Иран менен АКШ Катарда туткундарды алмашты

Иран менен АКШ Катардын ортомчулугу менен эки жылга созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Доха шаарында бештен туткун алмашты.

Бул тууралуу ирандык ISNA агенттиги жазды.

Иран менен АКШ Катардын ортомчулугу менен кош жарандыгы бар беш америкалык туткунду АКШда кармалган ирандыктардын ордуна бошотууну макулдашкан. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Насер Канаанинин айтымында, ирандык эки туткун Иранга кайтып келди, дагы экөө мурдатан Америкада жашагандыктан АКШда калат, бешинчи туткун үй-бүлөсүнүн жанына башка мамлекетке барат.

Келишимдин алкагында Тегеран АКШ тарабынан Түштүк Кореяда тоңдурулган 6 миллиард долларлык активдерге мүмкүнчүлүк алат. Иран бийликтери бул каражатты гуманитардык максатта гана пайдалана алат. Каражаттар Катардагы банктарга которулат.

Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид Аль-Ансари дүйшөмбү Al Jazeera телеканалына берген маегинде «Тегеран менен Вашингтондун ортосунда туткундарды алмашуу келишимине жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр 2 жылдан ашык убакытка созулганын» билдирген.

Анын айтымында, туткундар бошотулгандан кийин келишимдин каржылык бөлүгү ишке ашырылат. Келишимге жетишер алдында Катардын жооптуу адамдары Тегеран менен Вашингтонго бир катар сапарларды жасашкан. Бул келишим бир нече кепилдиктерди камтыйт, айрыкча каржы тармагында.

Иран бошотулган активдерди кайда жумшайт?

АКШнын Мамлекеттик департаменти Иран Түштүк Кореяда бошотулган активдерин гуманитардык максатта гана колдоно аларын билдирген.

Ирандын Борбордук банкынын башчысы Мохаммад Фарзин дүйшөмбү күнү Борбордук банк бошотулган активдерди улуттук валютаны бекемдөө үчүн колдоно турганын билдирди.

«Кечээ биз Катар бийлигинен алты ирандык банктын эсептери Катардын эки банкында активдештирилгени жана бүгүн ага 5 миллиард 573 миллион 492 миң еврого барабар сумма түшкөнү тууралуу расмий кат алдык», — деген Фарзин.

Ал белгилегендей, эсептер Ирандын алты банкына – Айыл чарба банкына, Ишкердик банкы, Турист банкына, ошондой эле Саман, Пасаргад жана Шахр банктарына таандык.

Анын айтымында, бардык төлөмдөр катарлык брокерлер аркылуу банктар аралык төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.«Бардык алынган ресурстар борбордук банктын резерви болуп саналат. Алар Ирандын валютасы — риалды колдоого жана бекемдөөгө жумшалат», — деп баса белгилеген Фарзин.

Комментарий жиберүү