Евробиримдик 2035-жылга чейин бензин жана дизелдик унааларга тыюу салат

Евробиримдик 2035-жылга чейин бензин жана дизелдик унааларга тыюу салат

Европа Кеңеши, мүчө мамлекеттердин 2035-жылга чейин унаалар жана жеңил коммерциялык унаалар үчүн катаал көмүр кычкыл газынын эмиссиясы стандарттарын киргизе турган мыйзамды жактыргандарын билдирди. Евробиримдик (ЕБ) өлкөлөрү 2035-жылдан тарта бензин жана дизелдик кыймылдаткычтары бар жаңы унааларды сатууга тыюу салуу демилгесин бекитти. Европа Кеңеши, мүчө мамлекеттердин 2035-жылга чейин унаалар жана жеңил коммерциялык унаалар үчүн катаал көмүр кычкыл газынын эмиссиясы стандарттарын киргизе турган мыйзамды жактыргандарын билдирди. Мыйзамга ылайык, унаа өндүрүүчүлөр 2035-жылга чейин көмүр кычкыл газынын эмиссиясын нөлгө түшүрөт….

Прочитайте больше

Франциядагы иш таштоолор жана нааразылык акциялары

Франциядагы иш таштоолор жана нааразылык акциялары

Көптөгөн шаарда, өзгөчө борбор шаар Парижде миллиондогон кишинин аянттарга чыгышы күтүлүүдө. Францияда өкмөт парламентте добушка койбостон түз кабыл алган талаштуу пенсия реформасына каршы бир нече секторлор иш ташташты. Профсоюздардын чакырыгы боюнча массалык иш таштоолордун жана нааразылык акцияларынын онунчусу өтүп жатат. Көптөгөн шаарда, өзгөчө борбор шаар Парижде миллиондогон кишинин аянттарга чыгышы күтүлүүдө. Темир жолчулардын иш таштоого колдоо көрсөтүүсү менен Парижге жана анын тегерегине жүргүнчүлөрдү ташыган ар бир эки поезд каттамынан бири токтотулду. Мунай иштетүүчү заводдун жумушчуларынын…

Прочитайте больше

Талибандын делегациясы биринчи жолу Тажикстанга барды

Талибандын делегациясы биринчи жолу Тажикстанга барды

 Талибандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялык облусунун административдик борбору Хорог шаарындагы Ооганстандын консулдугуна барды. Бул тууралуу Талибандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи билдирди. Бул кыймылдын өкүлдөрүнүн Тажикстанга сапары тууралуу тастыкталган биринчи маалымат  Бирок расмий Душанбе бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.”Тышкы иштер министрлигинин каржы жана административдик башкармалыгынын башчысы Хажи Мухаммад Муса Амири баштаган делегация Тажикстандын Бадахшанынын борбору Хорог шаарындагы Ооганстандын консулдугуна барды”, – деп билдирди Талибандын ТИМ өкүлү соцтармактагы баракчасынан. “Консулдуктун ишине баа…

Прочитайте больше

Тажикстанда жер титирөөдөн 300 турак үй зыянга учурап, 100 мал өлдү

Тажикстанда жер титирөөдөн 300 турак үй зыянга учурап, 100 мал өлдү

 23-мартка караган түнү Тажикстандын аймагында катталган жер титирөөдөн Согд облусундагы Тоолуу Матча районунда ондогон турак үйлөр жана айыл чарба курулуштары кыйрады. Аталган райондогу Палдорак кыштагынын тургундары түнү бою сыртта отурууга аргасыз болушканын, мал-жандыктары өлүп, бейшемби күнү түшкө карата жардам дале келбегенин айтышты. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Ражабмахмад Бадалов жер титирөөдөн улам айылда 300 үй зыянга учурап, 100дөн ашык мал өлгөнүн билдирди. Бийлик зилзала келтирген чыгымды баалоо үчүн премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген атайын комиссия түзүлгөнүн маалымдады. 23-мартка караган түнү саат 01:07де…

Прочитайте больше

Францияда пенсия реформасына каршы нааразычылык акциялары тынчы бай жатат

Францияда пенсия реформасына каршы нааразычылык акциялары тынчы бай жатат

 Франциянын борбору Парижде жана башка шаарларда пенсиялык реформага каршы нааразычылык акциялары токтобой жатат. Кризис өкмөт пенсияга чыгуу курагы 62 жаштан 64 жашка чейин көтөрүү чечиминен улам келип чыкты. Кара бейшемби Кечээ, 23-мартта нааразычылык акциясына өлкө боюнча бир миллиондон ашык адам катышты. https://t.me/rt_russian/151354?embed=1 Өлкөдө ар түрдүү тармактардын жумушчулары: тазалык кызматкерлеринен баштап, мугалим, өрт өчүрүүчүлөргө чейин иш ташташты.  Кечээки акцияларга транспорт жана билим берүү кызматкерлери да кошулушту. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Парижде 100 миңден ашуун демонстранттар көчөгө чыгып, полиция менен кагылышуулар…

Прочитайте больше

Түндүк Корея цунами жарата турган ракетасын сынады

Түндүк Корея цунами жарата турган ракетасын сынады

 Түндүк Корея өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү суу алдындагы куралын сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу түштүк кореялык “Ренхап” маалымат агенттиги жазды. “Корея үнү” белгилегендей, Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын катышуусундагы сыноо 21-23-март күндөрү Түштүк Хамген провинциясында өттү. Түндүк Кореяда бул куралды “суу алдында кол салуучу аралыктан башкарыла турган “Хэир” катери” деп аташат. Маалыматка караганда, согуштук аракеттер учурунда ал “суунун алды менен ыкчам акваторияга жашыруун сүзүп барып, каршылаштын кемелерин жана портторун жок кыла турган өтө кубаттуу радиоактивдүү…

Прочитайте больше

Өзбекстан менен Ооганстан Куштепа каналын куруу долбоорунда кызматташат

Өзбекстан менен Ооганстан Куштепа каналын куруу долбоорунда кызматташат

Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов жетектеген делегация 22-мартта Ооганстанга келип кетти. Делегация өкүлдөрү Талибан өкмөтүнүн премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, Абдул Гани Барадар, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амирхан Муттаки, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Якуб Мужахед жана убактылуу өкмөттүн башка бир катар мүчөлөрү жана экономикалык структуралардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Талкууланган темалар: ▪️эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү; ▪️коопсуздук, чек араны коргоо; ▪️ар кандай жүктөрдү ( анын ичинде ооган аймагы аркылуу транзиттик…

Прочитайте больше

Орозону бузбаган нерселер

Орозону бузбаган нерселер

Орозону бузбай турган, бирок, сообун азайта турган нерселерден да качуу керек. Орозо кармагандарга убада кылынган чоң соопко жетүү үчүн бул шарт болуп саналат. Бир ибадатты орундаганда бул ибадаттын фарздарын, важибдерин, сүннөттөрүн, макрухтарын жана муфситтерин, б.а., ал ибадатты буза турган нерселерин да билүү керек. Буларды билбей орундалган ибадат толук болбойт. Жада калса,ибадат кылдым деп ойлогон нерсе бузулуп, ибадат болуудан чыккан болуусу мүмкүн. Мисалы, орозонун фарздарынын бири орозонун алгачкы убакытынан акыркы убакытына чейин (б.а., күн чыгып батканга…

Прочитайте больше

«Рамазан чатыры»: Бишкекте бир ай бою акысыз ооз ачыруу уюштурулат

«Рамазан чатыры»: Бишкекте бир ай бою акысыз ооз ачыруу уюштурулат

. Кыргызстанда 24-марттан баштап “Рамазан чатыры” аттуу социалдык-маданий долбоору өз ишин баштайт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары – “Умма” ислам журналынан билдиришти. Иш-чара 2016-жылдан бери аталган журнал тарабынан уюштурулуп, быйыл сегизинчи ирет өткөрүлөт. Бул өзгөчө долбоордун максаты  Рамазан айынын урматына аз камсыз жана муктаж адамдарга ооз ачуу уюштуруу болуп эсептелет. Акысыз ооз ачууга багытталган тамак-аш 24-марттан баштап Рамазан айынын аягына чейин күн сайын уюштурулат. “Рамазан чатыры” эшигин ачкан күндөн тартып Рамазан айынын аягына чейин майрамдык ооз ачууга…

Прочитайте больше

Ооганстан менен Пакистанда жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза тапты

Ооганстан менен Пакистанда жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза тапты

Пакистан менен Ооганстанда 21-март күнү кечинде катталган күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөдөн бери дегенде 13 киши өлүп, 100дөй адам жаракат алды. Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады. Басылманын маалыматына караганда, тогуз киши Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтанхва провинциясында мерт болсо, төрт киши Ооганстандын Лагман провинциясында каза тапты. Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Журм уездинен түштүктү карай 40 чакырым аралыктагы жерде орун алды. Пакистандык The New гезити бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Сват окуругундагы ооруканаларга жаракат…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат. Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем», – деп…

Прочитайте больше

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

 Финляндия алтынчы жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды. Мындай жыйынтык БУУнун тапшырмасы менен эксперттер тобу тарабынан даярдалган “World Happieness Report” докладында айтылат. Быйыл Финляндия кайрадан биринчи орунга илинип, экинчи жана үчүнчү катарды Дания менен Исландия ээледи.  Алдыңкы ондуктун ичинен Израиль өлкөсү эң чоң өсүштү көрсөттү – ал быйыл тогузунчу орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү. Андан кийинки орундарды Нидерландия, Швеция, Норвегия, Швейцария, Люксембург жана Жаңы Зеландия ээледи. Рейтингде Кыргызстан 62 орунда турат.  Россия быйыл…

Прочитайте больше

Си Цзиньпин Путиндин чакыруусу менен Москвага барды

Си Цзиньпин Путиндин чакыруусу менен Москвага барды

 Бүгүн, 20-мартта Москвага Кытайдын лидери Си Цзиньпин барды. Бул анын Украинада согуш башталгандан берки Орусияга жасаган алгачкы сапары болуп калды. Бул сапардын алдында Кытайдын “Жэньминь жибао” аттуу ири гезитине орус президенти Владимир Путиндин “Орусия менен Кытай – келечекке багытталган өнөктөштүк” деп аталган макаласы жарыяланды. Анын орус тилиндеги версиясы Кремлдин сайтына чыкты. Анда Путин алдыдагы жолугушуудан “көп нерсе күтүп жатканын” белгилеген. “Ошондой эле мен үчүн бул эски досум менен көрүшүү мүмкүнчүлүгү. Биз үчүн чыныгы дос – бир тууган…

Прочитайте больше

Анкарада ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

Анкарада ТМУ Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду

 Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Уюмга мүчө мамлекеттердин – Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Түркия Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту: – Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз Саммитинин Анкара декларациясы; – Түрк мамлекеттеринин уюмунун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө. Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда Түрк инвестициялык фондун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Прочитайте больше

Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

 Сириянын президенти Башар Асад АКШнын гегемониясына каршы турууну көздөгөн өлкөлөр коалиция түзүшү керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди. “СССР кулагандан бери кеминде отуз жыл же андан да көп – Корей согушунан бери созулган америкалык агрессияны токтото турган кандайдыр бир мамлекет бар деп айта албайбыз. Эгерде саясий ишмердүүлүк жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир катар мамлекеттердин ортосунда коалиция керек”, – деди Асад. Анын айтымында, көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө салым кошо…

Прочитайте больше
1 37 38 39 40 41 88