Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израилдин Рафахтагы операциясы Тель-Авивдин Египет жана АКШ менен мамилесин начарлатабы? Эксперттин пикири

Израиль армиясы ХАМАСка каршы аскердик кысым саясатын “толук жеңишке чейин” улантарын өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Израилдин Рафахтагы операциясы 12-февралга караган түнү болуп, массалык аба соккулары менен коштолуп, анклавда кеминде 100дөй киши набыт болуп, 230дан ашууну жарадар болгонун Al Mayadeen телеканалы билдирди.  Израиль Рафахта жүргүзгөн рейд учурунда ХАМАС кыймылы барымтада кармап турган жарандарынын экөөнү бошотконун билдирди. Тель-Авив бул аймакта чабуул жасоо операциясына даярдык көрүлүп жатканын өткөн аптада жарыялаган. ХАМАС Израилдин Рафахка жасаган соккусун палестиналыктарды геноцид…

Прочитайте больше

Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Morning Consult: Израиль дүйнө жүзү боюнча колдоосун жоготуп жатат

Газадагы согуш башталгандан бери Израилге дүйнөлүк колдоо көрсөтүү кыйла азайганын Morning Consult компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөттү. Сурамжылоо 2023-жылдын октябрынан декабрына чейин 6 континенттеги 43 өлкөдөн алынган 300дөн 6000ге чейин жооптордун негизинде жүргүзүлгөн. Кытай, Түштүк Африка, Бразилия жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндө Израилге карата көпчүлүктүн көз карашы «жагымдуудан» «жагымсызга» өзгөргөн. Израилге карата буга чейин “терс” көз карашта болгон Япония, Түштүк Корея жана Улуу Британияда да бул өлкөгө колдоо көрсөтүүнүн бир топ азайгандыгы байкалган. 2023-жылдын…

Прочитайте больше

Патрушев: Ооганстанда 23 миңден ашуун согушкер бар

Патрушев: Ооганстанда 23 миңден ашуун согушкер бар

Ооганстанда азыр 20га жакын террордук уюм бар, алардын катарында 23 миңден ашуун согушкер бар. Бул тууралуу Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев бүгүн Бишкек шаарында өтүп жаткан улуттук коопсуздук боюнча Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын/кеңешчилеринин Ооганстан маселелери боюнча Алтынчы регионалдык диалогунун катышуучуларынын жолугушуусунда билдиргенин РИА Новости жазды. “Ооганстан – Батыштын чексиз геосаясий авантюраларынын чынжырынын түйүндөрүнүн бири. Ооганстандагы азыркы оор кырдаал үчүн негизги жоопкерчилик АКШ жана анын союздаштарында болушу керек”, – деди Патрушев. Анын айтымында, Вашингтон Ооганстанда турган…

Прочитайте больше

Алексей Навальный каза болду

Алексей Навальный каза болду

Орусияда абактагы оппозиционер саясатчы Алексей Навальный каза болгонун бүгүн 16-февралда орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматына таянып билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Ямал-Ненец автоном округундагы №3 түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Навальный сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготкон. «Бардык тийиштүү реанимациялык аракеттер жасалды. Алар оң натыйжа берген жок. Тез жардам дарыгерлери ал каза болгонун тастыкташты. Өлүмдүн себебин тактоо жүрүп жатат», – деп айтылды маалыматта. Айрым орусиялык журналисттер саясатчынын каза…

Прочитайте больше

Япония : “Байкоочу спутниктерин ташыган ракета ийгиликтүү учурулду”

Япония : “Байкоочу спутниктерин ташыган ракета ийгиликтүү учурулду”

Япониянын космостук чалгындоо агенттиги (JAXA) Кагосима префектурасынан космоско байкоо спутниктерин ташыган жаңы типтеги H3 ракетасын учурду. Япониянын космостук чалгындоо агенттиги (JAXA) Кагосима префектурасынан космоско байкоо спутниктерин ташыган жаңы типтеги H3 ракетасын учурду. Япониянын космостук чалгындоо агенттигинин билдирүүсүнө караганда, байкоо спутниктерин ташыган «No2 H3 ракетасы» Кагосимадагы Танегасима космостук борборунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 09.22де учурулду. Ракетанын пландалган орбитага киргендиги жана 2,6 тонна жасалма жүк көтөргөн микроспутниктерди ийгиликтүү жайгаштыргандыгы маалымдалды.  Япониянын космостук чалгындоо агенттиги жана Mitsubishi Heavy Industries (MHI) биргелешип…

Прочитайте больше

Мьянмада ай сайын 5 миң киши аскерге алынат

Мьянмада ай сайын 5 миң киши аскерге алынат

Мьянмадагы аскердик башкаруу жаңы күчүнө кирген милдеттүү аскердик кызмат мыйзамынын алкагында жыл сайын 60 миң жаш эркек жана аялдардын аскерге алынарын жарыялады. Мьянмадагы аскердик башкаруу жаңы күчүнө кирген милдеттүү аскердик кызмат мыйзамынын алкагында жыл сайын 60 миң жаш эркек жана аялдардын аскерге алынарын жарыялады. Аскердик башкаруусу  жаңыдан күчүнө кирген милдеттүү аскердик кызматка байланыштуу билдирүү жасады. Билдирүүдө мыйзам боюнча  ай сайын  5 миң жаш эркек жана аялдардын аскерге алынары белгиленди. Мьянма аскердик өкмөтүнүн катчысы, генерал – майор Зав Мин Тун Би-Би-Сиге берген билдирүүсүндө биринчи…

Прочитайте больше

Трамп НАТО тууралуу билдирүүлөрүн кайталады

Трамп НАТО тууралуу билдирүүлөрүн кайталады

Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Түштүк Каролина штатынын Түндүк Чарлстон аймагында НАТО тууралуу айткандарына байланыштуу билдирүү жасады. Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурдагы президенти Дональд Трамп “финансылык милдеттенмелерин аткарбаган НАТО союздаштарына Орусиянын кандайдыр бир кол салуусуна бөгөт койбойм” деген билдирүүсүнө бекем турганын айтты. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгүнүн алкагында барган Түштүк Каролина штатынын Түндүк Чарлстон аймагында НАТО тууралуу айткандарына байланыштуу билдирүү жасады. Бул билдирүүлөрүнүн артында турганын баса белгилеген Трамп: «Эгер (НАТО союздаштары) төлөбөсө, биз да аларды…

Прочитайте больше

Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Иранда аялдар жетекчилик кызматтарда да иштешет

Ирандагы ислам революциясынын жеңиши монархиялык режимдин миң жылдык тарыхына чекит койгон 20-кылымдын экинчи жарымындагы эң маанилүү саясий окуялардын бири катары каралат. Шахтын бийлигине каршы миңдеген карапайым жарандар, өлкөнүн бардык социалдык топторунун өкүлдөрү, алардын арасында ирандык аялдар да чыгышкан. Мындан 45 жыл мурун болгон Ислам революциясынын жеңишинен кийин коомдун саясий жана социалдык турмушу түп-тамырынан бери өзгөрүп, ал бардык социалдык топтордун, анын ичинде аялдардын абалына оң таасирин тийгизип, үй-бүлө жана аялдар маселесине жаңыча мамилени жана жаңыча көз карашты…

Прочитайте больше

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Түркия менен Иран Газа тилкесиндеги кризисти тынчтык жолу менен тез арада чечүүнү колдошот. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелерди, биринчи кезекте Газадагы кырдаалды кеңири талкууладык. Биз аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган кадамдардан качуунун маанилүүлүгүн макулдаштык. Израилдин адамгерчиликсиз чабуулдарын токтотуу  жана Газа боюнча адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын талкууладык», – деди Эрдоган….

Прочитайте больше

Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Катарда Азия кубогу уланууда. Турнирге Кыргызстанды кошкондо 24 курама команда катышууда. 19-январдагы турнирде 3 беттеш өттү: “С” тайпасында – Гонконг – Иран, “D” тайпасында – Ирак – Япония  жана Вьетнам – Индонезия. Ирак сенсациялык түрдө Японияны 2:1 эсебинде (D тайпасы) жеңсе, Иран Гонконгду 1:0 эсебинде (С тайпасы) утуп алды. Ирак футболчусу Айман Хуссейн дубль жаратса, ирандыктардын командасынан голду Мехди Гайеди киргизди. Иран-Гонконг беттеши https://www.youtube.com/embed/VDeakUm7pKQ?start=2&feature=oembed Муну менен эки кошуна өлкө өздөрү үчүн абдан маанилү 6 упайга ээ болуп, плей-оффко…

Прочитайте больше

Эксперт: Хуситтер Йеменге жасалган чабуулдарга жооп катары кысыкты жаап коюшу мүмкүн

Эксперт: Хуситтер Йеменге жасалган чабуулдарга жооп катары кысыкты жаап коюшу мүмкүн

АКШ менен Улуу Британиянын Йеменге жасаган авиасоккулары бул коалициянын союздаштарынын Баб аль-Мандеб кысыгы аркылуу деңиз жүк ташууларына коркунуч туудурушу мүмкүн. Бул тууралуу Йемендик публицист жана саясат таануучу Мухаммад аль-Каиди РИА Новостиге билдирди. Эксперттин айтымында, америка-британиялык коалициянын соккулары Йемендин түндүгүндө бийлик жүргүзгөн «Ансар Аллах» кыймылынын (хуситтер) куралдуу түзүмдөрү үчүн сезимтал болгон объектилерди жок кыла алган жок. Эксперттин пикиринде хуситтер «америкалык агрессияга дуушар болушарын» күтүшкөн, ошондуктан алар «көптөгөн аскердик объектилерин» эвакуациялашкан. “Айрыкча Ходейда провинциясында чабуулдун бутасына айланган объекттер бош…

Прочитайте больше

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Т. Масабиров: “Электрондук вейп чылымдар менен энергетикалык суусундуктарды  көзөмөлдөө керек”

Акыркы убакта электрондук чылымдар менен энергетикалык суусундуктардын адамдын ден-соолугуна терс таасирин тийгизгендигине карабастан өтө тездик менен дүйнөлүк коомчулукта кеңири жайылып келе жатат. Мунун эпкини Кыргызстанга да келип жетип, эки жыл аралыгында даана байкала баштады. Бул каражаттардын кесепети адамдардын ден соолугуна тийгизген кесепетинен тышкары, тагдырын да талкалаарын дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да төгүнгө чыгарбайт. Бул маселени Жогорку Кеңештин  трибунасынан бир нече жолу  көтөрүп келе жаткан депутат Таалайбек Масабиров менен вейп чылымдары жана энергетикалык суусундуктардын жаштардын ден соолугуна тийгизген…

Прочитайте больше

Палестина тарыхы: Сионисттик Израил жүргүзгөн 75 жылдык кыргын

Палестина тарыхы: Сионисттик Израил жүргүзгөн 75 жылдык кыргын

Мындан 75 жыл мурун Израил деген өлкө картада жок эле. Азыр 10 миллионго чукул еврейлер жашаган Жакынкы Чыгышта, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгинде Иерусалим деген мамлекетте мусулмандар кылымдар бою бактылуу жашап келишкен. Сионисттик Израилдин палестиналыктарга карата зомбулугу быйыл эле баштала калган жок. Палестиналыктар канча кылымдан бери жашап келген жерлеринен, үй-жайынан айрылып, 75 жылдан бери дүйнөнүн көз алдында зулумдукка дуушар болуп келишет. Бул материалдан сионисттер кантип Иерусалимди оккупациялап алгандыгын, миллиондогон палестиналыктардын тагдырын өзгөрткөн адилетсиздик кандайча башталгандыгын…

Прочитайте больше

Мусулмандар Палестинага кантип жардам бере алышат?

Мусулмандар Палестинага кантип жардам бере алышат?

“Биз жөнөкөй мусулман болсок, Палестинадагы бир туугандарыбызга кантип жардам беребиз?” – деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ар бир мусулман аларды колдоп, жардамын көрсөтө алат. 1. Чын жүрөктөн дуба кылыңыз Дуба – мусулмандын куралы. Бул нээматты баалап, көбүрөөк бир туугандарыбыз үчүн дуба кылыңыз. Палестинадагы бир туугандарыбызга жеңилдик беришин Аллахтан жалынып-жалбарып сураныңыз. Аллах гана абалды өзгөртөт. Аллах Таала жардам берсе, эч ким мусулмандарга зыяндык кыла албайт. 2. Тарыхты окуңуз Пайгамбарыбыздын ﷺ Куддус жөнүндө айткан хадистерин окуп, Иерусалимдин тарыхын…

Прочитайте больше

Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Азия оюндары: Ж. Шаршенбеков тажикстандык атаандашын жеңди

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Күрөш боюнча мелдештер бүгүн, 4-октябрда башталып, Шаршенбековдун биринчи беттеши 1/8 финалда болуп өттү.Анын алгачкы атаандашы тажикстандык Асламжон Азизов болду. Беттештин биринчи бөлүгүндө тажикстандык балбан 5 упай алып, алдыга чыккан. Бирок экинчи бөлүктө Жоламан Шаршенбеов жалпы 8 упай алууга жетишип, жеңишти сууруп кетти. Эми ал чейрек финалда түштүк кореялык Ханжаэ Чун менен күч сынашат. https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=476&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2F100006729180727%2Fvideos%2F652447006867484%2F&show_text=true&width=476&t=

Прочитайте больше
1 2 3 4 133