Стамбулда жакында кыйратуучу жер титирөө болоору болжолдонууда

 Сейсмологдор Түркиянын Стамбул шаарында жер титирөө катталарын болжошууда. Ал өлкөнүн түштүк-чыгышындагы катаклизмдерден да чоң катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Бул тууралуу жума күнү, 17-февралда Hürriyet гезити эксперттик маалыматтарга таянып жазды.

Окумуштуулар түшүндүргөндөй, бул коркунуч шаардын Анадолу жана Евразия тектоникалык плиталарынын кошулган жеринде жайгашканы менен аныкталат. Бул жерден 15-20 км аралыкта Мармара деңизинин астынан өткөн Түндүк Анадолу жаракасынын бир бөлүгү жайгашкан.

«Стамбулда 7 баллдан ашкан жер титирөө каалаган учурда катталышы мүмкүн», – деп баса белгилейт басылма.

Эксперттер Стамбулда болжолдонгон жер титирөөнүн экономикалык жана социалдык кесепеттери ого бетер кыйратуучу болоорун эскертишүүдө. Алар Түркиянын түштүк-чыгышындагы жакында болгон табигый кырсыкты Стамбулдагы жер титирөөнүн «репетициясы» деп атоого болорун айтышууда.

Изилдөөчүлөрдүн маалыматына таянсак, Стамбулда 1 миллион 164 миң имарат бар. Күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө 13 миңге жакын имаратка олуттуу зыян алып келиши мүмкүн, дагы 39 миңи оор зыянга учурайт. Илимпоздордун божомолу боюнча 136 миң курулуш орточо, 300 миңи жеңил зыянга учурайт.

Ошол эле учурда эксперттер Стамбулдагы имараттардын 70%ы 2000-жылга чейин курулганын айтышууда. Бирок кийинки курулган курулуштарды да коопсуз деп эсептөөгө болбойт.

«Алардын 30%ы 2000-жылдан кийин жасалганы алардын коопсуз экенин билдирбейт. Мына Кахраманмараштагы жер титирөөдө бир нече жыл мурда «сейсмикалык туруктуу» деп курулган люкс объектилердин талкаланганына күбө болдук. Жер титирөө эрежелерине ылайык пландаштырылган кээ бир күчтүү делген жерлер да курулуш баскычында талкаланган», – деп жазат Hürriyet басылмасы.

Эске салсак, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Сирия менен чектеш Кахраманмараш провинциясында күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болгон. Акыркы маалыматтар боюнча Түркияда табигый кырсыктын кесепетинен 38 044 адам каза болуп, 108 миң киши жарадар болду.

Ошондой эле, зилзаладан 216 347 адам эвакуацияланган.

Кечээ, 16-февралда Түркиянын түштүгүндө күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө дагы катталды. Жаңы жер титирөөдөн кийин мурда жабыркаган бир катар имараттар урап түшкөн.

Жер титирөөнүн очогу Жер Ортолук деңизинин 9,26 км тереңдигинде жана Түркиянын жээгинен 6 км алыстыкта, Хатай провинциясында болгон. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган апаатты өлкөнүн тарыхындагы эң кыйраткыч деп атап: курман болгондор 1939-жылы Түркиянын Эрзинжан шаарында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун санынан ашкан. Анда зилзаладан 32 968 адам каза болуп, 100 миңден ашууну жарадар болгон.

14-февралда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) Европа аймактык кеңсесинин башчысы Ханс Клюге Түркия менен Сириядагы жер титирөөнү акыркы 100 жылдагы аймактагы эң чоң табигый кырсык деп атаган.

Комментарий жиберүү