Ирандын Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон мындай деп билдирген: «Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху саясий жактан аман калуу үчүн согушка муктаж; Иран менен түзүлгөн келишим анын саясий карьерасын аягына чыгарышы мүмкүн».
Клинтон өз сөзүндө мындай деген:
«Нетаньяху согуш баштоо аркылуу ички саясий каршылаштарын ооздуктагысы келет. Менин оюмча, АКШ менен Ирандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү келечекте анын кызматтан кетишине жол ачкан чечүүчү фактор болуп калышы мүмкүн».
Ошол эле учурда британиялык The Independent гезити редакциялык макаласында: «Америка Иран менен болгон согушта жеңилди»,- деп жазган.
Гезиттин маалыматына ылайык, бир нече айга созулган жана чоң чыгымдарды талап кылган согуштан кийин АКШ өзүнүн негизги максаттарына жете албай, артка чегинүүгө аргасыз болгон. Ал эми Иран стратегиялык жактан мурдагыдан да ыңгайлуу абалга жетише алды.