Зеленский Токаевге телефон чалды. Эмне жөнүндө сөз болду?

 16-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский телефон аркылуу сүйлөштү.

Бул тууралуу Акорда маалымдады.

Маалыматка караганда, сүйлөшүү украин тараптын демилгеси менен болду. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык байланыштар талкууланды.

“Касым-Жомарт Токаев Казакстан Россия менен Украинанын ортосундагы согушту БУУнун уставы жана дипломатиялык жолдор менен чечүүнү жактай турганын тастыктады”, – деп айтылат Акорда тараткан маалыматта.

Зеленский Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин бул боюнча  Telegram-каналына комментарий берди.

Ал гуманитардык жардам үчүн Казакстанга ыраазычылык билдирди.

“Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Биз эл аралык платформалардагы кызматташууну талкууладык. Ошондой эле Казакстанга Украинага көрсөткөн гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирдим”, — деп жазды Зеленский. https://t.me/V_Zelenskiy_official/5140?embed=1

2022-жылдын 23-июлунда Украина менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгон. Бул күнү украиналык тараптын демилгеси боюнча Токаев менен Зеленский телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүп, дан келишими, ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташуусу талкууланган.Казак президенти ошондой эле Украинадагы жаңжалды дипломатиялык жол менен жөнгө салуу зарылдыгын билдирген.

Акыркы жолу Казакстан менен Украина президенттери телефон аркылуу былтыр ноябрда сүйлөшкөн. Анда Зеленский Токаевди экинчи мөөнөткө кайра шайланышы менен куттуктаган.

Комментарий жиберүү