А. Медетбеков: “Тажикстандын бийлиги чек ара согуш менен чечилбестигине көзү жетип, сүйлөшүүгө мажбур болду”

Тажикстан акыркы эки жыл чек ара маселесине байланышкан ар кандай шылтоолор менен Кыргызстанга кол салды. Натыйжада ондогон бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрү кыйылды. Мындан тышкары чек арада жашаган Лейлек жана Баткен райондорунун жашоочуларынын үй-жайы тонолуп, өрттөлүп, төрт түлүк малы уурдалды. Кудай жалгап, быйыл андай каргашалар кайталанбай, эки өлкөнүн бийлиги чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чечүүдө. Биз бүгүнкү күндөгү кыргыз-тажик мамилеси тууралуу УКМК төрагасынын мурдагы орун басары, белгилүү саясый серепчи, коопсуздук кызматкери Медетбеков Артур Капарович менен маектештик.

– Артур Капарович, буга чейин кыргыз-тажик чек араларын тактоо процесси өтө жай жүргөн. Азыркы бийлик чек араларды чечүүгө чечкиндүү кадамдарды жасоодо. Жакында эле соц. тармактар аркылуу кыргыз-тажик чек арасы такталды деген маалымат тарады. Бирок, 44-протокол боюнча маалымат жок болгону менен биздин бийлик ишенимдүү турат. Бул ирет тажиктердин артка кайтышы деп түшүнсөк болобу? Чек арадагы такталбаган жерлер үчүн согуш ачканга чейин барган эле.

-Биринчиден, Кыргызстан да, Тажикстан да ОДКБга мүчө болуп кирген мамлекеттер экендиги талашсыз. Ал эми ЕврАзЭСке Кыргызстан кирип, Тажикстан кирген эмес. Эң негизгиси былтыр сентябрь айында эки мамлекеттин ортосунда чоң конфликт, чек ара жаңжалы болбодубу, менимче бул ирет Тажик Республикасынын бийлиги түшүндү окшойт. Себеби, мен ветерандык куралдуу күчтөрдүн составы менен Баткенде 10 күн болдук. Ошондо бир нерсеге ынандым, тажиктер кыргыздарды коркутуп, басып, согуш ачуу жолу менен жерлерин каратып алабыз деген пикирден алыс болуп калды окшойт.

Себеби, ошол жаңжалда тажиктерден да көп жоготуулар болду. Алар өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнөн жоготуу болот деп ойлогон эмес. Ошол эле учурда Кыргызстан массалык маалымат каражаттары аркылуу Тажикстанга өтө чоң сокку берди. Ал эми жергиликтүү эл менен куралдуу күчтөр 2, 3 күндүн аралыгында бир муштум болуп, душманга катуу туруп, туруштук бере алды. Ошондон кийин тажиктер эстерине келип сестенип калышты. Мына ушул бирдиктүү факторлор тажик тарапты эсине келтирип койду.

Ал эми тажиктер Ооганстандык тажиктерди колдой коебуз деп талибдер менен мамилеси сууй түштү. Бул жагынан да аларда чочулоо бар. Алар менен бир, эки ай ичинде чек араларында аткылашуу болду. Талибдер азыр “Силер тиги оогандык тажик Ахмад –Шахтын баласына жардам бербегиле, токтоткула! Аларга ок, дары, материалдык жактан жардам бербегиле. Алардын кишилерин чыгаргыла” деген ар тараптуу шарт койду. Себеби, азыр Ооганстандын элчиси Дүйшөмбү шаарында дагы деле официалдуу түрдө отурат. Тажиктер эмне кылсаңар ошо кылгыла деп биз жардам беребиз деп туруп алып, Тажикстан менен Ооганстандын чегарасы жабык. Кыргызстан менен да жабык. Каттоону токтотуп, чек арадан эч нерсе өткөрбөй койдук. Алардын дыйкандары өстүргөн мөмө-жемиштери, башка товарлары да бизге өтпөй калды.

Буга чейин биз аркылуу соода- сатык жүргүзүп , Кытай менен транзиттик жол катары байланышып турган. Бензин, башка күйүүчү майлар өтпөй калы. Наркотрафиктин да жолу тосулуп, кан буугандай токтоду. Мына ушунун баарын булар эске алышты көрүнөт. Бир гана Өзбекстандын Термез шаары аркылуу соода-сатык болуп жатат. Мына ушул жагдай дагы буларды алсыздандырып турат. Эгер согуш болуп кетүү коркунучу болуп кетсе деген чочулоо менен Ооганстанга жакын жердеги эки шаарды аэропорт катары эсептеп койду.

Ошол эле учурда бизди да талибдерге теңегендей Ходженттеги аэропортко да аскерлерин жайгаштырып койду. Россиянын президенти Путин кыргыз-тажик жаңжалынан кийин “Токтоткула экөөң тең ОДБКга мүчө болуп киргенсиңер. Мамилеңер өтө татаалдашып баратат” дегендей Тажикстанга да, Кыргызстанга да акыркы жарым жылдын ичинде Россиянын мамлекеттик атайын өкүлдөрү келип кетип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турду.

Мына ушундай жагдайлар менен алар согушкандан эч нерсе утпашына көздөрү жетип, кандайдыр бир келишимге келиши мүмкүн. Бирок, ошол 44-протокол кандай максатта жазылганы, аныкталганы биздин элге белгисиз бойдон калууда. Тоолуу жерлерде чек ара демаркация, делимитациялык жол менен тез эле бүтөт. Чек ара маселесине келсек, өзгөчө Баткен облусунда түз жана айыл кыштактардагы шахмат түрүндөгү кыйма-чийме салынган үйлөр, жакын жайгашкан жерлер келечекте чоң маселе жаратышы мүмкүн.

Бирок, кандай болгон күндө да тажиктердин эң негизги принциби болгон Исфарадан Ворух анклавына кеткен жолду толугу менен аларга бербешибиз керек. Тажиктер бир нерсени так билгени оң. 1990-жылы түзүлгөн меморандум, 1992-жылкы Алма-Атадагы КМШ мамлекеттеринин ортосундагы келишимди эстен чыгарбаш керек. Мына ушул мамлекеттер аралык келишимдердин негизинде карай турган болсок, Советтер Союзунан өз алдынча бөлүнүп чыккан көз карандысыз мамлекеттердин бардыгынын ортосундагы чек аралар административдик мамлекеттик чек аралар болуп калган жана чек ара болуп кала берет. Бири-бирине “притензия” болбойт деген. Мына ушул эки жолку мамлекеттер аралык келишимдерге да Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон өзү катышкан. Бирок, негедир муну тажиктер тааныгысы келбей турат. Деген менен эл аралык документтер – түбөлүк документ бойдон кала берет. Муну эстен чыгарбоо зарыл.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай Тажикстанда диктатордук башкаруу. Эмомали Рахмондун үй-бүлөлүк кланы Тажикстандын көптөгөн жерлерин басып алган. Тажикстандын өз эли өз бийлигине каршы көтөрүлүп кетүү да коркунчу алдыда бар. Мына ушунун баарын анализдеп, анан биз менен тынчтык жолу менен жашоону тандап алышты окшойт деген пикирдемин.
-Чек ара боюнча аргументтүү карталар бар экендигин Путин өзү да бир жолу билдирген жайы бар. Мүмкүн ошол карта биздин бийлик башындагылардын колуна тийип ишенимдүү факт болуп жаткандыр? Себеби, 44-протокол элге бүдөмүк болгон менен бийлик бул боюнча тажиктерге ынанымдуу сүйлөп жатат…

Мен билгенден 1924-жылга чейин Тажикстан деген өз алдынча Республика болгон эмес. Ал убакта тажиктер Өзбекстанга автономиялык облус катары киргендиги белгилүү. 1924-жылы Тажикстанга Ходжентти кошуп, биз тараптан Мургаб, Жерге-Тал райондорун кошуп туруп андан кийин гана Москва тажиктерге Республика макамын берген. Республика деген макамды бергендигинин себеби булар Кытай, Ооганстан менен чектешет. Ошон үчүн республика болуп калган. 1921-24-жылкы карталардын негизинде Жерге-Тал менен Мургаб Кыргызстанга караган. Учурунда Шураб да Кыргызстанга карачу. 1989-жылы суу, жер маселесинен жаңжал болгондо биз да ал жакка барганбыз. Ошондо да Ворухтан чатак чыккан эле…

– Абсамат Масалиев менен генерал Асанкулов да барган экен…

– Кыргыз тараптан Абсамат Масалиев төрага болуп барып, тажиктер тараптан Маккамов келген жайы бар.

Делегациянын арасында генерал Асанкулов болгон. Ошентип ал жакта эки жума болдук. Ошондо кыргыз аялдарынын айрыкча самаркандектик аялдардын батылдыгын өз көзүм менен көргөм. Арыктын берки бети кыргыздар, аркы бети тажиктер. Ошондо бир кыргыз аял башкарып жатат “Бир тажик бери жакка өтсө кетмен менен башына чап!” деп кыйкырып жатат. А биз жаңжал болуп кетпесин деп, элди араң токтотуп жаттык. Ал жерде десанттык батальон бар болчу аларды ортого түшүп эскертүү менен аткылашып атып араң токтогон. Ошентип, тажиктер менен кыргыздардын ортосундагы жер, суу маселеси менен тээ Союз убагынан бери эле келе жатат. Ошонун баарын эстеп, баарын калпып көрө турган болсок биздин территориялардын көпчүлүк жери көбү Советтер Союзунун бийлигинин Москванын таасири менен коңшуларга өтүп кеткен. Менин оюмча, азыр ошондой тастыкталган документтердин бири биздин бийликтин колуна тийди болуш керек деп ойлойм. Ошондой таасир бере алган документтер колубузда болсо рахмат айтышыбыз керек.

– Бирок, тажиктер оңой менен бир сөзгө келбеген, бир нерсеге көнбөгөн калк да…

– Менин пикиримде аларда архивдик документалдуу факторлор бар болуш керек. Биз архивдик документтерди алсак, алар деле ошондой ыкма менен документтерди алышы мүмкүн. Себеби, Путиндин буйругу менен эки мамлекеттин өкүлүнө тең жол ачып берди да. Алар барып карашты изилдешти, архивдеги чек ара боюнча документтерди окушту да. Анын үстүнө эки мамлекеттин ортосунда комиссия эки жылдан бери иштеп жатышкан болчу. Ушул жерде дагы бир нерсени айтып коюшум керек, бизде 2000-жылдан 2023-жылга чейин 5,6 жолу бийлик алмашып кетти. Алмашкан сайын комиссиянын мүчөлөрү да алмашат эмеспи. Туруктуу эмес. Тажиктердин бийлиги туруктуу иштеп, ошол эле учурдагы комиссиясы дээрлик алмашпай эле иштеп жатат. Ошентсе да биздеги акыркы 2,3 жылдан бери тажиктер менен чек ара чыры улам катуулаган сайын биз тараптан түзүлгөн комиссия тынымсыз иштеп, учуру келгенде документтерди көтөрүп, тастыктап жооп берип жатышат. Ошондуктан алар да бир аз кепке келип калганы көрүнүп турат.

– Акыркы кезде кыргыздар көп жашаган Жерге-Тал, Мургаб районундагы айылдардын, жерлердин аттары күч менен тажикче атала баштады. Ал эми Баткендин айрым айылдарынын аталыштары азыркы күндө тажикче. Бүгүнкү күнгө да бул аттар алмашылбай келет. Бул кыргыздардын кайдыгерлигиби же кенебестигиби?

-Бул кайдыгерлик да, кенебестик да. Бул көрүнүш Баткен облусунда гана эмес, Ош облусунун кээ бир райондорунда өзбекче, Чүйдө орусча, дунганча, Ысык-Көлдөгү айыл кыштактар орусча, Таласта немисче аттар көп кездешет. Балким бул Советтер Союзунун саясаты да болушу мүмкүн. Себеби, кайсы жерде кайсы улуттун өкүлдөрү көп болсо, алардын тили менен коюп, бара-бара элге сиңип кеткен. Анын үстүнө Союз кезинде жогор жактан партиянын айтканы айткандай болгон. Биз дагы эле ушул таасирден чыга албай келебиз. Мына өткөндө Жогорку Кеңеште бир-эки райондун атын алмаштыралы “улутчулдук” деп чуу чыгып кетти. Албетте, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон кийин кыргызча атка которобу башка тилге которобу ал өзүнүн иши. Чындыгында бул жагынан алганда бизде көптөгөн аксоолор, шалаакылыктар бар экендиги чындык.

-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев “Тажикстан өзүнүн дооматынан баш тартты” деп айтты. Тажикстан буга чейин бизге 2110 кв километр жерди кыргыздар пайдаланып жатат деп доомат койгон. Демек, тажиктер ушул дооматынан баш тартты деп түшүнсөк болобу?

-Бул 44-протоколдун эмне деп жазылганын коомчулук анык билбейт азырынча. Ошондуктан эл арасында 44-протокол боюнча аябай бүдөмүк, ар кандай ой, пикирлер менен коштолуп жатат. Кала берсе карама-каршы пикирлерди жаратып жатат. Буга чейин коюлуп келген дооматтардан баш тарттыбы же жокпу билбейбиз. Муну жакын арада ачыкташаар. Эми убакыт көрсөтөт. Негизи бул ачыкка чыгыш керек, ошондо билинет. Эгер бул жабык эшик артында өтө турган болсо көптөгөн же абдан чоң маселелерди жаратышы мүмкүн. Кала берсе карама-каршы ой пикирлерди, коомчулукта кандайдыр бир чыңалууларды жаратышы да мүмкүн деп ойлоп кетем. Ошондуктан азыр буга толугу менен чекит коюу эртелик кылат.
Маектешкен: Турдайым Кожомбердиева.

Комментарий жиберүү