Сауд Аравия ШКУга кириши мүмкүн

 Сауд Аравия БРИКСке кошулууну жана ШКУнун интеграцияланган бөлүгү болууну каалайт.

Бул тууралуу Россиянын Эр-Рияддагы элчиси Сергей Козлов РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

“Сауд Аравия өзүнүн тышкы саясий багытын диверсификациялоонун алкагында ШКУ жана БРИКС сыяктуу абройлуу эл аралык бирикмелерге кирүүгө кызыкдар”, – деди элчи.

Анын айтымында, саудиялыктар бул маселе боюнча тиешелүү ойлорун орус тарап менен байланышта айтышкан.

“Эгерде ШКУнун диалогунда өнөктөштүк маселеси активдүү каралып жатса, учурда Сауд Аравиянын БРИКСке мүмкүн болуучу мүчөлүгү концептуалдык жактан каралууда”, – деди Козлов.

Ал белгилегендей, Эр-Рияддын бул көп тараптуу түзүмдөрдүн, биринчи кезекте ШКУнун интеграцияланган бөлүгү болууга умтулуусу жакшы келечекке ээ.

Эске салсак, былтыр сентябрда Иран Шанхай кызматташтык уюмунун толук кандуу мүчөсү болгон.

ШКУ Кыргызстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан тарабынан 2001-жылы негизделген. 2016-жылы уюмга Индия менен Пакистан кошулган. Иранды кошуп эсептегенде ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти.

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Былтыр Беларус дагы бул уюмга кирүүгө арыз берип, мүчөлүккө кабыл алуу процесси башталган.

БРИКС – мамлекеттер аралык бирикме. Ага беш мамлекет: Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка кирет. Уюм 2006-жылдын июнь айында Бразилиянын, Россиянын, Индиянын жана Кытайдын экономика министрлеринин катышуусунда Санкт-Петербург экономикалык форумунун алкагында түзүлгөн.

Экономикалык блокко кошулууга бир катар мамлекеттер ниеттенүүдө. Анын ичинде Аргентина, Иран, Индонезия, Түркия,  жана Египет бар.

Комментарий жиберүү