Желекти өзгөртүүнүн мааниси эмнеде?

Желек боюнча ар ким, ар кандай жазып жатышат.
Бирок, эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт болуп оппозиция дүрбөсө эле айрым патриотмун дегендер да кошо дүрбөп алышыптыр. Оппозицияга эмне? Аларга  шылтоо болсо болду. Бакырып, кыйкырып чыга беришет. «Чыгым кетет, машинанын номерлери массалык түрдө алмашат, паспорттор массалык түрдө алмашат» деп жалган сөздөрдү айтып жатышат. Эч кандай массалык түрдө алмашпайт. Чыгым кетпейт. Жылма алмашат. Жаңы берилип жаткан паспорттор, номерлер гана жаңы желек менен бериле баштайт. Эски паспорттор, эски номерлер мөөнөтү бүткүчө иштей берет деп канча жолу айтылып келе жатат.

Ошентип, акырындык менен 5-10 жылда жаңыланып бүтөт. Мамлекеттен да, элден да эч кандай чыгым болбойт. Желек боюнча айтсам, чынында азыркы желегибиздеги күндүн нуру эмес эле күн караманын сүрөтү болуп калганын башка өлкдөгүлөр деле айтып жатышат. Аны өзгөртүп, жаңылап койсо эмнеге болбосун?

Жаңы желекке сунушталып жаткан накта күндүн сүрөтү болуптур. Жылмайып, эн сонун болуп турат. Түндүктүн чамгарагы дагы төрттөн сегиз чамгарак болуп жакшы болду. Мурдакы чамгарак үчтөн болуп алтоо болчу. Үчтөн чамгарагы бар боз үй илгертен өлгөн кишинин сөөгүн көрүстөнгө алып кеткенге чейин киргизип туруш үчүн тигилген деп айтылып жатат. Үчтөн чамгарагы бар боз үйлөрдө кулдар жашаган деп айтылууда. Кыргыздын ар бир буюмунда өзүнүн салты, эрежелери болгон. Азыр эми мурдакы катачылыктарын оңдоп, жаңылап койсо эмнеси жаман? Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай тынч болуп, жакшылыктан ниет кылалычы. Бул менин жеке пикирим, жакпаса негатив жазбай айланып өткүлө!

Назгүл Калмамбетова.

Комментарий жиберүү