Садыр Жапаров Россияга каршы санкцияларды сактоо өтүнүчү менен кайрылган америкалык сенаторго жооп берди

Садыр Жапаров Россияга каршы санкцияларды сактоо өтүнүчү менен кайрылган америкалык сенаторго жооп берди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине кыскача маек куруп, анда Кыргызстан Россияга батыштын санкцияларын айланып өтүүгө көмөктөшүп жатат деген билдирүүлөргө комментарий берди. — Америкалык сенатор Роберт Менендес сиздин атыңызга кат жазып, анда Россияга каршы санкцияларды дыкат сактоо өтүнүчү менен кайрылганы тууралуу айрым ЖМКларда маалымат чыкты. Буга чейин кыргызстандык компания Кытайдан дрон же учкучсуз аппараттарды Казакстан аркылуу өткөрүү учурунда кармалганы тууралуу да маалымат чыккан эле. Дегиле өлкөбүз батыштын санкцияларын айланып өтүүгө жардам берип жатат деп шектенүүгө негиз барбы? —…

Прочитайте больше

Эквадордо президенттикке талапкерди атып кетишти (видео)

Эквадордо президенттикке талапкерди атып кетишти (видео)

Эквадордун баш калаасы Кито шаарында шайлоо алдындагы митингден кийин президенттикке талапкер Фернандо Вильявисенсиону атып кетишти. Бул тууралуу El Universo гезити жазды. Басылма өз булактарына таянып кабарлагандай, кол салуу учурунда сегиз киши жаракат алып, жетиси ооруканага жеткирилди. Expreso басылмасы Вильявисенсиону полиция бөлүп берген автоунаага отуруп жатканда атып кетишкенин жазды. Ал полиция тарабынан кайтарууга алынып жаткан талапкерлердин бири болгон. Саясатчы бир жума мурда маңзат сатууга байланышы бар топтор тараптан коркутуулар болуп жатканын айткан. Эквадордун Башкы прокуратурасы шектүү атышуу учурунда…

Прочитайте больше

Иран гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болгонун жар салды

Иран гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болгонун жар салды

“Ирандын коргоо өнөр жайынын адистери гиперүндүү ракетаны жасоо технологиясына ээ болушканын, ракета учурда сыноо баскычында экенин жар салышты. Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги жазды. Ирандын канаттуу ракеталарынын жаңы мууну катары белгилүү болгон бул ракета учурда сыноолордон өтүп жатат. Ал  өлкөнүн коргонуу технологиясында жаңы барак ачат, анткени үндүн ылдамдыгынан да тез учкан мындай канаттуу ракетаны кармоо өтө кыйын”, – деп айтылат маалыматта. Маалыматта бул технологияга жетишүү – ирандык канаттуу ракеталардын ылдамдыгы бир топ жогорулай тургандыгы жана бул ракеталар менен күрөшүү…

Прочитайте больше

Нигердеги козголоң: өлкөдө жаңы өкмөт түзүлдү

Нигердеги козголоң: өлкөдө жаңы өкмөт түзүлдү

 Нигерде бийликти басып алган козголоңчулардын лидери генерал Абдурахман Тчиани өткөөл өкмөт түзүү тууралуу жарлыкка кол койгонун ActuNiger порталы билдирди. “Мекенди коргоо боюнча улуттук кеңештин” төрагасы, мамлекет башчысы 2023-жылдын 9-августунда өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду”, – деп жазылат маалыматта. Кабинетке 21 министр кирди. Ошол эле учурда берилген тизме боюнча саналуу гана адамдардын аскердик наамы бар. Нигердин козголоңчулары тарабынан дайындалган премьер-министри Ламин Зейн Али Махамане билими боюнча финансист. 2003-2010-жылдары каржы министри болуп иштеп, кийин мамлекеттик төңкөрүштөн улам кызматынан ажыраган. Акыркы…

Прочитайте больше

Хиросима менен Нагасаки геатомдук бомба ташталганына 78 жыл болду

Хиросима менен Нагасаки геатомдук бомба ташталганына 78 жыл болду

1945-жылдын августунда америкалык учкучтар Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына атомдук бомбаларды ташташкан. Атомдук жарылуудан жана анын кесепетинен 350 миң калкы бар Хиросимада 140 миң адам, 200 миңге жакын калктуу Нагасакиде 74 миң киши каза болгон. Атомдук бомбалоонун курмандыктарынын басымдуу көпчүлүгү карапайым калк болгон. Япондуктар Хиросима менен Нагасакидеги каргашалуу окуянын курмандыктарын жыл сайын 6-9-августта эскеришет. Америкалык учкучтар Хиросимага “Балакай” деп аталган бомбаны таштап, акыркы 43 секундду санашкан. Ал эми бир аздан кийин башына өлүм келе турган адамдар…

Прочитайте больше

Сауд Аравия элчилиги Иранда ишин баштады

Сауд Аравия элчилиги Иранда ишин баштады

 Сауд Аравиянын элчилиги төрт күн мурда Тегеранда өз ишин кайра баштады. “Сауд Аравиянын элчилиги 6-августа, жекшемби күнү Ирандын борбор калаасында өз ишин расмий түрдө кайра баштады”,- деп айтты Иран тышкы иштер министрлигинин булагы. Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында Пекиндеги үч тараптуу сүйлөшүүлөр Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр жарашуу менен аяктап, жакын арада дипломатиялык мамилелерди баштоо сүйлөшүлүп,  эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачуу чечими кабыл алынган. 6-июнда Ирандын Эр-Рияд жана Жиддадагы элчилиги менен консулдугу…

Прочитайте больше