ал турак-жай маселесин чечүүгө, жаш үй-бүлөлөргө жана чакан бизнеске…
Прочитайте большеИзраилдеги массалык нааразылык акцияларынын катышуучуларынын саны 700 миң адамга жетти – ММК
Жекшемби күнү барымтадагыларды бошотуу үчүн Газа тилкесинде ок атышууну токтоосуз токтотууну талап кылган Израилдеги массалык нааразылык акцияларынын катышуучуларынын саны 700 миң адамга жетти. Бул тууралуу израилдик Ynet порталы жазганын Tengrinews.kz РИА Новостиге таянуу менен билдирди. Уюштуруучулардын айтымында, Тель-Авивдеги митингдерге 550 миң адам катышты. Массалык нааразылык акциясын ХАМАСтын туткунунда 330 күн болгон алты барымтадагы киши өлтүрүлгөнү тууралуу кабардан кийин активисттер уюштурган. “Жекшембинин кечинде өлкө боюнча 700 миң адам нааразылык акцияларына катышты, ал эми Тель-Авивдеги Каплан көчөсүндөгү…
Прочитайте большеБританиядагы башаламандыктардан кийин 90дон ашуун киши кармалды
Улуу Британиянын бир нече шаарында болгон нааразылык акцияларынан кийин 90дон ашуун киши кармалды. Бий студиясындагы кол салуудан кийин ашынган оңчулдар тутанткан мигранттарга каршы нааразылык акциялары 3-августта Халл, Ливерпул, Бристол, Манчестер, Сток-он-Трент, Блэкпул, Белфаст шаарларында уланды. Катышуучулар дүкөндөрдү талкалап, полицияга да кол салышты. Британ премьер-министри Кир Стармер өкмөт “жек көрүүнү козутууга аракеттенген экстремисттерге” чара көрүүдө полицияга колдоо көрсөтөрүн убадалады. Башаламандык Саутпорт шаарындагы бий студиясына болгон кол салуунун эртеси күнү башталган. 29-июль күнү кечинде белгисиз бирөө бычак менен балдардын…
Прочитайте большеПутин: АКШ Германияга ракеталарын жайгаштырса, Орусия ага шайкеш жооп кайтарат
Орус президенти Владимир Путин эгер өлкө аймагына сокку урууга жөндөмдүү америкалык ракеталык системалар Германияда жайгаштырылса, Кремль орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды орноторун билдирди. Путин Санкт-Петербургдагы Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган парадда сүйлөп жатып, ракеталардын “учуу убактысын” дагы бир жолу эске салды. Жекшембиде Путин Вашингтон менен Берлиндин “2026-жылдан тарта Германиянын аймагында америкалык алыс аралыкка атуучу ракеталык системаларды жайгаштыруу” пландары тууралуу билдирүүлөрү көңүл бурдуруп жатканын айтты. Путиндин айтымында, Орусиянын маанилүү мамлекеттик жана аскерий башкаруу объектилери мындай курал-жарактар…
Прочитайте большеРоссияда төрөлүү көрсөткүчү өтө төмөн – Песков
Кремль экономикалык башаламандык жана согуш Орусиянын демографиясына олуттуу таасирин тийгизгенин моюнга алат. Төрөттүн көрсөткүчү 1,4 деңгээлде менен рекорддук санда өтө төмөн. Бул улуттун келечеги үчүн катастрофа, деди Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. «Биз дүйнөдөгү эң чоң мамлекетте жашайбыз. Бирок жыл өткөн сайын биз азайып баратабыз», – деди Песков. БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаментинин болжолдоолоруна ылайык, Россиянын калкы жакынкы 75 жылда жылына 300-600 миң адамга азаят, ал эми 21-кылымдын аягында өлкөнүн калкы акыркы 135 жылдагы…
Прочитайте большеНиколас Мадуро Венесуэладагы шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды: дүйнөдөгү реакция
Республикадагы шайлоодо Венесуэланын азыркы президенти Николас Мадуро жеңип чыкты. Ал үчүнчү жолу алты жылдык мөөнөткө шайланды. Оппозициянын билдирүүсү Венесуэла оппозициясынын лидерлеринин бири Корина Мачадо президенттикке талапкер Эдмундо Гонсалестин командасы анын шайлоодогу жеңилгенин тааныбай турганын билдирди. Оппозициялык күчтөрдүн праймериздерин жеңип, бирок мурда сот тарабынан саясий укуктарынан ажыратылгандыктан шайлоого катышпаган Мачадонун айтымында, Мадуронун каршылаштары жарыяланган жыйынтыкка нааразылык билдирүүгө аракет кылышат. Дүйнөдөгү реакция Аргентинанын президенти Хавьер Майли анын өлкөсү Николас Мадуронун жеңишин тааныбай турганын, анткени добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча оппозиция лидери Эдмундо Гонсалести лидер…
Прочитайте больше2040-жылы Жерде бир миллиардга жакын адам сымал робот пайда болушу мүмкүн
Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск адам сымал роботтордун массалык өндүрүшү 2026-жылы башталарын айтты. Бул туурасында анын Х социалдык тармактагы баракчасында айтылат. Өз кайрылуусунда ал келерки жылы роботтордун чакан партиясы ички колдонуу үчүн чыгарылып, бир жылдан кийин массалык өндүрүш башталарын билдирди. Масктын айтымында, техника жасалма интеллект, ошондой эле компаниянын унааларында колдонулган ар кандай датчиктер менен жабдылат. Адамдын бетинин ордуна монитор орнотулуп, анда пайдалуу маалыматтар чыгып турат. Масктын божомолуна ылайык, 2040-жылы Жер бетинде бир миллиардга жакын мындай роботтор…
Прочитайте большеДональд Трампты аткан Томас Крукс ким болгон?
ФБР Пенсильвания штатынын Батлер шаарында шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трампты аткан адам 20 жаштагы Томас Мэттью Крукс экенин жарыялады. Ал ата-энеси менен тынч шаар четинде жашаган жана Республикалык партиянын тарапкери болгон. Ок Трамптын кулагына тийген – аны аткан адам чогулгандарга бир нече ок атып, бирөөнү өлтүрүп, дагы эки адамды оор жарадар кылган. Аны мурдагы президент катары жана президенттикке расмий талапкер катары Трампты кайтарган Жашыруун кызматтын офицерлери атып салышкан, деп билдирет Би-Би-Си. Томас Крукстун жанында эч…
Прочитайте большеНигерияда мектеп имараты урап, 22 адам каза болду
Нигериянын Плато штатында жума күнү эки кабаттуу мектеп имараты урап, кеминде 22 адам каза болуп, 132 киши жарадар болгонун Синьхуа агенттиги билдирди. Плато штатынын борбору Жос шаарындагы башталгыч жана орто мектептин имараты жума күнү эртең менен балдар экзамен берип жаткан маалда урап түшкөн. Имаратта бир нече окуу бөлмөлөрү жана кеңселер жайгашкан. Жума күнү кечинде куткаруучулар урандылардын астынан 22 курман болгондордун сөөгүн жана 132 тирүү калганын алып чыгышты, алардын алтоосу оор абалда, деп билдирди Синьхуа агенттигине…
Прочитайте большеРоссияда учак кыйрады: бир гана адам аман калган
Татарстанда жеңил моторлуу экскурсиялык Cessna-172 учагы кыйраганын Tengrinews.kz Россиянын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен билдирди. «2024-жылдын 10-июлунда түштөн кийин Cessna-172 жеңил учагы Камское Устье айылынын жанындагы чатыр лагеринин аймагына катуу конду, учакта төрт адам болгон. Анын ичинде жашы жете элек бала да болгон. Кырсыктын натыйжасында учак күйүп кеткен “Бир гана адам аман калып, медициналык мекемеге жеткирилди”,- деп айтылат расмий билдирүүдө. Окуя болгон жерде Транспорт боюнча тергөө комитетинин тергөөчүлөрү жана криминалисттери иштеп жатат. Окуянын себептерин аныктоо…
Прочитайте большеБайден Трамп менен дебатта уктап кала жаздагандыгынын себебин айтты
АКШнын президенти Жо Байден Дональд Трамп менен дебатта өзүнүн начар көрсөткүчүн чарчоо менен байланыштырып, дебат маалында “уктап кала жаздадым” деп мойнуна алды. «Кеп мында, билесиңерби, мен анчалык акылдуу эмес болчумун. Дебатка чейин 100гө жакын убакыт алкагын басып, дүйнөнү эки жолу кыдырууну чечтим. Ошого карабай өзүмдүн кызматкерлеримди укпай, кайра кайтып келип, сахнада уктап кала жаздады», — деген Байдендин сөзүн келтирет Reuters. Бирок ал ийгиликсиздикке актанбай турганын баса белгиледи. Байдендин Трамп менен биринчи дебаты 28-июнда болгон. Эки…
Прочитайте большеПакистанда ысыктан 600дөй киши каза тапты
Пакистанда ысык аптаптын айынан 600дөй адам каза таап, ооруканалар менен өлүкканалар толуп калды. Айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, миңдеген адам ооруканага кайрылууга аргасыз болду. Көз жумгандардын көбү Пакистандын Карачи шаарынын жайшоочулары. Шаарда абанын температурасы 40 градустан ашканы, бирок болжол менен температура 49-50 градуска чейин жеткендиги айтылууда. Тез жардам унаалары ысык урган ондогон кишилерди өлүкканаларга ташыгандыгын Эдхи фондусунун башчысы Фейсал Эдхи билдирген. “Күнүгө Карачидеги өлүкканага 30-40 сөөк келип жатат. Акыркы алты күндүн ичинде алардын саны 568ден…
Прочитайте большеАятолла Хаменеинин Газаны колдоп чыккан америкалык студенттерге тилектештик билдирүүсү
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи палестиналыктарды колдоп чыккан америкалык университеттердин студенттерине кайрылуу-кат жазып, анда алардын Палестина элин коргоодогу позициясын жогору баалады.
Прочитайте больше