Орусиянын Тергөө комитети Навальныйдын өлүмүнүн себебин атады

Орусиянын Тергөө комитети оппозиция лидери Алексей Навальныйдын өлүмүнүн себебин аныктаганын маркумдун сайты билдирди.

“Навальныйдын өлүмү аритмогендик мүнөздө болуп, жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу менен байкалат”, — деп айтылат Тергөө комитетинин токтомунда.

Тергөө комитети Навальныйга каршы эч кандай мыйзамсыз аракеттер же зордук-зомбулук болбогонун, анын денесине келтирилген жаракаттар «медициналык манипуляциялардын» натыйжасы экенин билдирди.

Документте соттук-медициналык экспертизанын корутундусу камтылган, ага ылайык Навальныйда өнөкөт панкреатит, холецистит, гепатит, грыжа, энцефалопатия, трахеядагы алтын стафилококк сыяктуу оорулар, ошондой эле өпкө менен көк боордо герпес вирусу болгон.

Навальныйдын жубайы Юлия “Алексейдин көзү тирүү кезинде жүрөк оорусу болгон эмес”,- дейт. Ал саясатчынын буюмдары – кийимдери, китептери, пластинкалары жана көкүрөк кресттери туугандарына кайтарылбаганына нааразы болуп, аларды кайтарып берүүнү талап кылган.

Эске сала кетсек, саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненецк автономиялык округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болгон. Андан кийин Навальныйдын уюган канынын үзүлүп кеткени кабарланган.

Комментарий жиберүү