Weiss Media: ИМ террордук уюмунун Ооганстандагы бөлүмү Кытай жарандарына кол салууларын көбөйтөт

“Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун ооган бөлүмү Кытайдын уйгур мусулмандарын кысымга алынуусун колдонуп, «өзүн эл аралык деңгээлде таанытууга ниеттенүүдө».

Бул тууралуу заманбап Ооганстанды изилдөө борборунун эксперти Андрей Серенко Weiss Media басылмасына таянуу менен жазды.

Ага ылайык, «ИМдин медиа-пропагандасы Пекинге каршы багытталган учурда, Кытай жарандары жана Кытайдын Ооганстандагы кызыкчылыктары ИМдин чабуулунун бутасына айланат».

«ИМ уйгур маселесин өздөрүнүн ким экендигин көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн” дешет эксперттер.

Алардын пикири боюнча, «террорчулар Кытайдагы мусулмандарды кысымга алуу маселесине көңүл буруп, бул маселеге маани берип, Кытайды сындап, коркутуп, кол салууну улантып жаткан жападан жалгыз топ экенин көрсөтүп жатышат».

Эксперттердин айтымында, акыркы айларда ИМдин ооган бөлүмү «Кытайга карата душмандык позициясын» карманууда.

2023-жылдын февраль айынын орто ченинде оогандык ИМ уюму Кытай жана ал жактагы уйгур мусулмандарын басынтуусу боюнча 117 беттен турган үгүт баракчасын басып чыгарган.

Ошондой эле, ИМ «уйгурларды боштондукка чыгарууну» негизги максаттарынын бири деп жарыялаган.

«Биз кытайлык каапырларды террорго салып, өлтүрүп тим болбостон, Чыгыш Түркстандын бардык мусулмандарына эркиндик жана бакытты кепил кылууну көздөйбүз», – деген Ооганстандагы ИМдин баяндамачыларынын бири.

Эске салсак, жакында ЖККУнун биргелешкен штабынын башчысы Анатолий Сидоров Ооганстандагы ИМ согушкерлеринин саны 6,5 миң жеткенин билдирген.

Алардын көбү Тажикстан менен чектешкен аймактарда топтолгон. Буга кошо, ИМ мүчөлөрү Украинада украин Куралдуу күчтөрүнүн катарында согушуп жатканы айтылууда.

Ошондой эле, азыр АКШда террорчулардын тизмесинен чыгарылган “Чыгыш Түркстан” исламчыл кыймылы да уйгурлардын укуктарын абдан катуу жактап жаткан учуру.

Бул аларды каржылык жактан жана бакша багыттарда да колдоого алат дегенди билдирет. Алар Кытайга каршы да колдонулат.

Мындан тышкары, Мазари-Шарифтен келген дагы бир “Түштүк Түркстан» тобу өзүн Ооганстанда жарыялап, алар да Борбор Азиядагы түрк элдеринин укуктарын коргоону көздөөрүн билдирген.

Мындан сырткары, «жумшак күчкө» ээ болгон ар кандай диний радикалдардын «уктап жаткан ячейкаларынын» жардамы менен аймакты ичинен жардырса болорун эстен чыгарбоо керек. Маселен, Өзбекстанда бир нече жашыруун диний окуу жайлар жабылган.

Комментарий жиберүү