Экс-президенттер кимдин кечиримине муктаж?

 Президент менен УКМК төрагасынын Дубайдагы окуясы экс-президенттерди бириктирсе да, жөнөкөй калкты кайра бөлөт.

Анткени, Аксы жана 7-апрель кандуу окуяларында жакындарын жоготкондорду ынандыруу мүмкүн эмес. Түпкүлүгүндө, идея туура. Алакандай кыргыз Ала-Тоодо ары сүр, бери сүр болгону тынчтыктын ыргагын бузат. Өнүгүүнү кечеңдетет. Андыктан чыңалган коомду женилдетип, ар кимди өз жолуна салуу керек.

Бирок, саясий окуялардан көз жумган же өмүр бою дарыланып жүргөндөрдү кайда алпарабыз? Алар саясий тарыхтын айныгыс чындыгы, көз жашы жана ачуу тагдыры. Балким, алардын ыраазычылыгын алган кандайдыр бир эрежелерди сунуштап көргөн адилеттүүлүк болоор. Бул эми айыпталган экс-президенттер ойлонуп көрүүчү маселе.

Негизинен, эл өлкөбүздү жылаңачтап, Борбор Азиянын итке минген кедей өлкөсүнө айландыргандарды кечиралбай жатат. Садыр Жапаров айкөл адам болушу мүмкүн, бирок бүгүнкү коомдон ошондой эле айкөлдүктү күталбайбыз. Менимче, “биригүү” демилгеси биринчи этап менен эле бүтүп калбайт. Эч ким “Дубайда жолугушуп, сүйлөшүпсүңөр. Келип, эми жашай бергиле” – дебейт.

Мындай жолугушуулар дагы бир нече жолу өтөт деп ойлойм. Президент элдин тамырын кармап көрүү үчүн алгачкы жолугушуудан азыноолак сөз кылып койсо эле ызы-чуу болуп жатып калдык. Бул туура эмес. Күтө туралы, акыйкаттуулуктун таразасында куштун париги деле оор келген учурга жакындап келатабыз.

Манас Осмон, журналист.

Комментарий жиберүү