Талибандын делегациясы биринчи жолу Тажикстанга барды

 Талибандын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялык облусунун административдик борбору Хорог шаарындагы Ооганстандын консулдугуна барды.

Бул тууралуу Талибандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Кахар Балхи билдирди.

Бул кыймылдын өкүлдөрүнүн Тажикстанга сапары тууралуу тастыкталган биринчи маалымат

 Бирок расмий Душанбе бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.”Тышкы иштер министрлигинин каржы жана административдик башкармалыгынын башчысы Хажи Мухаммад Муса Амири баштаган делегация Тажикстандын Бадахшанынын борбору Хорог шаарындагы Ооганстандын консулдугуна барды”, – деп билдирди Талибандын ТИМ өкүлү соцтармактагы баракчасынан.

“Консулдуктун ишине баа берүү менен бирге делегация Ооганстандын консулдугунун имаратын карап чыгып, министрликке реконструкциялоо иштери боюнча маалымат берди. Ооганстандын Хорогдогу консулдугунун имараты жакында болгон кар көчкүнүн кесепетинен жабыркаган”, – деп билдирди Балхи.

Тажикстан Ооганстандын коңшуларынын ичинен азырынча талиптер менен расмий мамиле түзө элек жалгыз өлкө. Кыязы, Кабул да, Душанбе да тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын курчушуна кызыкдар эмес.

Өлкөлөр ортосунда расмий дипломатиялык мамилелер жок болгонуна карабастан, Тажикстан талиптер бийликке келгенден кийин да Ооганстан менен соода-экономикалык байланыштарын улантууда.

Ооган делегациясынын Хорогго сапары келечекте Талибан Тажикстан тарабынан таанылбаса дагы, жок дегенде алар менен прагматикалык мамилелерди курууну билдириши мүмкүн.

Эске салсак, 15-февралдан 19-февралга чейинки аралыкта Тажикстандын аймагында кар көчкү жүргөн. Андан Бадахшандагы Хорог шаары эң көп жабыр тарткан. Табигый кырсыктын кесепетинен Тажикстандын 19 жараны каза болуп, имараттардын бир бөлүгү талкаланып, айрым тургундар үй-жайсыз калышты.

Комментарий жиберүү