Каржы пирамидаларынан миңден ашык адам жабыркаган

Каржы пирамидаларынан миңден ашык адам жабыркаган

 Каржы пирамидасы – каржылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири. Ички  иштер органдары тарабынан 2022-жылдын 12 ай ичинде каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча жалпысынан 1052 кылмыш иши боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн, анын ичинен 765 кылмыш иштин тергөөсү аяктап, соттук кароого жиберилген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 27-беренесинин (кылмыш-жаза сот өндүрүшүн  жокко чыгаруучу жагдайлар) негизинде, 129 кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Ал эми Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 246-беренесинин  1-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде (айыпталуучу катарында…

Прочитайте больше

Президент эки ишти–бир иш менен чечкени жатат

Президент эки ишти–бир иш менен чечкени жатат

 “Чыныгы достук кыйынчылыкта сыналат” дейт. Россиянын жетекчилигинин тышкы саясаты боюнча ким кандай ойдо болбосун, жагабы, жакпайбы дагы көп жылдарга чейин Кремль биздин саясый, экономикалык негизги өнөктөшүбүз бойдон калат. Ал эми гуманитардык жактан Россиядан алыстамак түгүл жакындап баратканыбыз чындык. Мына ушундай мезгилде Садыр Жапаровдун 7-майда Москвага расмий иш сапар менен барып, 9-майда Кызыл аянттагы аскердик парадга катышуусун өзгөчө көрүнүштөй, андан да жаманы чектен чыккан нерседей көрсөтүүгө негиз жок. В.Путин ЖККУга кирген өлкөлөрдүн президенттеринин баардыгын чакырса, алардын баары баргандан баш тартышып,…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш парадына катышты. Сүрөт

Садыр Жапаров Москвадагы жеңиш парадына катышты. Сүрөт

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга ардактуу конок катары катышты. Салтанаттуу жүрүшкө 30 параддык эсепте 8 миңден ашык аскер кызматкерлери жана 125тен ашык аскердик техника катышты. Жеңиш парады аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров жана Россиянын президенти Владимир Путин Армения, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын лидерлери, ошондой эле делегация башчылары жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге…

Прочитайте больше

Тажиктер эмнеге жапырт орус жарандыгын алышууда?

Тажиктер эмнеге жапырт орус жарандыгын алышууда?

 Саат сайын 20дан ашуун тажикстандык орус жарандыгын алып жатат. Акыркы бир жылда Орусия жарандыгын алууну каалаган чет элдик жарандардын саны азайды. Бирок бул көрүнүш Тажикстандын жарандарына мүнөздүү эмес. Орто эсеп менен 2023-жылдын бери саат сайын 20дан ашуун тажикстандык орус жарандыгын алууда. Орусиянын Ички иштер министрлиги быйылкы жылдын үч айында 106 миңден ашуун чет элдик орус жарандыгын алганын, бул бир жыл мурункуга караганда 35 миңге аз экенин билдирди. Бирок Орусиянын жаңы жарандарынын арасында тажиктердин саны көбөйдү….

Прочитайте больше

Америка сириялык 33 мунай танкерин уурдап кеткен

Америка сириялык 33 мунай танкерин уурдап кеткен

 Сириянын маалымат булактары бул өлкөнүн 33 мунай танкери америкалык баскынчылар тарабынан уурдалып, Иракка контрабандалык жол менен ташылганын кабарлады. Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, Американын баскынчы күчтөрү Сириянын мунай затын уурдоо саясатын улантууга ылайык, акыркы бир нече саатта бул өлкөнүн уурдалган мунай затын ташыган бир нече танкерди мыйзамсыз жолдор аркылуу Иракка жеткиришти. Сириянын расмий маалымат агенттиги (SANA) бул кабарды жарыялады: “Али-Арабия” четиндеги жергиликтүү булактар ​​Америка баскынчыларынын Аль-Жазира мунай кендеринен жана Шаркия аймагынан уурдалган мунай…

Прочитайте больше

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

 Президент Садыр Жапаров жана ФИФА Президенти Джанни Инфантино биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык…

Прочитайте больше

Сербияда эки сутканын ичинде ок атуудан 17 киши өлдү

Сербияда эки сутканын ичинде ок атуудан 17 киши өлдү

 Сербиянын Младеновац аймагындагы Дубона айылында болгон ок атуудан сегиз киши өлүп, дагы 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу “Вечерние новости” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында эрезеге жете элек балдар да бар. Жаракат алган жети кишинин абалы өтө оор деп бааланууда. Окуя 4-май күнү кечинде болгон. 21 жаштагы тургун жергиликтүү мектептин короосунда достору менен уруша кетип, үйүнөн Калашников автоматын алып келип ок чыгарган. Андан соң ал автоунаасына отуруп, аймактагы башка адамдарды да аткылаган. Кол…

Прочитайте больше

Орус бизнесмендери менен спортсмендери эмнеге кыргыз жарандыгын алышууда?

Орус бизнесмендери менен спортсмендери эмнеге кыргыз жарандыгын алышууда?

 “Хроники”: бир катар орус бизнесмендери жана спортчулары кыргыз жарандыгын алган. 2021-жылдан 2023-жылдын май айына чейин Орусиянын 352 жараны кыргыз жарандыгын алган. Бул тууралуу “Хроники” иликтөө долбоору билдирди. Долбоор Кыргызстан президентинин коомчулукка жарыяланган жарлыктары менен таанышып чыккан соң ушундай бүтүмгө келгенин ырастоодо. Иликтөөчү журналисттер өз өлкөсүнүн жарандыгын алган кыргыздарды эсепке алган эмес. Орусияда туулган жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгандарга гана анализ жасашкан. “Хроники” Түндүк Батыш федералдык округунун статистикасын өзүнчө карап чыккан. Алардын эсеби боюнча 2021-жылдан бери…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын Кытайга чакырды

Си Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларын Кытайга чакырды

 Жакында Кытайга Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары барат.  Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин билдиргенин “Зеркало” агенттиги жазды. Анын айтымында, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Миризиёев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду 16-майдан 20-майга чейин Кытайга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды. Хуа Чуньин белгилегендей, чакырылган президенттер Кытай-Борбор Азия саммитине катышат. Ага Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов да чакырылган. Саммит Шэньси провинциясынын борбору Сиань шаарында Си…

Прочитайте больше

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москва шаарына барды. Видео

Президент Садыр Жапаров расмий сапары менен Москва шаарына барды. Видео

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти. Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды. Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди. Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды. Эске салсак, расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат,…

Прочитайте больше

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды. Сүрөт

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды. Сүрөт

 Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Россияда расмий сапар менен жүргөн президент Садыр Жапаров Ржев шаарында Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Жапаров менен Россиянын Мамдумасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти. Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык…

Прочитайте больше

«Азаттык» иши. Кыргыз бийлиги АКШны ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды

«Азаттык» иши. Кыргыз бийлиги АКШны ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды

 Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана бул өлкөнүн Мамлекеттик департаментинин “Азаттык” боюнча кайрылуусуна жообун жарыялады. Ал билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.”Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык” чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.Андан соң аталган министрлик сот органдарына…

Прочитайте больше

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери «согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн»

HRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери «согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн»

 Эл аралык уюм кыргыз-тажик чек ара жаңжалына өз баасын берди. “Хьюман Райтс Уотч” (Human Rights Watch – HRW) эл аралык уюму жаңы баяндамасында былтыр сентябрда талаштуу чек арадагы 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алган төрт күндүк жаңжал маалындагы кыргыз жана тажик күчтөрүнүн аракеттеринде “эки тараптан тең согуш мыйзамдарын олуттуу бузуу” болгон деп билдирди. 2-майда жарык көргөн баяндама – эки постсоветтик өлкөнүн чек ара талашынан тутанган жаңжалдагы эң кандуу окуя орун алгандан бери эл аралык беделдүү укук коргоо уюму…

Прочитайте больше

Тынчыбай жаткан Судандан 6 кыргызстандык эвакуацияланды

Тынчыбай жаткан Судандан 6 кыргызстандык эвакуацияланды

 Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Судандан алты кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ТИМдин, Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчилиги жана Россиянын Хартум шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен алты кыргыз жараны 2-майда Судандан Москвага жеткирилген. 3-майда алардын баары Москва- Бишкек каттамындагы учак менен Кыргызстанга жиберилди. Судандын баш калаасы Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү” тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу 15-апрелден бери уланууда. Буга кезинде бири-бирин өнөктөш…

Прочитайте больше

Раъй ал-Яум: Палестиналык каршылык Израилдин кылмышына 48 саатта жооп берет

Раъй ал-Яум: Палестиналык каршылык Израилдин кылмышына 48 саатта жооп берет

Палестинанын жогорку даражалуу жетекчилеринин бири “Рай Аль Яум” гезитине берген интервьюсунда “Исламдык Жихад” кыймылы сионисттик режимдин “Хызыр Аднандын” шейит болушундагы кылмышына 48 сааттын ичинде жооп кайтарарын билдирди.  Fars эл аралык кабар агенттигинин кабарына ылайык, палестиналык жогорку даражалуу аткаминер “Рай Аль-Яум” гезитинин интернет сайтына берген интервьюсунда алдыдагы 48 сааттын чечүүчү жана маанилүү сааттар болорун жана “Хызыр Аднандын” шейит болушуна дароо реакция болушу ыктымалдыгын билдирген. Бул жакшы кабардар палестиналык булак Газа тилкеси азыр кайнап жатканын жана палестиналыктардын…

Прочитайте больше
1 35 36 37 38 39 90