Автобустун артынан чуркаган күйөрмандар. Роналду Иранга келди. Видео

“Аль-Наср” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду командасы менен Иранга Азия чемпиондор лигасынын тайпалык турнирине катышуу үчүн келген.

«Ал-Наср» бүгүн, 19-сентябрда жергиликтүү «Персеполис» клубу менен беттешет. Оюн Москва убактысы боюнча 21.00дө башталат.

Аэропорттон 38 жаштагы португалиялык футболчуну ирандык «Персеполис» клубунун өкүлдөрү тосуп алып, ага перс килемин белекке беришти.

Роналдунун көптөгөн күйөрмандары «Аль-Насрды» Тегеран аэропортунан тосуп алышып, андан соң кумирин көрүү үчүн ал түшкөн автобустун артынан чуркашкан. Кийинчерээк футболчунун күйөрмандары ал жайгашкан мейманканага чейин барышкан.Видеоплеер

Турнирдин алкагында “Аль-Наср” “Е” тайпасында Катардын “Аль-Духаиль” жана Тажикстандын “Истиклол” клубдары менен да беттешет.

Комментарий жиберүү