АКШда биринчи жолу абактагы адам азот менен өлүм жазасына тартылды

АКШда биринчи жолу абактагы адам азот менен өлүм жазасына тартылды

АКШнын Алабама штатында соттолгон адам биринчи жолу таза азот менен тумчуктуруу ыкмасы аркылуу өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу Алабама штатынын башкы прокурору Стив Маршалл билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышты. Анын айтымында, процедура болжол менен 30 мүнөткө созулду. Азот менен өлүм жазасына тартылган биринчи адам 58 жаштагы Кеннет Юджин Смит аттуу эркек киши болду. Юджин Смит 1988-жылы буйрутма жолу менен киши өлтүрүп соттолгон. Учурда мындай өлүм жазасы үч штатта мыйзамдуу: Оклахома, Миссисипи жана Алабама. Бирок буга…

Прочитайте больше

Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду

Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Швециянын НАТОго киришин ратификациялаган документке кол койду. Тиешелүү жарлык расмий өкмөттүк Resmi Gazete гезитине жарыяланды. “Швециянын НАТОго кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоону бекитүү тууралуу президенттин жарлыгы расмий өкмөттүк гезитте жарыяланды”, – деп билдирет NTV телеканалы. Ошентип, Анкара Стокгольмдун альянска мүчөлүгүн бекитүү процессин расмий түрдө аягына чыгарды. Эми Швециянын НАТОго киришине макулдугун бере элек Венгрия калды. 23-январда Түркиянын парламенти Швецияны биримдикке кабыл алуу үчүн добуш берген. 346 депутаттын 287си макул, 55и каршы, төртөө калыс болгон….

Прочитайте больше

Белгилүү жазуучу Мирзахалим Каримов акка моюн сунду

Белгилүү жазуучу Мирзахалим Каримов акка моюн сунду

Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист  Мирзахалим Каримов 72 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу ал жашаган айылдын тургундары маалымдады. Мирзахалим Каримов 1952-жылы 29-декабрда Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Бүтөө-Көл айылында туулган. Орто мектепти аяктагандан кийин айдоочулук курстан окуп, беш жылга чукул керек-жарак коомунда кесиби менен эмгектенген. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы окууну аяктаган. 1984-1988-жылдары Жерге-Тал райондук гезитинде иштеген. 1988-жылы Тажикстандан Кыргызстанга кайра көчүп келген….

Прочитайте больше

Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ооганстандагы «ИМ» террордук уюму Борбор Азияга кандай коркунуч туудурат?

Ирак менен Сириядагы «ИМ» (Кыргызстанда жана көптөгөн мамлекеттерде тыюу салынган эл аралык террордук уюм) Иран, Орусия жана Түркиянын биргелешкен аракеттери менен күчүн жоготкон, бирок алар кийинчерээк Ооганстанда айрыкча азыр өлкөнүн башында турган, көптөгөн өлкөлөрдө террордук деп таанылган “Талибан” кыймылы турганда баш көтөрүп, күч ала баштады. Бирок айрым эксперттер бул  террордук уюм олуттуу коркунуч туудурбайт деп эсептешет, анткени талибдер аларга каршы турарын убада беришкен. Ооганстандагы террордук топтор Борбор Азия өлкөлөрүнө олуттуу коркунуч жаратабы жана окуялардын өнүгүшүндө…

Прочитайте больше

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Эрдоган менен Раиси Газадагы кризис тууралуу эмне дешти?

Түркия менен Иран Газа тилкесиндеги кризисти тынчтык жолу менен тез арада чечүүнү колдошот. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада ирандык кесиптеши Ибрахим Раиси менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык жана эл аралык маселелерди, биринчи кезекте Газадагы кырдаалды кеңири талкууладык. Биз аймактын коопсуздугуна жана туруктуулугуна коркунуч келтире турган кадамдардан качуунун маанилүүлүгүн макулдаштык. Израилдин адамгерчиликсиз чабуулдарын токтотуу  жана Газа боюнча адилеттүү жана туруктуу тынчтык орнотуу үчүн шашылыш чараларды көрүү зарылдыгын талкууладык», – деди Эрдоган….

Прочитайте больше

Кыргызстандын Экономика министри Ооганстанга барып, “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту

Кыргызстандын Экономика министри Ооганстанга барып, “Талибан” өкмөтүнүн өкүлү менен жолукту

24-январда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Ооганстандын борбору Кабул шаарында Ооганстанды башкарып жаткан “Талибан” өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Эске салсак,…

Прочитайте больше

Орусияда тик учак кыйрап, 74 киши набыт болду

Орусияда тик учак кыйрап, 74 киши набыт болду

24-январда Белгород облусунда Ил-76 аскердик учагы кулап түштү. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бортто туткунга алынган 65 украин аскер кызматкери болгон. Аларды алмашуу үчүн Белгород облусуна коштоп бараткан үч киши жана алты экипаж мүчөсү да набыт болду. Окуя тууралуу биринчилерден болуп 112 Телеграм каналы билдирди. Белгород Телеграм каналдары окуя учурунда тартылган видеолорду жарыялашты. Тик учак катуу ылдамдыкта кулап, жарылып кеткен. «Украинская правда» жана «РБК-Украина» өз булактарына таянып, Ил-76 учагын Украинанын куралдуу күчтөрү…

Прочитайте больше

Түркия Швециянын НАТОго киришине макул болду

Түркия Швециянын НАТОго киришине макул болду

Түрк парламенти Швециянын НАТОго кошулуу протоколун ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Эми документке Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол коюшу керек жана ал өкмөттүк гезитке жарыялангандан кийин күчүнө кирет. Мамлекет башчысы жарлыкка кол коюуну 15 күндүн ичинде кароого укуктуу. Демилгени 346 депутаттын 287си колдоп, 55и каршы болуп, төртөө калыс калды. Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон бул кабарга дароо реакция жасап: «Бүгүн биз НАТОнун толук кандуу мүчөсү болууга бир кадам жакындадык», – деп билдирди.НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг…

Прочитайте больше

ЖМК: Израиль менен ХАМАС ок атууну бир айга токтотууну макулдашты

ЖМК: Израиль менен ХАМАС ок атууну бир айга токтотууну макулдашты

Израиль менен ХАМАС барымтадагы адамдарды бошотуу үчүн ок атууну бир айга токтотууга даяр. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянып кабарлады. Сүйлөшүүлөр Катардын, АКШнын жана Египеттин ортомчулугу менен өтүүдө. Бирок агенттик убактылуу элдешүүнүн шарттары боюнча пикир келишпестиктер макулдашууга жетишүүнү кечеңдетип жатканын белгилейт. Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш ок атышууну токтоосуз токтотууга чакырган. Ал ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатакты туруктуу чечүүнүн бирден-бир жолу Тель-Авивде четке кагылган Израиль жана Палестина эки мамлекет деген чечим экенин баса…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда туризм боюнча кызматташуу жанданат

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда туризм боюнча кызматташуу жанданат

23-январда Тегеран шаарында Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыковдун ИИРдин Маданий мурастар, туризм жана кол өнөрчүлүк министринин орун басары  А.  Шалбафиян менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КРнын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран туристтик кызматташтыгынын, ошондой эле эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүгүн практикалык жактан ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташууну  жандандырууну талкуулашты. Тараптар өлкөлөр ортосундагы туристтик кызматташтыктын деңгээлин жогорулатууга багытталган биргелешкен планды аныкташты. Бул багытта үстүбүздөгү…

Прочитайте больше

Путин Түндүк Кореяга барышы күтүлүүдө

Путин Түндүк Кореяга барышы күтүлүүдө

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруусу менен жакында Түндүк Кореяга барат. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) кабарлады. “Президент Путин мамлекеттик иштердин төрагасы, жолдош Ким Чен Ын аны ыңгайлуу убакта Пхеньянга келип кетүүгө чакырганы үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирди жана жакынкы келечекте Түндүк Кореяга барууга даяр экенин айтты”, — деп кабарлады KCNA агенттиги. Маалыматта Путин “корей элинин эң жакын досу” деп аталган. Маалыматты орус президентинин басма сөз…

Прочитайте больше

Радикалдан террорчуга бир кадам: Террордук топтордун катарына адамдарды эмне түртөт?

Радикалдан террорчуга бир кадам: Террордук топтордун катарына адамдарды эмне түртөт?

Бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында террордук акт жасоону пландап жаткан ар кандай топтордун жана ячейкалардын күч органдары (ар кайсы өлкөнүн) тарабынан аныкталгандыгы тууралуу материалдарды көп көрүүгө болот. Мындай учурлар Борбор Азияда да көп катталууда. Жакында эле Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан өлкөнүн түштүгүндө “ИМ” террордук уюмуна ант берип, бир катар теракттарды уюштурууну көздөгөн өспүрүмдөр кармалды. Адамдарды бул топтордун катарына кошулууга эмне түртөт (себептер), кимдер азгыруучулардын курмандыгы болуп калышы мүмкүн жана андан кантип сактануу…

Прочитайте больше

Россиялык бизнес-джет Афганистанда кулап түштү

Россиялык бизнес-джет Афганистанда кулап түштү

Самолет Индиядан Москвага карай багыт алган. Анын бортунда болгону 6 адам учуп бараткан. Ташкентке күйүүчү май куюу үчүн конуш керек болчу. Ишемби күнү кечинде, 20-январда Афганистандын аба мейкиндигинде учур баратып РФнын мамлекеттик реестринин жарандык авиация тармагында катталган Falcon 10 самолету байланышка чыкпай, радардын экранынан жоголуп кеткен. Бул тууралуу Росавиациянын пресс-кызматы билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, самолеттун бортунда 6 адам  — 4 экипаждын мүчөсү жана 2 жүргүнчү болгон. «Самолет  «Атлетик Групп» ЖЧКга жана жеке тарапка таандык….

Прочитайте больше

Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Азия кубогу: Иран жана дагы үч команда мөөнөтүнөн мурда плей-оффко чыгышты

Катарда Азия кубогу уланууда. Турнирге Кыргызстанды кошкондо 24 курама команда катышууда. 19-январдагы турнирде 3 беттеш өттү: “С” тайпасында – Гонконг – Иран, “D” тайпасында – Ирак – Япония  жана Вьетнам – Индонезия. Ирак сенсациялык түрдө Японияны 2:1 эсебинде (D тайпасы) жеңсе, Иран Гонконгду 1:0 эсебинде (С тайпасы) утуп алды. Ирак футболчусу Айман Хуссейн дубль жаратса, ирандыктардын командасынан голду Мехди Гайеди киргизди. Иран-Гонконг беттеши https://www.youtube.com/embed/VDeakUm7pKQ?start=2&feature=oembed Муну менен эки кошуна өлкө өздөрү үчүн абдан маанилү 6 упайга ээ болуп, плей-оффко…

Прочитайте больше

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Иран мындан ары дагы ар тараптуу кызматташтыкты бекемдейт

19-январда тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана Бишкекте боло турган Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелерди өткөрүү маселелерин талкуулашты. Министрдин орун басары Атаханов эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун, анын ичинде транспорт, айыл чарба, логистика, туризм жана башка тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Маектешүүнүн соңунда…

Прочитайте больше
1 11 12 13 14 15 185