Дүйнөлүк океандын көтөрүлүшүнөн улам бүтүндөй өлкөлөр суу астында калышы мүмкүн

 Эгерде глобалдык температура 2 градуска көтөрүлсө, анда бүтүндөй мамлекеттер Жердин бетинен жок болот.

Бул тууралуу БУУнун кезектеги жыйынында уюмдун башчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Анын айтымында, бул көйгөй арал мамлекеттерине да, мамлекеттердин жээк аймактарына да тиешелүү.

XX кылымда Дүйнөлүк океандын деңгээли мурунку кылымдарга караганда бир топ ылдам көтөрүлүүдө. Ал эми глобалдык температура 2 градуска көтөрүлсө анда бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын изилдөөсүнө ылайык, кийинки 300 жылда суунун деңгээли эки эсе, ал тургай төрт эсеге көбөйүшү мүмкүн.

Глобалдык жылуулуктун азыркы темпинде 2100-жылга чейин Жер планетасындагы мөңгүлөрдүн 68%ы жок болот. Бул тууралуу Science журналында жарыяланган изилдөөдө айтылат.

Климаттын өзгөрүшүнөн улам кайсы жерлер ээнсиреп калат?

Соломон жана Фиджи ээн аралга айланып калышы мүмкүн. Африка өлкөлөрүндө түшүм таптакыр болбой, туризм жана айыл чарбасы түштүк өлкөлөрүндө чоң зыянга учурап, көптөгөн континенттердеги адамдар ачарчылыкка учурайт.

«Кандай гана сценарий болбосун, Бангладеш, Кытай, Индия жана Нидерландия сыяктуу өлкөлөр коркунуч алдында болот. Бардык континенттердеги мегаполистер, анын ичинде Лондон, Нью-Йорк жана Буэнос-Айрес кыйроого учурайт. Жээк зоналарында жашаган дээрлик 900 миллион адам, башкача айтканда, планетанын ар бир 10-тургуну кризиске кабылат», – деп баса белгилеген БУУнун башкы катчысы.

Мындан тышкары, жакын арада Туэйтс мөңгүсү (Антарктидадагы кыямат мөңгүсү) да суунун жылуу болушунан улам эрийт. Бул тууралуу «Nature» журналы жазган. Суу жаракалар менен тешиктерге кирип, муздун чоң кесектери жылына 30 метр ылдамдыкта эрип жатат. Эгер эң чоң мөңгүлөр эрип кетсе, Дүйнөлүк океандын деңгээли 3 метрге көтөрүлөт.

Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын изилдөөсүнө ылайык, жакынкы 300 жылда суунун деңгээли эки эсе, ал тургай төрт эсеге көбөйөт.

Бул процесс биринчи кезекте парник газдарынын чыгындысы менен байланышкан. Европада Дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшү Түндүк деңиздин жээгине: Нидерланды, Бельгия, Улуу Британиянын чыгышына таасирин тийгизип, Венеция булуңу абдан көбөйөт. Мунун негизинде 13 миллиондон ашык европалыктын үйүн суу каптайт.
 
Экологиялык катастрофанын натыйжасында климаттык качкындар пайда болот

БУУнун баш катчысы качкындар жаатындагы эл аралык укукту жана мамлекеттердин аймагынан ажыраганына карабастан мамлекеттүүлүгүн сактап калуу укугун да белгиледи.

Жалпысынан планетанын 130 миллиондон жарым миллиардга чейинки тургундары климаттык качкындарга айланат.

Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, 2050-жылга карата экологиянын эң начар сценарийи боюнча Борбор Азия өлкөлөрүндө жашагандар жаңы жер издөө үчүн өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушат.

Окумуштуулар 2021-жылы деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө байланыштуу жер бетинен жууп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесин түзүшкөн. Ошентип, Кирибати, Вануату жана Соломон аралдары жашоого жараксыз болуп калат.

Тизмеде Россиянын Санкт-Петербург жана Архангельск шаарлары да бар.

Маселени кантип чечүү керек?

БУУнун башчысы глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн алдын алуу үчүн үч багытта иштөөнү сунуштады.

Биринчиден, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү улантуу, биринчи кезекте көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну азайтуу зарыл.

Экинчиден, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр климаттык кырсыктарга көнүү жана туруктуулукту жогорулатуу үчүн ресурстарга ээ болушу керек. Атап айтканда, ал өнүккөн өлкөлөргө климатты каржылоо боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 100 миллиард доллар өлчөмүндөгү милдеттенмелерди аткаруу зарылдыгын эскертти.

Үчүнчүдөн, Гутерриш деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнүн кесепеттери да мыйзам чегинде каралышы керектигин айтты.

Анын айтымында, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн жапа чеккен адамдардын укугун коргоо үчүн иштеп жаткан механизмдерди колдонуу жана жаңы механизмдерди түзүү зарыл.  

Комментарий жиберүү