Талибан чет элдиктерден калган аскерий базаларды атайын экономикалык аймактарга айландырат

 Талибан кыймылы түзгөн ооган өкмөтү мурдагы чет элдик аскерий базалардын бир бөлүгүн атайын экономикалык аймактарга айландырууну көздөп жатат.

Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазды.

Ооганстандагы экономикалык абал талиптер 2021-жылдын августунда өлкөдө бийликти басып алгандан кийин начарлай баштаган. Негизги себептердин бири Ооганстанга 2000-жылдардын башынан бери жардам берип келе жаткан негизги донор өлкөлөрдүн жаңы бийлик менен кызматташуудан баш тартуусу болду. Ошондой эле эл аралык уюмдардын көбү өлкөдө өз ишин токтотту.

Экономикалык маселелер боюнча премьер-министрдин орун басары молла Абдул Гани Барадар 20 жылдан бери чет элдик контингенттер жайгаштырылган бир катар мурдагы аскерий базаларды трансформациялоо планын жарыялады.

«Ооганстандын өнөр жай жана соода министрлиги чет элдик айрым күчтөрдүн аскердик базаларын атайын экономикалык аймактарга айландыруу максатында акырындык менен көзөмөлгө алыш керек деген чечим кабыл алынды», – деди Барадар.

Ал долбоор Кабулдагы жана түндүктөгү Балх провинциясындагы базалардан башталарын кошумчалады, бирок чоо-жайын айткан жок.

Эксперттердин айтымында, Ооаганстанда жаратылыш ресурстары, анын ичинде жаратылыш газы, жез жана сейрек кездешүүчү элементтер бар. Алардын баасы 1 триллион доллардан ашат. Бирок бул резервдердин көбү өлкөдө ондогон жылдардан берки туруксуздуктан улам пайдаланылбай келген.

2021-жылдагы төңкөрүш өнүктүрүү фонддорунун кыскарышына, чет элдиктерге таандык Борбордук банктын активдеринин тоңдурулушуна алып келди. Бирок Дүйнөлүк банк экспорт көбөйгөнүн жана талиптердин администрациясы 2022-жылы кирешени негизинен туруктуу кармап кала алганын белгиледи.

Талибан өз кезегинде, алар соода жана инвестиция аркылуу экономикалык өзүн-өзү камсыздоону жогорулатууга багытталганын айтышууда.

2021-жылы августтун башында Талибан кыймылы Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коюп, 15-августта Кабулга кирип, согуш аяктагандыгын жар салышкан. 31-августка караган түнү 20 жылдан бери Ооганстанда турган саясатка чекит коюлуп, америкалык жоокерлер Кабул аба майданын таштап чыгып кетишкен.

Сентябрдын башында убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген.

Комментарий жиберүү