Евлахта Азербайжан менен карабактык армяндардын делегацияларынын жолугушуусу болду

Евлахта Азербайжан менен карабактык армяндардын делегацияларынын жолугушуусу болду

Евлах шаарында Азербайжан бийлигинин өкүлдөрү менен Карабак армяндарынын жолугушуусу аяктады, деп билдирет РИА Новости Азербайжандын АПА агенттигине шилтеме берип. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Карабакта жашаган армяндарды реинтеграциялоо маселелери талкууланды», — деп айтылат билдирүүдө. Жолугушууга Азербайжан тараптан президент Илхам Алиев март айында Карабак армяндары менен байланыш үчүн жооптуу кылып дайындаган парламент депутаты Рамин Мамедов катышты. Мындан тышкары, делегациянын курамына президенттин бошотулган аймактардагы атайын өкүлүнүн орун басары Башир Гажиев жана президенттин атайын өкүлчүлүгүнүн кызматкери Илькин Султанов да бар. Ал…

Прочитайте больше

БУУнун Баш катчысы Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин айтты

БУУнун Баш катчысы Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин айтты

Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Катчылыгынын имаратында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Антониу Гутерриш Мамлекет башчысы менен учурашып жатып, Кыргызстан менен өзгөчө байланышы бар экенин, анткени ал өлкөгө БУУнун Баш катчысы катары гана эмес, бир нече жолу баргандыгын белгиледи. Баш катчы Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү маселелери боюнча жакшы иштерди жүргүзүп жатканын баса белгилеп, бул багытта биргелешкен иштерди улантууга даяр экенин белгиледи. Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго тоо экосистемаларын коргоо…

Прочитайте больше

Ереванда Карабактын капитуляциясына каршы нааразылык акциясы өтүүдө

Ереванда Карабактын капитуляциясына каршы нааразылык акциясы өтүүдө

Ереванда 20-сентябрь күнү кечинде Карабактын Азербайжанга берилишине каршы жапырт нааразылык акциясы башталды: Армениянын өкмөттүк имаратынын алдындагы аянтта демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун армян кызматы билдирди. Демонстранттар полициячыларга таш жана бөтөлкө ыргытып, ал эми күч органдары союлдарды колдонду. Бир нече киши кармалганы айтылды. Armenia Today басылмасынын кабарлашынча, митингчилер Еревандын борборундагы Маштоц саябанын тосушту. Алар “Арцах, Арцах!” жана “Никол, чыккынчы!” деп кыйкырышты. Полиция Никол Пашиняндын резиденциясы жайгашкан өкмөттүк кварталды курчоого алды. Жикчил Тоолуу…

Прочитайте больше

Илон Маск кишилерде Neuralink нейрочибин сынай баштайт

Илон Маск кишилерде Neuralink нейрочибин сынай баштайт

Миллиардер Илон Маскка таандык америкалык Neuralink компаниясы ушундай эле аталыштагы дарылоо аппаратын сыноо үчүн ыктыярчыларды кабыл ала баштады. Neuralink – бул түздөн-түз мээге орнотулган микрочип. Изилдөөгө жаракаттан же неврологиялык оорудан улам шал болгон адамдар катыша алат. Эгерде сыноолор ийгиликтүү өтсө, алар кайра кыймылдашы мүмкүн. Neuralink микрокомпьютеринин көлөмү болжол менен тыйындай. Анда 3000ден ашык электрод бар, мээге ар бири адамдын чачынан 10 эсе ичке зымдар менен байланышат жана миңдей нейронду башкара алат. АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектерди…

Прочитайте больше