41миңден ашуун адамдын өмүрүн алган апаат. Түркия менен Сириядагы жер титирөө кылымдын катастрофасы деп аталды

  Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Түркия менен Сириядагы жер титирөөнү Европадагы акыркы кылымдагы эң күчтүү жер титирөө катары каттады.

ДССУнун билдирүүсүндө 41 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөө Европадагы азыркы кылымдагы эң коркунучтуу табигый кырсык болуп калганы айтылат.

“Кырсыктын масштабын дагы көрөбүз. Анын реалдуу зыяны азыр аныктала элек”, – деди уюмдун Европа боюнча аймактык директору Ханс Клюге.

Анын айтымында, зилзаладан Түркияда 31 миңден ашуун, Сирияда 5 миңге жакын адам каза болгон. Ошондой эле, учурда эки өлкөдө тең кеминде 26 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж.

Клюге ДССУ буга чейин жер титирөөдөн жапа чеккен Түркия менен Сирияга 43 миллион доллар бөлүү боюнча кайрылуу жасаганын белгиледи.

“Кризистин масштабы жана гуманитардык муктаждыктарды түшүнүү менен жакынкы күндөрү бул сумма жок дегенде эки эсеге көбөйөт деген үмүттөмүн”, – деп кошумчалады ал.

Уюм ошондой эле, суу менен камсыздоонун үзгүлтүккө учурашынан жана кырсык болгон жерлердеги антисанитардык шарттардан улам мүмкүн болгон жугуштуу оорулардын жайылышынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди.

Түрк бийлигинин маалыматына ылайык, учурда 80,000ге жакын адам ооруканада жатат, бул кырсыктан катуу жабыркаган саламаттыкты сактоо тутумуна чоң оорчулук келтирүүдө.

“Биз 75 жылдык тарыхыбызда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагына эң чоң тез жардам бригадаларын жайгаштырууну демилгелеп жатабыз. Алардын максаты оор жаракат алган бейтаптарга көңүл буруп, кыйраган ооруканаларды алмаштыруу”- деп жыйынтыктады Ханс Клюге.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында 6-февралда 9 сааттык интервал менен күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Силкинүү өлкөнүн 10 провинциясында болуп, анын эпкини Сириянын Алеппо, Латакия жана Тартус провинцияларына тийип, адам өмүрү кыйылып, кыйроолор катталган.

Акыркы маалыматтар боюнча эки өлкөдө тең табигый кырсыктын кесепетинен 41 миңден ашуун адам каза болду жана 100 миңден ашуун адам жаракат алган.  

Учурда эки өлкөдө жүздүн ашуун мамлекеттен барган 10 миңдеген куткаруучулар жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу аракетин көрүүдө. Куткаруучулар зилзалага 10 күн болгонуна карабай урандылардын астынан адамдарды аман алып чыгууда.

Алсак, куткаруучулар жер титирөөнүн тогузунчу күнүндө 42 жаштагы Мелике Имамоглуну куткарышкан. Ал урандылар астында 222 саат жаткан. Ошондой эле, 72 жаштагы Фатма Гүнгер 212 сааттан киийн, 11 жаштагы Берат Үжел 207 сааттан кийин куткарылган.

Акыркы маалыматтар боюнча Түркияда 8 миңден ашуун адам куткарылды.

Комментарий жиберүү