Марокко эли: Нормалдаштыруу – чыккынчылык

Марокко эли: Нормалдаштыруу – чыккынчылык

Марокко эли кечээ кечинде 30 шаарда антисионисттик демонстрациялар менен “нормалаштырууну токтотууну” талап кылды, алар “нормалануу – бул чыккынчылык” деген баннерлерди көтөрүп чыгышты. Аль Алам – Марокко Нормалдаштырууга каршы чыккандар Магриб парламентинин алдында демонстрация өткөрүшүп, Палестина менен тилектештик ураандарын чакырышты. Демонстрацияда демонстранттар да Палестинанын желегин желбиретип, «Палестина – аманат, нормалдаштыруу – чыккынчылык» жана «Нормалдаштырууну кулатуу үчүн тынымсыз күрөш» деген ураандар жазылган транспаранттар менен бирге сионисттик режимдин желегин өрттөштү. Нормалдаштырууга багытталган ар кандай аракеттерди четке кагып, демонстранттар…

Прочитайте больше

Иран Украинанын коркутууларына жооп берди

Иран Украинанын коркутууларына жооп берди

 Ирандын Тышкы иштер министрлиги Киевдин коркутууларын айыптап, өлкө Украинадагы жаңжалга катышпай турганын дагы бир жолу билдирди. Иран Украинадагы жаңжалга катышпайт жана Киевдин коркутууларын жоопкерчиликсиз риторика деп эсептейт, деп билдирди өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Насер Канаани маалымат жыйынында. Буга чейин Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк Иран маселеси боюнча “иштебеген санкциялардан” баш тартып, Ирандын учкучсуз аппараттарын чыгаруучу заводдорго сокку урууга чакырган.  Ирандык дипломат буга чейин дагы Тегеран учкучсуз учуучу аппараттарды Москавага өткөрүп берген деген Украинанын билдирүүлөрүн негизсиз деп…

Прочитайте больше

Россия ТИМи: Өзбекстан менен Казакстан газ союзун түзүүнүн үстүндө иштөөгө даяр

Россия ТИМи: Өзбекстан менен Казакстан газ союзун түзүүнүн үстүндө иштөөгө даяр

 Өзбекстан менен Казакстандын жетекчилиги Москва менен үч тараптуу газ биримдигин түзүү боюнча биргелешкен аракеттерге даяр. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине билдирди.  “Үч тараптуу газ биримдигин” түзүү идеясы Россияны да, биздин өнөктөштөрүбүз – Казакстан менен Өзбекстанды да кызыктырат. Бул чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү энергияга болгон муктаждыктарга, социалдык-экономикалык туруктуулукту жана калктын бакубаттуулугун камсыз кылуу милдеттерине байланыштуу суроо-талапка ээ. Россиянын өнөктөштөрү бул жаатта биргелешкен аракеттерге даяр”, – деди дипломат. Галузиндин айтымында, бул идеяны ишке ашырууда эч…

Прочитайте больше

Талибан аялдарга дагы бир тыюу салды

Талибан аялдарга дагы бир тыюу салды

 Ооганстандын бийлигинде турган “Талибан” кыймылы аялдарга улуттук жана эл аралык бейөкмөт уюмдарда иштөөгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Тиешелүү документ Ооганстандагы бардык бардык жергиликтүү жана чет элдик бейөкмөт уюмдарга жөнөтүлгөн. Эгер бул жобо бузулса, “Талибан” өкмөтү уюмдун иштөөгө уруксатын жокко чыгарышы мүмкүн. Маалыматка караганда, мындай чечимдин кабыл алынышына айрым аялдардын Исламдын дресс-коддун сактабаганы себеп болгон.  Бирок, бул эреже уюмдардын чет элдик кызматкерлерине тиешелүүбү же жокпу белгисиз. Евробиримдик талиптердин аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине тыюу салышын айыптап, бул коомчулуктун Ооганстанга көрсөткөн…

Прочитайте больше

АКШда кар бороонунан улам каза болгондордун саны 34кө жетти

АКШда кар бороонунан улам каза болгондордун саны 34кө жетти

 АКШда катуу сууктан жана кар бороонунан каза болгондордун саны 34 адамга жеткенин жана курмандыктардын саны мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн экенин  NPR басылмасы кабарлады. Буга чейин каза болгондордун саны 26га жеткени айтылган.  “Кар бороону АКШда кеминде 34 адамдын өмүрүн алды жана кээ бир тургундар үйлөрдүн ичинде камалып калгандыктан дагы көп адамдардын өмүрү кыйылышы мүмкүн”, – деп айтылат басылманын маалыматында. Нью-Йорк штатынын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, дем алыш күндөрү бир метрден ашык кар жааган Буффало аймагында 12…

Прочитайте больше

Парижде күрттөрдүн борборунун жанындагы ок атууда үч киши мерт кетти

Парижде күрттөрдүн борборунун жанындагы ок атууда үч киши мерт кетти

Күрттөрдүн Париждеги коомдук борборунун жанында болгон ок атууда үч киши мерт кетти, бир нече адам жараат алды. Кармалган 69 жаштагы шектүү адам буга чейин расисттик мүнөздөгү зомбулук үчүн камалган экен. Кол салуу баш калаанын Анген көчөсүндө, борборго жакын жерде болгонун француз маалымат каражаттары кабарлашты. Ал чөлкөмдө эки чоң темир жол вокзалы орун алган. Шектүү күрттөрдүн борбору, ресторан жана чач тарачты көздөй тапанчадан ок аткан. Анын атын полиция шардана кылган жок. Прокуратура шектүү былтыр мигранттар лагерине…

Прочитайте больше

Кыргызстан ЕАЭБди кандай башкарды?

Кыргызстан ЕАЭБди кандай башкарды?

 Кыргызстан  ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктарын чыгарды. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлигинин органдарында төрагалык кылуусунун алдын ала жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат берди. Бул тууралуу Минкабдын маалымат кызматы билдирди. А. Касымадиев белгилегендей, буга дейре  Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылга жана жакынкы келечекке карай Евразиялык экономикалык бирлигин чыңдоого багытталган артыкчылыктуу милдеттер аныкталган.  «Бирликтин органдары үстүбүздөгү жылы Бирликке мүчө мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун камсыздоого жана интеграциялык…

Прочитайте больше

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери эки маанилүү келишимге кол коюшту

Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн, министрликтеринин жана ведомстволорунун деңгээлинде 15 документке кол коюлду. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Ташкентке жасаган иш сапарынын жыйынтыгында эки мамлекеттин башчылары эки маанилүү документке: шериктештик мамилелер жана өзбек-казак мамлекеттик чек арасын  демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди. “Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Өзбекстанга жасаган сапарынын алкагында “Ар тараптуу кызматташтык, ишеним, тең укуктуулук жана улуттук кызыкчылыктарды эске алуу” жөнүндө жазылган макулдашууга кол коюлду”, – деп айтылат маалыматта. Документте тараптардын бири…

Прочитайте больше

Сионисттик режим Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Иерусалимде жүздөгөн турак жайларды талкалады

Сионисттик режим Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Иерусалимде жүздөгөн турак жайларды талкалады

Сионисттик режим Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана Иерусалимде жүздөгөн турак жайларды талкалады Сионисттик режимдин конуштарына каршы каршылык көрсөтүү комитетинин жооптуусу бул режимдин үстүбүздөгү жылы (2022-жылы) басып алынган Батыш Шериада жана Кудста палестиналыктарга таандык 1000дей турак-жай жана курулуштарды талкалаганын билдирди. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина: Сириянын расмий кабар агенттигинин (САНА) кабарына караганда, Израилдин конуштарына каршы каршылык көрсөтүү комитетинин башчысы Амир Дауд билдирүүсүндө: 2022-жыл палестиналыктар үчүн абдан оор болду, анткени баскынчы режим 850 үйдү жана соода объектилерин талкалады….

Прочитайте больше

Зеленскийдин АКШга сапары. Байдендин убадалары

Зеленскийдин АКШга сапары. Байдендин убадалары

 Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго  сапары менен барды. Зеленскийдин Россия Украинада аскердик операция баштагандан берки алгачкы чет элдик сапары Украинанын президенти АКШга Польшанын Жешув шаарынан АКШнын Аскердик аба күчтөрүнүн Boeing C-40B учагы менен келди. ЖМКлардын маалыматы боюнча, Зеленский Польшага поезд менен келген. Сапарда аны АКШнын Украинадагы элчиси Бриджит Бринк коштоп жүрдү. Украин президенти Ак үйдүн каршысындагы америкалык президенттердин конок үйү болгон Блэр-хауска жайгашты. Байден Зеленскийди Ак үйдө тосуп алды. Конокту тосуп алуу аземине Америка лидери менен бирге биринчи…

Прочитайте больше

Эксперт: Зеленский АКШдан курал сурайт

Эксперт: Зеленский АКШдан курал сурайт

  Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШга биринчи кезекте каржылык жардам сурап барат, бирок Вашингтондо курал-жарак жеткирүү маселеси да талкууланат. Мындай пикирин россиялык саясат таануучу Богдан Безпалько РИА Новостиге билдирди. Буга чейин америкалык жана украиналык ЖМКлар Зеленский сапар менен АКШга барарын жазып чыгышкан. Ак үй Зеленский Вашингтонго 21-декабрда Байдендин чакыруусу менен келерин тастыктады. Мамлекет башчылары Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча командасынын негизги мүчөлөрү менен жолугушат, андан соң украин президенти журналисттердин алдында сүйлөп, Конгрессте сөз сүйлөйт. “Албетте, ал колдоо сурайт. Менин көз…

Прочитайте больше

Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт

Кийинки аптада КМШ лидерлеринин бейформал жолугушуусу өтөт

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин башчысы Сергей Лебедев 26-27-декабрь күндөрү бейформал саммит өткөрүү пландалып жатканын билдирди. “Кийинки жумада Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Ал биздин кызматташтыкка кошумча импульс берет деп үмүттөнөбүз”, – деди Лебедев. Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяландыБул жолугушууга катышарын Россиянын, Азербайжандын, Армениянын, Беларустун, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын лидерлери ырасташты. Жаңы жылдын алдында КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларын Россияга чакыруу –…

Прочитайте больше

Ооз жана мурун канайт. Ооганстанда белгисиз коркунучтуу оорунун очогу катталды

Ооз жана мурун канайт. Ооганстанда белгисиз коркунучтуу оорунун очогу катталды

Ооганстандын Забул провинциясында өлүмгө алып келген белгисиз оорунун очогу катталды. Бул тууралуу чет элдиа басылмалар Ооганстандын саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Абдул Хаким Хакимиге шилтеме берүү менен билдиришти.. Хакиминин айтымында, бул илдетке чалдыккандардын саны 80ден ашкан жана алардын ичинен эки бала каза тапкан. Оору биринчи жолу аталган провинциянын чыгышында жайгашкан Шахжой районунда аныкталган. Дене табынын көтөрүлүшү, мурундун жана ооздун канашы оорунун негизги белгилери экени айтылды. Бирок, дарыгерлер инфекциянын так аныктамасын берүү дагы эле кыйын экенин билдиришкен. Эске салсак, аталган провинцияда ушул эле…

Прочитайте больше

Талибан ооган аялдарына университетте окууга тыюу салды

Талибан ооган аялдарына университетте окууга тыюу салды

 Ооганстанда учурда бийлик жүргүзүп жаткан “Талибан” кыймылы студент кыздардын университетте окуусуна тыюу салды. Бул тууралуу кечээ, 20-декабрда өкмөттүн жыйынында аялдардын укуктарын жана эркиндиктерин чектөө боюнча жарлык чыгарылганын Талибандын өкүлдөрүнүн бири билдиргенин Assoсiated Press жазды. Ооганстандын Жогорку билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Зиауллах Хашминин билдирүүсүнө караганда, өлкөдө жеке жана мамлекеттик университеттерге кыздар үчүн сабактарды токтотуу буйругу берилген жана аны мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашыруу талап кылынган. Эске салсак, Ооганстанда буга чейин эле кыздардын Жогорку окуу жайларда айрым адистиктер боюнча: ветеринария, инженерия, экономика…

Прочитайте больше

Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. АКШда чиновниктерге TikTok колдонууга тыюу салынды

Улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. АКШда чиновниктерге TikTok колдонууга тыюу салынды

АКШда мамлекеттик кызматкерлерге TikTok социалдык тармагын колдонууга тыюу салынат. Мындай жобо АКШнын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорунда камтылган.  Документ бүгүн, 20-декабрда коомчулукка жарыяланды. Анда мамлекеттик кызматкерлердин TikTok тиркемесин колдонуусуна тыюу салуу жобосу камтылган. Бул чаралар АКШнын федералдык мекемелеринин кызматкерлерине гана тиешелүү жана социалдык тармакты колдонгон 100 миллионго жакын америкалыктарга таасирин тийгизбейт. АКШнын атайын кызматтары TikTok улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын бир нече жолу билдирген. Reuters агенттиги белгилегендей, буга чейин эле АКШнын көптөгөн федералдык органдары, анын ичинде Ак…

Прочитайте больше
1 47 48 49 50 51 88