Тажикстан: Ооганстандан маңзат ташуу көбөйдү

Тажикстан Ооганстанда бийликти талибдер басып алгандан бери баңги аткезчилиги кыйла көбөйгөнүн билдирди. Былтыр талибдер Ооганстанда апийим өстүрүүгө тыюу салып, эрежени бузгандар шарият мыйзамдары менен жазаланарын эскерткен.

Бирок БУУнун маалыматына ылайык, андан бери өлкөдө апийим аянттары 32% көбөйүп, 233 миң гектарды түздү.

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Мир Саид Али Хамадони районунун акимчилиги коңшу өлкөдөн баңгизатын алып өтүү аракети эки жолу токтотулганын билдирди.

«Чек арачылар менен болгон атышууда аткезчилик менен алектенген Ооганстандын бир жараны жок кылынды. Аткезчилердин жанынан 120 кг баңги заты алынды», — деди район башчысы Нурулло Мирзозода.

Акыркы жолу 12-сентябрга караган түнү Шамсиддин Шохин районунда баңгизат ташуу аракети токтотулган. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы ооган аткезчилери жүктөрүн таштап, чектеш аймакка изин жашырып кеткенин кабарлаган.

«Талибан» кыймылы бийликке келгенден кийин Ооганстандан апийимдин жана башка баңгизаттардын атекзчилиги кыйла көбөйгөнүн 14-сентябрда Душанбеде президент Эмомали Рахмон билдирген.

«Өткөн жылы биздин өлкөнүн компетенттүү органдары Ооганстан менен чек арадан 5 тоннага жакын баңги затын кармашкан. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 22%га көп. Мындай шартта биз биргелешип, чогуу иштешибиз керек», — деген президент.

Тажикстандын дүйнөдөгү эң ири маңзат өндүрүүчү деп эсептелген Ооганстан менен чек арасынын узундугу 1300 чакырымды түзөт. Тажик бийлиги Ооганстандын айланасында «коопсуздук алкагын» түзүү зарылдыгын бир нече жолу билдирген. Душанбе ушундай чара гана курал-жарак, баңгизат, мыйзамсыз миграция, террордук-экстремисттик топтордун мүчөлөрүнүн жана алардын идеологиясынын аймакка киришине ишенимдүү бөгөт болот деп эсептейт.

Комментарий жиберүү