Өзбекстан менен Ооганстан Куштепа каналын куруу долбоорунда кызматташат

Өзбекстан президентинин тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов жетектеген делегация 22-мартта Ооганстанга келип кетти.

Делегация өкүлдөрү Талибан өкмөтүнүн премьер-министринин орун басарынын милдетин аткаруучу, Абдул Гани Барадар, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амирхан Муттаки, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Якуб Мужахед жана убактылуу өкмөттүн башка бир катар мүчөлөрү жана экономикалык структуралардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Талкууланган темалар:

▪️эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү;

▪️коопсуздук, чек араны коргоо;

▪️ар кандай жүктөрдү ( анын ичинде ооган аймагы аркылуу транзиттик жүктөдү) ташуунун көлөмүн көбөйтүү;

▪️ суу-энергетика тармагындагы кызматташуу;

▪️аялдардын укуктарын урматтоо жана коргоо, Ооганстанда кыздардын билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо зарылчылыгы;

▪️Термездеги окуу борборунун базасында оогандык кадрларды даярдоо;

▪️Маанилүү транспорттук жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Термез – Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар темир жолун куруу жана “Сурхан – Пули Хумри” маршруту боюнча электр линиясын тартуу.

Соода-экономикалык кызматташтык

Бүгүнкү күндө Өзбекстан Ооганстан үчүн эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, Ооганстан өлкөнүн жалпы экспортунун көлөмү боюнча алтынчы (5%) орунду ээлейт. Өзбекстан Ооганстандын рыногуна негизинен буудай унун жана электрэнергия экспорттойт.

Мындан тышкары, Өзбекстан Ооганстанга жалпы көлөмү 1,3 миң тонна азык-түлүк, дары-дармек жана кийим-кечеден турган гуманитардык жардам жөнөткөн.

Өзбекстан менен Ооганстан Куштепе каналын куруу долбоорунда кызматташат

Абдул Гани Барадар Ооганстан Өзбекстан менен өз ара түшүнүшүүнүн негизинде Амударыяда Куштепе каналын курууну ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу ал Абдулазиз Камилов менен 22-марттагы жолугушуусу учурунда айтты.

Бародар Твиттердеги баракчасына жазгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өзбек тарап Куштепе каналынын курулушу боюнча техникалык жактан кызматташууга даярдыгын билдирген. Долбоорду биргелешип ишке ашыруу менен Өзбекстан эл аралык мыйзамдарга ылайык Амударыянын суусун пайдалануу укугуна ээ болору да белгилүү болду. Барадар каналдын курулушу эки тараптуу мамилелердин бекемделишине салым кошорун белгилеген.

Өзбек басылмалары билдиргендей, долбоордо Куштепе каналынын туурасы 100 метрди, узундугу 285 чакырымды түзөрү көрсөтүлгөн. Курулуш аяктагандан кийин Амударыядагы суунун үчтөн бир бөлүгү Ооганстандын түндүгүндөгү райондорго бурулат. Бир катар эксперттер бул Өзбекстандын бир катар аймактарында суунун тартыштыгын жаратуусу мүмкүн экенин билдиришкен.

Комментарий жиберүү